КҮЧТҮҮ АЙМАКТАР – КҮЧТҮҮ МАМЛЕКЕТ. “КУМТӨРДҮН” ЭКОНОМИКА МЕНЕН СОЦИАЛДЫК ДОЛБООРЛОРГО КОШКОН САЛЫМЫ

“Кумтөр” компаниясы көп жылдардан бери жалпы Кыргызстандын бюджетинин негизги түзүүчүсү гана болуп чектелбей, маанилүү социалдык долбоорлорду Ысык-Көл облусундагы тургундардын бизнес-демилгелерин, экологиялык коопсуздукту каржылап келет. Алтын кен казуучулар жергиликтүү калк менен тыгыз байланышта болуп, зарыл көйгөйлөр жаралган учурда жигердүү жардам берип да келе жатат.

“Кумтөр” өзүнүн кадр саясатын социалдык жоопкерчиликти түшүнүү менен жүргүзүүдө. Кендеги кызматкерлердин көпчүлүгү Ысык-Көл облусунун тургундары. Мындан сырткары өндүрүштө жумуш орундар пайда болгондо да жергиликтүү жашоочуларга артыкчылык берилет. Эң башкы жана жалгыз талап – адис тиешелүү квалификацияга жана тажрыйбага ээ болушу шарт.

Компаниянын ишмердүүлүгүнө керектүү товарларды жана кызматтарды сатып алууда да дайыма жергиликтүү ишканаларга артыкчылык берилет. Кендин муктаждыктары үчүн азык-түлүк, керектелүүчү материалдар жана жалпы багыттагы колдонуучу буюмдар сатылып алынат. Кыргызстандын аймагында өндүрүлбөгөн же керектүү өлчөмдө өндүрүлбөгөн товарлар гана сырттан атаандаштык баада сатылып келинет.

Экологиялык коопсуздук кенди иштетүүнүн негизги шарттарынын бири. “Кумтөр” айлана-чөйрөгө таасири эң төмөнкү чекте болушуна умтулат. Алтын издөөчүлөрдүн аракеттеринен жаратылыш жабыркабашы керек. Бийик тоолуу экосистеманын уникалдуулугу кылдат жана такай көзөмөлдөөнү талап кылат. Ишканада зыяндуу чыгындылар чыкпашына же айлана-чөйрөгө коркунучтуу таасир жаралбашына кепилдик берген заманбап технологиялар колдонулат. Компаниянын ичинде коопсуздукка болгон талаптардын катуулугунан көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча “Кумтөрдүн” өндүрүштүк калдыктары зыянсыз же өз көрсөткүчтөрү боюнча Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарында жол берилген нормадан бир топ төмөн.

“Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүнүн негизги аймагы – Ысык-Көл облусунун тескей бөлүгү. Кен Жети-Өгүз районунда жайгашкан. Компаниянын өкүлдөрү бул аймактын жана Балыкчы шаарынын тургундары менен такай катнашта болууга жана аларга түрдүү жардамдарды берип, эң алгач социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып келет. “Кумтөрдө” өкмөт эле эмес, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар жана жалпы эле кеңири коомчулук менен чогуу кызматташууга өтө көп көңүл бурулат. Бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү мамиледе болуу өтө маанилүү”,- дешет компаниянын жетекчилери.

Социалдык программаларды ишке ашырууга жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоого багытталган өз ишмердүүлүгүндө “Кумтөр Голд Компани” Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясын” карманат. Быйыл бул багытта көптөгөн маанилүү иштер жүзөгө ашырылды.

2018-жылы “Карагат” долбоору улантылды, ал Ысык-Көл облусундагы калктын экономикалык абалын жакшыртууга багытталган. Дыйкандар үчүн жаңы күнөсканалар курулуп, фермерлер үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ал эми август айынын башында “Кумтөрдүн” колдоосу менен жыл сайын өтүүчү жер-жемиштер фестивалы өткөрүлүп, бул фестивалда долбоордун беш жылдык ишмердүүлүгү жыйынтыкталды.

“Жаштардын ишкердиги” долбоорунун алкагында донорлордун колдоосу менен 18 бизнес-демилге каржыланып, анын аркасында аймакта ондогон жумуш орундары түзүлдү. Жаш муун өкүлдөрүнө жоопкерчиликти өзүнө алып, Ысык-Көл облусунун экономикалык өсүшүнө өбөлгө болуу сунушталды. Кечээки студенттердин ойлору ишке ашып тим болбостон, ушул тапта туруктуу киреше алып келүүдө.

“Бир айыл – бир продукт” долбоору өнүгүүдө. Бул долбоорго Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун миңден ашуун өндүрүшчүлөрү катышат жана жакынкы убакта жергиликтүү сырьёдон айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүүчү кошумча цехтер ачылмакчы.

«BIO.KG», «Ысык-Көл облусунда билим берүү деңгээлин жогорулатуу» сыяктуу дагы көптөгөн долбоорлор “Кумтөр” тараптан туруктуу негизде каржыланууда. Калк демилгелерине жооп катары, компания бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте приоритеттүү багыттарды тандап алат жана бул ишмердүүлүк ар кылдуу. Жергиликтүү элдин сабаттуулугун жогорулатууга, өз ишин ачуу үчүн грант алууга шарттары бар. Бул автоунаа оңдоочу станция, конок үйү, менчик бала бакча же дүкөн болушу мүмкүн. Ал эми бутуна туруп, бизнесин дагы кеңейтүүнү пландаган ишкерлер Кыргызстандагы эң төмөн үстөк пайыздар боюнча өнүгүүгө насыяларды ала алышат. Ысык-Көл облусунда “Кумтөр” негиздеген чакан насыя агенттиктери ушул принципте иштейт.

Социалдык долбоорлор өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Аймакта көйгөйлөр көп жана алардын баарын заматта чечүү мүмкүн эмес. Кечиктирилгис жана так аракеттерди талап кылуучу маселелер кызматташтык боюнча аймактык комитеттердин жыйындарында аныкталат. “Кумтөр” туруктуу негизде Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы каналдарды жана суткалык жөнгө салуучу бассейндерди тазалоого оор техникаларды бөлүп берет. Бул жергиликтүү фермерлер эң көп суранган долбоорлордун бири. “Жеткиликтүү ичүүчү суу” алкагында жылына жок эле дегенде бир долбоор каржыланат.

Жаштардын спорттук демилгелерин арттыруу үчүн каражаттар бөлүнүп келе жатат. 2013-жылдан бери “Кумтөрдүн” колдоосу менен аймакта 7 футбол талаасын куруу каржыланган.

Кошумчалай кетсек, ушул жылы “Кумтөр” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү жигердүү колдоду. Компания оюндардын башкы демөөрчүсү болуп, уюштуруучуларга колдоо көрсөттү.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан