ҮЙДҮ ТЕЗ АРАДА ЖЫЛУУЛОО ЫКМАЛАРЫ

Суук түшүп, кыш жакындап келе жатат. Андыктан эл көмүр, отунун камдоого жапырт киришүүдө. Бирок үйдү жылуулабаса отун, көмүр, электр энергиясы үнөм болбостугу, үйдө жашаган адамдар да ооруп калышы бышык. Андыктан үйдү тез арада оңой ыкмалар менен кантип жылуулоого болорлугун Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жылуулук, газ менен камсыздоо жана желдетүү кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору Эркин Боронбаев айтып берет.

ДУБАЛДЫ СЫРТЫНАН ЖЫЛУУЛОО

Пенопласт. Жакшы жылууланбаган дубалдан үйдөгү жылуулуктун 30дай пайызы чыгып кетет. Дубалды жылуулоодо пенопласт жана ага окшошу пеноплекс көп колдонулат. Аларды дубал эмне материалдан тургузулса да колдонууга болот. Арзан, жеңил, бирок өрткө туруксуз, бат күйөт. Эгер сыртынан кар, жамгырдан коргоо үчүн шыбалбаса, анда үбөлөнүп кетет. Жаман жагы – үйдүн ичинен там аркылуу чыгуучу нымды өткөрбөй өзүнүн ички бетинде кармап калат. Ошондуктан ным дубал менен пенопласттын ортосуна чогулуп муз, бубак тоңголок жаралып, жагымсыз жыт чыга баштайт.

Базальт жана айнек кебезинин пластиналары. Аталгандар өрткө туруктуу, узакка кызмат кылат, нымды өзүнө соруп алат. Дубал менен кебездин ортосунда жагымсыз жыт болбойт. Салмагы пенопластка караганда бир аз оор жана кымбатыраак. Бардык дубал түрлөрүнө жарай берет.

Элдик ыкма. Камыш менен жылуулоо. Алгач дубалдын сыртына аралары 70 сантиметрден кылынып рейкалар тике бекитилет. Жакшы кургатылган камыштарды 10-15 сантиметр калыңдыкта ар жеринен байлап, блокторду түзөбүз. Аларды дубалга коюп, бетине майда рейкаларды горизонталдуу түрдө уруп, сыртынан калың кылып шыбап салабыз. Жакшы жагы – бат, арзан бүтөт. Кемчилиги – өрткө туруксуз, кемирүүчүлөр зыян келтирет. Жакшы кургатылбаса чирүү коркунучу бар. Чирүүгө туруктуулугун жогорулатуу жана кемирүүчүлөрдөн коргоо үчүн жез же темир купоростун 3-5 пайыздуу эритмесин чачуу керек.

ТЕРЕЗЕНИ ЖЫЛУУЛОО

Үйдөгү жылуулуктун 20-25 пайызы терезеден чыгып кетет. Андыктан эски терезелерди жаңысына алмаштыруу кажет.

Жыгач терезе. Жыгач эскирип кажып кетсе, жылчыктар жаралып, жылуулук көп жоголот. Азыр көбү 2 катар терезе салышат. Курулуш көбүгү менен жылчык, тешиктерди бүтөөгө болот.

Пластик терезе. Адатта терезелер 2 катар болот. Бирок жылуулук кышта жакшы сакталышы үчүн 3 катарлуусун алсаңыз жаңылбайсыз. Пластик терезе эскирип кетсе, анын тыгыздоочу резинасын алмаштыруу керек. Анткени ал күндүн, нымдын таасири менен катып калат да, жылчыктан жылуулук чыкма болуп калат. Резинасын пластик терезе жасагандардан тапса болот.

СЫРТКЫ ЭШИКТИ ЖЫЛУУЛОО

Азыр сырткы эшиктер темирден жасалууда. Темир пластиналардын ортосундагы жылуулоочу катмар (материалдары кебез, пенопласт жана башкадан болот) жетишерлик өлчөмдө болбойт. Анын үстүнө эшиктин көп жерлеринде андай катмар жок болот. Ошол жерлерден жылуулук чыгып, ным, бубак болуп турат. Андыктан эшиктин сыртына жука жыгач тактай каптоо керек. Эшик оор болуп калганы менен, жылуулук жакшы сакталат.

Эшиктердин ортосундагы өтмө аралыкты – тамбурду куруңуз. Ал ич жакка муздак абанын, түтүндүн жана жыттын өтүшүнөн коргойт.

ШЫПТЫ ҮСТҮНӨН, ЧАТЫР ТАРАБЫНАН ЖЫЛУУЛОО

Курулуш көбүгү. Бул жакшы материал, болгону сыртынан ным өткөрбөөчү материал менен коргоо кажет. Болбосо күн, нымдын айынан үбөлөнүп калат. Үстүнөн басып жүрүүгө да болбойт, анткени борпоң, сынып басырылып калат.

Көбүк-бетон. Курамында цемент, алюминий пудрасы бар көбүк-бетонду шыптын сыртынан куюп койсо да жакшы. Бул нымды өзүнө чогултуп, аба ырайына жараша ал ным бууланып кетип турат. Мурун керамзитти көп колдонушчу, азыр ал Кыргызстанда чыгарылбайт, сырттан алынып келингендери кымбат.

ЖЭКтин күлү. Бул арзан болгону менен, адамга зыяндуу радиацияны, газдарды бөлүп чыгарат. Жакшы жагы – жылуулукту тосуп, чыгарбай турат.

Минералдык кебез. Муну менен шып арзан жана оңой жылууланат, чатыр ичинде басып жүрүүгө болбойт. Себеби кебез ныкталып, жылуулукту тосуп туруусу азаят. Нымга, өрткө туруктуу, бирок үстүн коргоо керек. Айта кетчү нерсе, чатыр алдындагы дубалдын чыгып турган жерлерин да минералдык кебез менен жабуу керек. Болбосо үйдүн дубалы менен шыптын ички бурчтарын көк басып баштайт. Көк эшиктин, терезенин бурчтарында да пайда болушу мүмкүн. Көк болсо адамга аллергия сыяктуу ооруларды алып келет.

Шыпты ичтен жылуулоого болбойт. Мисалы, пенопласт какса, андан үстүнкү катмарлардын арасы муз болуп калат.

ПОЛДУ ЖЫЛУУЛОО

Көбүк-бетон. Жер тамдарда полу топурактан болсо кээ бирлер көбүк-бетонду колдонушат. Куйгандан кийин ал камырдай көтөрүлөт. Үстүнө жыгач пол, ламинат, паркет койсо болот. Көбүк-бетонду куярдан мурда жерден ным өтпөшү үчүн кара кагаз (толь) төшөлөт. Көбүк-бетон 10-15 күндө кургайт.

Жыгач пол. Эгер пол жыгач тактайдан болсо, анда аны чыгарып, астына жылуулоочу катмар жасоо керек. Мисалы, пенопласт, камыш, рулондуу минералдык кебез. Бирок ошол катмар полдун тактайларына тыгыз тийип турушу зарыл. Болбосо жылуулукту сактоосу начар болуп калат.

Негизи пол астындагы топурак ным болбошу зарыл. Ошондуктан топурак үстүнө 7-10 сантиметр калыңдыкта шагыл төшөлүүсү керек.

Бетон пол. Пол бетондон куюлган болсо үстүнө көбүк-бетон куюлат, же рейкаларды коюп, алардын ортолоруна минералдык кебезди төшөп, үстүн тактай, паркет же ламинат менен жабуу керек.

ПАЙДУБАЛДЫ СЫРТЫНАН ЖЫЛУУЛОО

Пенополиуретандын борпоң эмес пластинкаларын колдонууга болот. Аларды бири-бирине жана пайдубалдын бетонуна тыгыз кылып бекитүү керек. Көбүктөнүүчү суюк материалдарды чачып жылуулоого болбойт.

МАНСАРД БӨЛМӨЛӨРДҮН ЧАТЫРЫНЫН ИЧИН ЖЫЛУУЛОО

Пенополиуретандын суюк түрүндөгүсүн (чачыратма) колдонуп жүрүшөт. Бул начар ыкма. Себеби чатырдын конструкциялары температуранын, шамалдын, жер титирөөлөрдүн таасири менен кыймылдап, куюлган катмар бузулат. Жылчыктар пайда болот. Минералдык кебез менен жылуулоо дурус.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
777bazamat
2018-10-16 09:43:26
камыш менен жылулоо аз акча керек болуш керек
+2
nur...nur.
2018-10-16 10:37:23
Мансард крышаны жылуулону кененирек жазгылач аябай керек болур жатат
+2
Byrmachach
2018-10-16 12:33:50
Өтө пайдалуу кеңеш үчүн рахмат)
+2
Jin1209
2018-10-16 22:53:44
Биздин уй бышкан кирпичтен салынган дубалдар жайы кышы муздак, уйдун жылышы эле бир кыйын кенеш бериниздерчи?
+1
Jin1209
2018-10-16 22:54:03
Эмнеге жазсам кетбейт
0
munduz2016
2018-10-20 21:10:08
Жакшы кеңештер экен.
0
salmankg13
2018-10-21 03:24:10
Соонун
0
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан