Өмүрбек Текебаев: «ОРТО АЗИЯДАГЫ АЛДЫҢКЫ ӨЛКӨГӨ АЙЛАНАБЫЗ»

Маанилүү маек

27-июнь – жалпы элдик референдум, өлкөбүздүн тагдыры чечилчү күн. Анын маанисин баарыбыз эле түшүнүп жатабызбы? Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен бирге бул суроого жооп издедик.

КЫСКАЧА
– Иш күнүңүз эмнеден башталат?
– Бир нече айдан бери конституциялык реформа деген сөз менен башталып, ошону менен аяктап жатат.
– Интернет сиз үчүн?
– Маалыматтын булагы.
– Кандай кийимде өзүңүздү эркин сезесиз?
– Спорттук кийимдерде. Бирок минтип чиновниктин кийиминде жүрүүгө аргасызмын.
– Коомдук унаага канчадан бери түшө элексиз?
– Түшө элегиме көп болду.

– Өмүрбек Чиркешович, түштүктөгү окуялардан улам жалпы кыргыз элинин маанайы начар болуп турат. Алар референдумга келишеби?
– Референдум 27-июнга белгиленген. Аны өткөрүүдө чоң тоскоолдуктар турат. Биринчиден, эл жайында саясий апатияда болот. Түшүндүрүп айтсам, студенттер окуусун бүтүп, каникулга туш-тарапка тарашат. Кызматкерлердин көпчүлүгү жайкы эс алууга чыгып же эс алууну көздөп калышат. Экинчиден, ички жана тышкы миграция бизде күчтүү. Мисалы, Баткендин калкын алалы. Ал жерде жай айларында эмгекке жарамдуу калктын көпчүлүгү өлкөбүздүн башка аймактарында, Казакстан, Орусия өңдүү өлкөлөрдө болот. Ошондой эле элдик бийликтин мыйзамдуу түрдө орношуна каршы күчтөр ар кандай жаңжалдарды чыгарып, референдумга тоскоол болууга аракет кылып жатышат.
Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ар бир үйгө кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн учурда кайда жүрүшкөнүн аныкташууда. Шайлоочуларга Кыргызстандын кайсы аймагында жүрбөсүн, паспортун алып келип добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк бердик. Чет жерлерде 38 шайлоо участогун ачып, ал жердеги мекендештерибизге да добуш берүүгө шарт түздүк.
– Бул бир эле адамдын кайра-кайра добуш бере берүүсүнө алып келбейби?
– Карусель деп коёт эмеспи. Аны унуткан жокпуз. Ошондуктан баш бармактарды маркировкалоо ыкмасын калтырдык.
– “Ушундай трагедия болуп, жүздөгөн мекендешибиз каза тапса, азыр референдум өткөрүү адамгерчиликке жатпайт. Жок дегенде каза тапкандардын кыркы өткүчө күтө турсак болбойбу?” дегендер болууда...
– Ооба, мындай пикирлер бизге деле жетип жатат. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү курман болгондордун жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт. Бул коогалаңды баштаган журт бузарларды таап, жоопко тартууга колунан келген аракетин көрөт.
Кыргызстан азыр “өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” деген абалда турат. Биз бул кризистен чыгып кетүүнүн 6 айга чектелген программасын сунуш кылганбыз. Ал – референдум жана парламенттик шайлоо.
Референдум – өлкөдөгү саясий татаал кырдаалды стабилдештирүүгө, чиеленген абалды чечүүгө багытталган иш-чара. Бирок кыркы өтсүн деп күтө тургандай референдум той-тамаша эмес. Тескерисинче, дал ушундай кыргынга алып келген кырдаалдан чыгуунун жападан жалгыз жолу. Эгер Убактылуу өкмөттүн атынан айтсак, “булар өз кызыкчылыгын ойлоп жатышат” дегендер чыгышы мүмкүн. Муну дүйнөдөгү буга окшогон жүздөгөн конфликттерди басып, жаңжалдарын чечип келген БУУ, Европа шериктештигинин өкүлдөрү айтышууда. Алар “бир күн да кечиктирбегиле” дешүүдө. Анткени бул жаңжал улуттар аралык эмес, саясий негизде. Ал чатакты баштагандар өлкөдөгү абалды курчутуп, референдумду үзгүлтүккө учуратып, кайра бийликке келүү аракетин көрүштү. Мисалы, Ислам Каримов: “Өзбек-кыргыз бир тууган эл. Бул этникалык конфликт эмес, анын түпкүрүндө саясат жатат. Чагымчылардын максаты – Өзбекстанды да бул чатакка тартып, аралаштыруу болду. Бирок биз андай провокацияга алдырбайбыз”,- деп билдирди.
– “Эркектер эптей албай жатканда аял эмнени кыйратмак?” деп Роза Отунбаеванын президент болуп шайланышын колдобогондор болууда. Сиздин да кулагыңыз чалып жаткандыр?
– Биз сунуштаган Конституция Орто Азияда буга чейин болгон эмес. Ал кабыл алынып, өлкө ошол мыйзам боюнча иш алпара баштаса, Орто Азияга таасир эте турган прогрессивдүү алдыңкы өлкөгө айланабыз. Бул ар бир атуул сыймыктанчу иш болот.
Ошондой эле биз КМШ аймагында биринчи жолу аял кишини кыйын кезеңде президент кылып шайлап жатабыз. Бул аялзатынын коомдогу жана үй-бүлөдөгү ролун өзгөртө турган чоң тарыхый окуя. Өлкөнүн башына кыйын күн түшүп, эркектер эптей албай жаткан кезде аял кишинин келип абалды оңдогону чоң окуя. Бул кыргызстандыктардын аялга болгон мамилесин түп-тамырынан өзгөртө турган нерсе.
– Эгер Кыргызстан тынчтык орнотуучу күчтөрдү аймагына киргизсе, өзүн Ирак, Ооганстан өңдүү торго салып бербейби?
– Чатак чыккан түнү биз таң атканча жыйын өткөрдүк. Буга чейин да чатактар болуп келди. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери буйрукка баш ийбей, милдетин аткарбай койгон учурлар көп болуп кетти. Кейиштүү бул окуяларды эске алып, тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүү өтүнүчү менен Орусияга Роза Исаковна кайрылмай болду. Мен “бир-эки күн коё туралы. Эгер өзүбүздүн алыбыз жетпей баратса, анда кайрылалы” дедим. Анда Роза эже “эгер алыбыз жетпей калсачы?” деп суроомо суроо узатты. Мен жооп таппадым. Анткени бизде коопсуздук системасынын абалы өтө кейиштүү экенин билебиз. Мисалы, милиция кызматкерлери үйлөрүнөн чыкпай коюп жатышат. Офицерлер тескери карап басып кетишүүдө. Күндүз өкмөттүн буйругун аткарып, түнкүсүн провокаторлор менен палоо жеп, план кургандарга күбө болдук. Коопсуздук, коргонуу, укук коргоо системасы чабал экенине, ушундай кокустук кырдаалда ыкчам аракет көрө албасына көзүбүз жетти. Андыктан бул системаны бийликтегилердин байлыгын, бийлигин коргоо үчүн эмес, элге кызмат кылып, тынчтыгын сактай турган системага айлантышыбыз керек. Ушундай кейиштүү жыйынтыктардан улам Роза эже Орусияга кайрылды. Бирок элибиздин акылмандыгы менен бул абалдан өз күчүбүз менен чыктык. Мындан ары тынчтык орнотуучу күчтөрдү өлкөгө киргизүү маселеси көтөрүлбөйт деген үмүттөмүн.
– Ар бир президентибиз көрүнгөн өлкөдөн жан соога сурап кача бербеси үчүн эмне кылуу керек?
– Ошол үчүн тең салмакташкан, атаандаштыкка, парламенттик демократияга негизделген системаны сунуштап жатабыз. Менин оюмча, Роза Исаковна биринчи аял президент гана болбостон, мыйзамдуу түрдө мамлекеттик бийликти кийинкиге өткөрүп бере турган Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы президент болот.
– Азыр кошуна өлкөлөр, айрыкча Казакстан менен Өзбекстан “элдик бийлик илдетин жуктурат” деп Кыргызстандан чочулап жатышкандай. Сиз кандай ойлойсуз?
– Бул өлкөлөрдүн саясий элитасы ар кандай ойдо болушу мүмкүн. Бирок биз бул өлкөлөрдүн жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Анткени Кыргызстанда мындай кырдаал болуп турганда алар сабырдуулук, акылмандуулук менен мамиле кылып, абалды стабилдештирүүгө чоң жардам беришти.
– Максим Бакиевди Лондон Кыргызстанга бербей, тескерисинче, баш паанек берсе Убактылуу өкмөт кандай кылат? Анткени Орусияга деле Березовскийди бербей коюшпады беле?
– Курманбек Бакиевге жана анын кылмыштуу иштерге аралашкан туугандарына, жакындарына кылмыш иши козголгон. Аларды кармоого көмөгүн берген жарандарга 100 миң долларга чейин акчалай сыйлыктар убада кылынган. Биз мыйзам чегинде, эл аралык келишимдердин негизинде аларды кармап, жазалоого аракет кылабыз. Мына, Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы “Адилеттүү Орусиянын” өкүлү “Орусия Курманбек Бакиевди кармоо үчүн Кыргызстанга жардам бериши керек” деп чыкты. Ошентип, чет жакта да Бакиевдерди жоопкерчиликке тартууну талап кылган күчтөр жарала баштады.
– Футболдо кайсы командага күй­өрман болуп жатасыз?
– Өзүм спортко көп кызыга бербейм. Анын үстүнө азыркы кырдаалда футболду кубалап көрүүгө мүмкүнчүлүк да, маанай да жок.
– Үй-бүлөңүздүн коопсуздугун кантип камсыз кыласыз?
– Кудай сактасын дегенден башка айлабыз жок. Ошентип эле жашап жатам.
– Маек аягында окурмандарыбызга эмне деп кайрылар элеңиз?
– Биз референдум жолу менен тынчтыкты орнотобуз, провокаторлорго сокку урабыз! Андыктан гезитиңердин ар бир окурманын, жалпы Кыргызстандын атуулдарын бүгүнкү кырдаалдын тарыхый экенин, өзүнүн референдумга келип катышышы мамлекеттин тагдырын чечүүчү иш экенин түшүнүп, добуш берүүгө чакырам.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
асю
2010-06-28 10:19:52
ой кудай сактап аман эле болсок болду.....
0
kansuluu
2010-06-28 10:38:01
Биз ишенчээктер баарына эле ишене беребиз! Азырынча эч нерсе айта албайм, баарын убакыт корсотот урматтуу Омурбек Чиркешович!
0
Debi
2010-06-29 11:34:38
Кудай сактасын дегенден өткөн айла барбы? Ушинтип эле Кудай анан эл деп эле турсаңар эле оңолобуз.
0
maradona
2010-07-03 13:35:40
Эх Омуке омуке буга чейин канча нерсени айтып келдиниз экен эми ушул создорунузго ким канчалык денгеелде ишенет экен
0
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан