СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бактиярдын жанына чуркап барып:
– Кандайсың?- дедим энтигип.
– Жакшы, эмне болду?- деп суз кабыл алды.
Мен таарына унчуктум:
– Эч нерсе болгон жок, сени көрүп эле… Ден соолугуңду сурап койсом да болбойбу?
Бактиярдын “мен шашылыш элем” дегени жанымды кашайтты. Анын моюнуна асылып кучактагым, эркелегим келди. Бирок кайдыгер мамилесинен өзүмдү токтоттум.
– Бактияр, гм... токтосоң. Сенде сөзүм бар эле…- дедим шашылып.
Эч кандай сөзүм деле жок болчу, болгону жанымдан кетиргим келбеди.
– Айтпайсыңбы батыраак, шашылышмын дедим го. Азыр Замира эжем көрүп калса дагы «проблема» чыгат. Өткөндө базарда жүргөнүңдү көргөн экен, мени аябай тилдеди. Жолугуп жүрөт окшойсуң деп шектенип жатат.
– Эмне, бул сенин эжеңдин менчик базары бекен. Каалаганымдай жүрөм.
– Макул… бол эми айтпай­сыңбы?
– Бул жерде эмес, башка жерден жолугалычы?- көзүмө жаш айланды.
– Дагы кандай сөз? Деги сенин сөзүң түгөнбөйбү?
Бул учурда ага кимдир бирөө чалып, сүйлөшүп кирди:
– Алло, бул ким?.. Бактыгүл? Аа, кандайсың, жакшы… жакшы… Өзүң кандай жүрөсүң? Мен азыр базардамын. Сага он мүнөттөн кийин өзүм чалам. Ооба… Шашпай сүйлөшөбүз…
Ушинтип сүйлөшүп жатты. Ичимди өрт-жалын каптап, кызганыч көөдөнүмдү бууп, колдорум титиреп жатканы өзүмө туюлуп турду. Бир убакта сүйүп-күйүп, мен үчүн жанын курмандыкка чалганга даяр Бактияр эми минтип мени угууга убакыт таппай калганы ичимди ачыштырды. Мага убактысы жок экен да, кайдагы Бактыгүл деген кыз менен шашпай сүйлөшөт имиш.
– Анан жолугабыз,- деп бетимден аста өптү да, базар аралап кирип кетти. Ичим туз куйгандан ачышып кала бердим. Максатсыз эле базар аралап баратып, эжесинин ордунда анын кызы отурган экен, жанына барып:
– Бактияр келдиби?- деп сурадым.
– Азыр келип кетти,- деди ал мени бутумдун учунан, башыма чейин карап алып.
– Ка-ап, соткамды үйгө унутуп келиптирмин. Бактияр экөөбүз жолугушмак элек, дарбазанын сыртында күтөм деген болчу,- деп калп айттым. Менин сөздөрүмдү апасына айтып барсын, ал эки эсе шектенип, инисин акмалап отурсун деп ойлодум. Аңгыча кайнежем келип калды. Мен кара көз айнек тагынып, спорттук кийимчен жүргөн элем.
– Мени тааныдыңызбы?- дедим жүзүнө тигилип.
– Маликасыңбы?- эриндери титиреп кетти.
– Ооба, Бактияр кайда?- дедим анткорлонуп.
– Билбеймин,- ал менден бетер анткорлонуп жооп берди.
– Билесиз, керек болсо анын ар бир кадамын текшерип отурасыз. Башка ишиңиз жокпу?
– Ай, кыз, сенин ишиң болбосун. Ал менин тууганымдын баласы, ата-энеси көз салып жүр деп мага дайындаган. Эмне ишиң бар менде?- ачуулана баштады.
– Ооба, көз салып жүр деп айтышкан, бирок турмушун буз дешкен эмес.
– Айтаар сөзүң ушулбу?- аялдын сары жүзү кызарып кетти. Бул мага аябай жакты, дагы ачуусуна тийгим келип:
– Бирөөнүн баласына садага кетпей, өзүңдүн иниңди карап албайсыңбы? Мени улуу деп жерип, кандай экенимди жакшылап билбей туруп артымдан ушактап, түбүмө жеттиң. Мына билип ал, иниң эрден чыккан, өзүнөн улуу келиндин артынан кетиптир.
– Ошону угуп, табалаганы келдиңби?
– Жөн эле келдим, жолугуп калдың эле айтып коёюн деп жатам.
– Кайдагы жокту мага чаптап, бети жок кыз турбайсыңбы…- деп оозуна кирген сөздөр мага асылып жатып калды. Анын сөзүнө териккен да, ачууланган да жокмун. Тек гана күлүп карап турдум.
– Сенин да мендей кыздарың бар. Ушуну унутпа,- дедим.
– Кыздарым сага эмне кылды? Сендей кыздан Кудай сактасын, сендей кыздын барынан жогу жакшы,- деди диртилдеп.
– Мендей кыздан Кудай сактабай үчтү төрөп койгонсуң. Ар бир ата-эне перзентинин жакшы болушун, бактылуу болушун каалайт. Менин да ата-энем бактылуу болушумду тилеген, жакшы бол деп тарбия берген. Бирок сендей наадандардын айынан жакшы элем жаман болдум, бактылуу элем бактысыз болдум.
– Мен сага эмне кылдым?
– Эмне кылганыңды качан сенин да кыздарың мендей чыркырап ыйлап, зыркырап калганда түшүнөсүң,- дедим да терс бурулуп кетип калдым.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nurishka
2010-07-06 13:58:10
Туура кылыптыр.
0
Akjol
2010-07-11 05:56:37
Эми оч ала баштаган го.
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан