КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫ КИНОСЫНЧЫЛАРДЫН КӨҢҮЛҮН БУРДУ

Мындан 5-6 жыл мурун “кыргыз тасмалары чет элдик кинофестивалдарга катышты, сыйлыкка ээ болду” деген жаңылык кез-кезде эле чыкчу. Эми болсо эң беделдүү киносыйлыктарды багындырган да, чет элдик көрөрмандарды таң калтырган да кыргыз тасмалары тартылып жатат.

Түштүк Кореяда 4-октябрдан 13-октябрга чейин өтүп жаткан XXIII эл аралык Пусан кинофестивалында дүйнө эки таланттуу кыргыз режиссёрун таанышты. Бири мурунку КВНчи Бекзат Пирматов болсо, экинчиси Айбек Дайырбеков. Режиссёрлордун эки башка жанрдагы эмгектери киносынчылар тарабынан бааланып, жакшы пикирге ээ болуп жаткандыгы кубандырат.

Бекзат Пирматовдун “Аврора” тасмасына Жогорку Кеңештин депутаты, агасы Исхак Пирматов продюсерлик кылган. Фильм "Кинодогу жаңы ачылыштар" деген аталыштагы сынактык программага катышып, жыйынтыгы 13-октябрда чыкмакчы. Тасманын оператору Мирлан Саткымбаев менен байланышсак ал: “Бул биздин студиянын алгачкы эмгеги. Тасманы биз бир жарым жылдай тартып, бир жылдай монтаждадык. Биринчи күнү 1000 кишилик кинотеатрда көрсөтүлдү. Мен бир аз кечигип келсем билеттердин баары сатылып кетиптир, өзүм да кире албай калдым. Тасма постмодерн жанрында, “чёрный юмор” да бар”,- деп маалымат бөлүштү.

Ошондой эле Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” мюзиклинин продюсери Толкун Дайырбекова: “Биз сынактан тышкаркы “Азия – кино дүйнөсүнө терезе” деген расмий программадабыз. Бул программа Пусан эл аралык кинофестивалында эң мыкты болуп саналат. Анткени аябай кызыктуу тасмалар көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн да кызыгын арттырат экен”,- дейт. Кыргыз киносунун атын алыска тааныткан жаш режиссёрлорго ийгилик каалайбыз!

 

star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zinagull1996
2018-10-17 02:36:09
Актерлорго ийлигик каалайм. Онугуп осо беришсин. Алга. Кубанычтамын атыбыз алыскаа чыгып жатканына
0
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан