АДИСТИН КЕҢЕШИ. “КАН КОЮУЛАНЫП КЕТСЕ ЖҮРӨКТӨ ООРУ ЖАРАЛАБЫ?”

Окурмандардан келген суроолорго Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы дарт аныктоо жана кеңеш берүү эмканасынын кардиоревматологу Зияда Түнгатарова жооп берди.

“КАН КОЮУЛАНЫП КЕТСЕ ЖҮРӨКТӨ ООРУ ЖАРАЛАБЫ?”

– Менин көбүнчө уйкум канбай, башым ооруп, ойлонгондо да көңүлүмдү бир жерге топтой албай кыйналам. Райондогу врачка көрүнсөм “каның коюуланып кеткен” деди. Мен дайыма эле ушундай абалда жүрүп калдым. Бул эмнеден улам болот? Врачтын айтуусу боюнча, аспирин эле ичип коём. Кан дамамат коюулана берсе жүрөк оорусу жаралабы?

Назар, 56 жашта, Сокулук

– Медицинада кан коюуланып кетет деген термин жок. Кан басым көтөрүлгөндө кан тамырлар ичкерип кан батпай калат. Эгерде жогорку кан басым (гипертония) жана стенокардия оорусу бар болсо, күнүгө ацетилсалицил кычкылы (аспирин) таблеткасынын төрттөн бир бөлүгүн ичип жүрүү керек. Эгер ашказан оорусу бар болуп, аталган дары жакпаса, анда күнүгө кардиомагнил (75 миллиграммдык) таблеткасынан бирди ичип жүргөн туура.

Кан басым көтөрүлө берсе жүрөк оорусунун жаралуусу мүмкүн.

“ГИПЕРТОНИКТЕР ООРУТУУНУ БАСУУЧУ ДАРЫЛАРДЫ ИЧПЕШИ КЕРЕКПИ?”

– Мен жогорку кан басым оорусунан жапа чегем. Угушума караганда, оорутууну басуучу дарыларды мага ичүү зыян экен. Ооруну күчөтөт имиш. Мунун канчалык чындыгы бар?

Камила, 46 жашта, Ош

– Мүмкүн болушунча оорутууну басуучу дарыны ичпөө керек. Анткени ал кан басымды көтөрүп, жүрөк-кан тамыр ооруларына тескери таасир этет.

“АНГИОГРАФИЯНЫН ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?”

– Мага врач “жүрөк ооруң бар, коронарографиядан өтүшүң керек” деди. Аны ангиограф аппараты менен тартат экен. Ангиография кантип жүргүзүлөт, канча убакытка созулат? Наркоз берилеби? Зыяны жокпу адамга? Коронарография деген эмне?

Алмаз, 49 жашта, Ош

– Ангиограф аппараты жүрөктүн коронардык кан тамырларынын кайсы жеринде холестерин түйдөкчөсүнүн туруп калгандыгы (холестериновые бляшки) жана кандын уюп калгандыгын тактоо үчүн колдонулат. Бул ыкма – коронарография деп аталат. Аппаратка тартууда наркоз берилбейт, оорутууну сездирбөөчү дары сайылып, жоон сандагы же колдогу күрөө кан тамырга ичке кататер киргизилет. Ал кататер жүрөктүн кан тамырларына контрасттык суюктукту жеткирет. Ошону менен кан тамырлар текшерилет. Бул 40 мүнөттөн 1 саатка чейин созулат.

“СОЛ КОЛУМ ЧЫМЫРАП ООРУП, ЖАКШЫ КЫЙМЫЛДАБАЙТ”

– 6 айдан бери сол колум чымырап, жакшы кыймылдабай калып жатат. Көкүрөгүм сайгылашып оорутат, демигем, муздак тер басат. Тааныш врачым “бул жүрөк оорунун белгилери” дейт. Аныкы туурабы? Диагноз койдуруу үчүн кандай текшерилүүдөн өтүшүм керек?

Болот, 39 жашта, Нарын

– Колдун чымырап оорушу – бул остеохондроз оорусунун белгиси. Ал эми көкүрөгүңүз сайгылашып оорутса, демиксеңиз, муздак тер басса, анда сизде жүрөктүн стенокардия оорусу бар болушу мүмкүн. Так диагноз койдуруу үчүн кардиологго кайрылып, ЭКГ (электрокардиограмма), эхокардиография жасатууңуз кажет.

“КЫЗЫЛ ЖҮГҮРҮК ООРУМ КАРМАП ЖАТАТ. ЭМНЕ КЫЛАМ?”

– Мен кызыл жүгүрүк оорусу менен ооруйм. Суукта, нымда оорум кармайт. Учурда да кармап жатат. Бул эмнеден пайда болот? Биротоло дарылап айыктырууга мүмкүн эмеспи?

Бурулай, 38 жашта, Жалал-Абад

– Аталган дартты стрептококк бактериялары пайда кылат. Стрептококк пайда кылчу ооруларга ангина, гайморит, ларингит кирет. Аталган дарттарды убагында дарылабай койсо же оорулар бат-бат кармай берсе кызыл жүгүрүк жаралуусу мүмкүн. Бактериялар кан менен барып, муундарды, жүрөк-кан тамыр системин жабыркатат. Дартты биротоло айыктырууга мүмкүн же мүмкүн эместиги стадияларга жараша болот. Ооруңуз кармаса кайра врачка барууга туура келет.

“КАН БАСЫМЫМ КӨТӨРҮЛӨ БЕРЕТ”

– Врач жазып берген дарыларды ичсем деле эмнеге кан басымым көтөрүлө берет? Тамак-аштан болушу деле мүмкүнбү?

Элмира, 57 жашта, Таш-Көмүр

– Сыягы, сиз ичип жаткан дарылардын дозасы жетишерлик эмес же башкасына алмаштыруу кажет. Майлуу, туздалган, ышталган тамак-аштан да кан басым улам көтөрүлөт. Андыктан тузду аз колдонуп, ышталган, маринаддалган, куурулган азыктарды, майлуу этти жебеш керек.

“ГИПЕРТОНИККЕ ВИАГРА ИЧСЕ БОЛОБУ?”

– Менин жогорку кан басым оорум бар. Дары ичем. Мен бел кубатты көтөрүүчү каражатты (виагра, импаза) кээде ичип койсом болобу? Өлүмгө жеткирбейби?

Кубан, 52 жашта, Ош

– Бел кубатты күчөтүүчү каражаттар, мисалы, виагра, импазалар кан басымды көтөрүп, жүрөктүн согушун ылдамдатат. Андыктан жогорку кан басым оорусу барларга сунушталбайт, болбойт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан