Кылычбек Султанов: «УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ УЧУРДА ЭЛДИН КӨМӨГҮНӨ МУКТАЖ»

Блиц-маек

Азыр өлкөбүздүн тагдыры тараза ташына коюлган чак. Андыктан элинин эртеңине күйүп, өзүнүн оюн көпчүлүккө жеткирүүнү каалаган азаматтар аз эмес. Алардын катарында гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов да бар. Биз аны кыска маекке тарттык.

– Кылычбек мырза, учурда "референдумду кийинкиге калтыруу керек", "жок өлкөнү курч абалдан чыгаруунун бирден-бир жолу – референдум" деген пикирлер болууда. Сиз кандай ойдосуз?
– Учурда референдум сыяктуу иш-чараларды өткөрүү Ош-Жалал-Абаддагы окуялардын кесепетинен кан жутуп турган мекендештерибизди сыйлабастык катары туюлушу мүмкүн. Бирок, чындыгында, ушундай кандуу окуялардын кайталанбашы жана абалдын турукташуусу үчүн тез арада өлкөбүздө күчтүү бийликти орнотуу керек. Күчтүү бийлик дегенде мен кара күчтүн, диктатордун бийлигин эмес, мыйзамдын бийлигин айтып жатам. Мыйзамдуу бийлик гана күчтүү жана туруктуу боло алат. Ал эми бул референдум – ошол мыйзамдуу бийликтин орношуна багытталган эң жакынкы жол.
Тилекке каршы, бийликке жетпей калган кээ бир саясатчылар элдин кызыкчылыгын көздөмүш болуп, элди референдумга каршы үгүттөп жатышат. Алардын ой түбүндөгү тилеги – өлкөдө бийлик кризисин күчөтүп, анын шарапаты менен бийликке жетүү. Референдумдун өтпөй калышы кылмыштуу чөйрөлөрдүн чырагына да май тамызат. Анткени алсыз бийликтин кылмыштуулук менен күрөшүүгө күчү жетпейт.
– Андай болсо Убактылуу өкм­өт­тү таркатылган парламент аркылуу легитимдештирсе болбойт беле?
– Убактылуу өкмөттү парламент тарабынан легитимдештирүү керек дегенди кээ бир саясатчылардын оюну катары кабыл алам. Легитимдештирүү деген сөздү элдин ишенимин алуу деп түшүнүү керек. Ал эми мурунку бийлик элдин ишениминен чыккандыктан, бийликтен кетип отурат. “Убактылуу өкмөттү легитимдештиребиз” деп жаткан парламент дагы элдин ишенимине ээ эмес. Шайланып келиши эле өзүнчө чоң суроо жаратканын эске албаганда деле, кабагым-кашым дебей заматта бааларды 5-10 эсеге кымбаттатып, элди жакырчылыкка түрткөн парламентке эл ишенеби? Менин буга күмөнүм бар. Өздөрү эл ишенимине ээ болбой туруп, кантип эл ишенген өкмөттү шайламак эле?
– Кээ бир саясатчылар коалициялык өкмөт түзүү жөнүндө сунуштарын айтып жатышат...
– Азыр “жок, бизге башка бийлик керек болчу” деп жаткандардын жарытылуу сунуштарын уккан жокмун.
Ансыз деле бүгүнкү Убактылуу өкмөттү коалициялык бийлик деп эсептөөгө болот. Анткени алар бир канча партия, уюмдардын өкүлдөрү. Болгону, бир тилек, идея үчүн бир нече жылдан бери чогуу күрөшүп келишти. Албетте, азыркы бийликти деле сүттөн ак дегенден алысмын. Бирок мындай оор кырдаалда өлкөнүн тагдырын чечүү, жоопкерчиликти моюнга алуу оңой эмес. Дегеле сындоо оңой, а бир нерсени куруу, жасоо кыйын. Андыктан Убактылуу өкмөттү туш тараптан сындай бербестен, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек. Атүгүл көмөк берүү зарыл.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

УЧУРДА ӨЛКӨБҮЗ ҮЧҮН ЭҢ МААНИЛҮҮ НЕРСЕ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?

Ильяз Андаш,
22 жашта, ырчы:
– Азыр эң маанилүүсү бул – биримдик. Бийлик талашуунун тамыры кыркылса жакшы болот эле. Мына ушул “оорунун” залакасынан атпай кыргыз эли жапа чегип жатат. Бирок кыргыз эли чыдамкай келебиз. Сабырдуу болсок, баарын жеңебиз.

Гүланда,
27 жашта, ырчы:

– Мен үчүн элибизге ыймандуу жол башчынын келиши маанилүү. Экономикабыз да он жылга артка кетти окшойт. Андыктан экономикабызды көтөрүү зарыл. Эл үчүн ак кызмат кылгандардын саны көбөйсүн.

Мирбек Атабеков,
23 жашта, ырчы:
– Учурда Кыргызстан үчүн эң оболу референдумдун тынч өтүшү маанилүү деп эсептейм. Референдум ийгиликтүү өтсө, өлкөбүздө стабилдүүлүк орнойт деген ишенимим бар. Бийликке колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ошондо биздин өлкөдө биримдик болот.

Назира Жетигенова,
36 жашта, куудул:
– Жеке эле мен эмес, бүткүл кыргыз элинин тилегени тынчтык болсо керек. Мына ушул нерсе мен үчүн эң маанилүү. Айрыкча шоу-бизнес өкүлдөрү үчүн жаман болду. Өлкөдөгү окуялардан улам даярданып алган концерттерибиз болбой калып жатат.

Тынай Алыбаев,
34 жашта, ырчы:
– Азыр эң маанилүү нерсе – тынчтык. Бөөдө өлүм болбосун, көз жаш төгүлбөсүн дээр элем. Азыр Кыргызстанда эч кимдин иши алдыга жылбай жатат. Чек аралардын баары жабык. Ал эми элибиз соода-сатык менен бутуна туруп келатпады беле.

Айгүл Чалова,
27 жашта, ырчы:
– Учурда элибизге бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдик жетишпей жатат. Кээ бирлер акчага сатылбай, эл-жерин ойлоп, патриоттук сезимдери ойгонушу зарыл. Ошондой эле алдыда боло турган референдум тынч өтүп кетишин тилеп отурам.

Акбар Сүйүнбаев,
25 жашта, ырчы:
– Азыр жаштар бийликке келсин, баары жаштардын колунда деген сайын жаштарыбыз чектен чыгып баратышат. Ошондуктан көптү көргөн карылардын сөзү биз үчүн маанилүү болуп турат.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
alexandra
2010-06-28 04:39:46
Nazira Jetigenova, ayrikcha shou businesstin okuldoruno jaman boldu dep kaysil betin menen ayttin? Oshto kancha adam achka kun kechirip jatat? Mumkun osholorgo jaman bolgondur? Oylonup biraz suyloson
0
асю
2010-06-28 10:24:59
А.С.туура айтат,жаштар аябай эле эрте саясатка аралашып жатышат...
Н.Ж.комментарийи жаккан жок....
0
Саби
2010-06-28 12:10:32
мен да жогорудагы ойлорго кошулам.Анан жаштар -жаштар десе эле биз кыйраттык деп кыйкырып калышты.Ынтымак бар жерде ырыс бар ынтымактуу бололук.Андан кийин-кийин шоу бизнес Назира эже
0
Debi
2010-06-29 11:41:31
Мен да Кылычбектин оюна үн кошот элем. бардыгы жөнүндө айткандары туура
0
Mile
2010-06-29 18:33:41
Менин сунушум Кылычбек Султановго: Ураматтуу супер инфо гезитинин редактору мен Юлдуз Усманованын ыры боюнча сизге айтайын деген оюм бар.Канча кыргыз кордолуп канчоосу олду канчасы дайынсыз жоголуп,канча зордолуп олуп кетти.Ошолор боюнча макала жасап суротторун коюп койсо болбойбу.Эмнеге озбектердин кыргыздарга кылган мыкаачылыгын айткандан жазгандан коркобуз.Супер инфону канча адам окуй
0
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан