РОНАЛЬД РАЙТ

Рональд Райт 1971-жылы 26-ноябрда АКШнын Вашингтон шаарында туулган. Бою 1 метр 79 сантиметр. Чабуул коюу аралыгы 183 сантиметрди түзөт. Бокс боюнча дүйнөнүн жарым орто салмактагы абсолюттук чемпиону. Рингге бардыгы болуп 55 ирет чыгып, 51инде жеңип, 3 ирет жеңилип, 1 ирет тең чыккан.

БАЛАЛЫК КЫЯЛДАР

Рональд 16 жашка келгенде анын үйбүлөсү Флорида штатына көчүп барышат. Жаңы жерде жаш Рональддын таанышы да, досу да жок эле. Кылаарга иши жок, ал бокс машыгуулары өтүүчү жергиликтүү спортзалга бара баштайт. Буга чейин ал ар бир америкалык баладай эле бейсбол жана баскетбол менен машыгып, ийгиликтерди жаратууга үлгүргөн эле. Бирок, андан улуу спортчу чыгаар-чыкпасы белгисиз болчу. Антсе да ал Рэй Леонард жана Пернелла Уитейкерлерди кумир тутуп, алардын стили, ыкмаларын жактырып, дал ошолордой боксчу болгусу келчү. Тактап айтканда, шамдагай, техникасы мыкты, жакшы коргонуу ыкмаларына ээ жана атаандашын жер жыттаткан боксчу болууну кыялданчу. Ошондуктан, машыгуу мезгилинде ал коргонууга дайыма өзгөчө көңүл бура баштайт.

АЛГАЧКЫ ИЙГИЛИКТЕР

1988-1989-жылдары Флорида биринчилигин, ошондой эле бир нече эл аралык турнирлерди уткан Райт боксту сүйүүчүлөр карьерасын аяктап, 19 жашка чыгып-чыкпай профессионалдар катарына өткөн. Кийин Рональд: «Боксту сүйүүчүлөр арасында мен Шейн Мозли жана Оскар Де Ла Хойялар менен көп эле жолугушкам. Анда алар азыркыдай жылдыздардан эмес, жөн эле Шейн жана жөн эле Оскар болчу. Ошол кезде менин бокс менен машыкканыма бир жарым жыл гана болсо, алар 5 жашынан баштап машыгып келаткандар эле. Мен ичимден алардан калышпастыгымды сезип, профессионалдар арасында да ийгиликтерди жарата алам деп ойлошума өбөлгө түзгөн” деп эскерген жери бар.

ПРОФЕССИОНАЛДАР РИНГИНДЕ

1990-жылдын 16-октябрында Рональд Райт профессионалдык рингдеги өзүнүн биринчи беттешүүсүн өткөрүп, калыстардын бир добушу менен Энтони Салернону утат. Кийинки 2 жылдын ичинде ал дагы 15ке жакын матчты жеңип чыгат. Бирок, мыкты промоутерлер аны байкай бербегендиктен, Рональд Флоридада эл ичине аз таанылган боксчулар менен беттешүүлөрүн уланта берет. Бул сыйкырланган курчоодон чыгуу аракетинде Райт өзгөчө кадам жасайт. Франциялык промоутер менен келишим түзүп, Европага рингге чыгып туруу үчүн кетет. Чыныгы беттешүүлөр Америкада өткөрүлүп, акчалар да ушул жерде табылып жатканда Европага барып эмне керек эле? Бирок, көп өтпөй мындай чечимдин чынында эле туура экендиги аныкталат. Анткени, 1994-жылы Рональд Бүткүл Дүйнөлүк Бокс Ассоциациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону Хулио Сезар Васкес менен беттешүү укугуна ээ болот. Бул беттешүүдө Райт өзүнүн күчтүү да, алсыз да жактарын көрсөтөт. Ал атаандашынын соккуларынан буйтап, контрчабуулга ийгиликтүү өтө баштайт. Ошону менен бирге эле мезгил-мезгили менен Васкестин катуу муштарына туш келип, жыгылып калган учурлары да болду. Жалпысынан, бул беттешүүдө Райт 5 жолу нокдаунга түшүп, буга карабастан, таңкалыштуусу, калыстар жазган эсеп тең чыккан (114-113, 113-110 жана 115-110). Бул Райт эсин жоготуп жыгылып калгандан башка бардык раунддардан утту дегенди билдирет эле.

КОЛДОН УЧКАН НААМДАР

Кийинки 2 жылдын арасында Рональд көбүнчө Европада чыгууларын улантып, анчейин деле күчтүү эмес атаандаштар менен болгон бир нече беттешүүнү утат. Ошентип отуруп, акыры 1995-жылдын май айында ал дагы бир мүмкүнчүлүк алат да, Бүткүл Дүйнөлүк Бокс Уюмунун версиясы боюнча жаңы чемпион Бронко Маккартка каршы беттешүүдө татыктуу жеңишке жетет. Эмнеси болсо да, Райт көпкө чейин чемпион болуп турган жок, анткени,1998-жылдын август айында ал өзүнүн наамын намибиялык Гарри Саймонго алдырып жиберет. Бирок, бул учурда Райт атакка, репутацияга ээ болуп калган эле. Ошондуктан, бир беттешүүдөн кийин ал чемпиондук кур үчүн күрө­шүү­гө дагы бир мүмкүнчүлүк алат.
Бул жолу анын атаандашы катары эл аралык Бокс Федерациясынын версиясы боюнча чемпион Фернандо Варгас чыгат. Ал убакта Варгастын ийгиликтер тизмеси мыкты болчу. Ал рингдеги 17 матчынын 17син тең 1-2-раунддарда эле жеңип чыккан боксчу эле. Мындан бир аз убакыт мурда эле Варгас бир кыйла тажрыйбалуу Йори Бой Кампас жана Раул Маркести чоң артыкчылык менен уткан эле. Бирок, рингде Рональд Варгаска кадимкидей күч көрсөтөт. 12-раунддун аягында калыстардын бири “беттешүү тең чыгуу менен бүттү” деп бүтүм чыгарат, ал эми экөө “Фернандо бир же эки упай артыкчылык менен утту” деген тыянакты айтышат. Ошентип, мындай чечим анда бир топ талаш-тартышууларды жаратат.
Кийинки жылдын ичинде Райт маанилүү эмес 2 титул алууга жетишип, анын биринде өзүнүн эски атаандашы Бронко Маккартты утат. Варгас, бул мезгилде чемпион титулун Феликс Тринидадга уттуруп коёт. Тринидад өз кезегинде бул курдан баш тартып, орто салмакка өтөт. Муну менен Райт өмү­рүндө 4-жолу чемпион наамы үчүн беттешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, 12- раундда Роберт Фрейзерди утат. Кийинки 2 жылдын ичинде ал өзүнүн курун бир нече жолу коргоп, 2004-жылы бокс карьерасындагы максаттарына жетет.

КӨЛӨКӨДӨГҮ РАЙТТЫН АЛДЫДАГЫ ПЛАНДАРЫ

Рональддын маселеси ал канча титул албасын, боксту сүйүүчү­лөрдүн кеңири катмарынын алдында көрүнбөй кала бергенинде. Ар кайсы федерациялардан канча чемпион курун албасын, ар бир салмак категориясында жалгызсырап калууга аргасыз. Бул планда Райттын таптакыр эле жолу болбой келатат. Анткени, анын категориясында дайыма бир кыйла жаркын жылдыз алгач Фернандо Варгас, андан соң Оскар Де Ла Хойя, анан Шейн Мозли чыгып турчу. Мозли менен беттешүү үчүн Райт аны бир нече ай бою рингге чакырууга мажбур болот. Ал эми Шейн Мозли бул чакырууларды четке кагып, Рикардо Майорга менен беттешүүнү туура көрөт. Бирок, эч ким күтпөгөн окуя болуп кетет. Майорга техникасы күчтүү Кори Спинкске утулуп калып, намысын алдырып ийет. Аны менен беттешүү Мозлиге кызыксыз болуп калат да, ал Райтка көңүл бурууга аргасыз болот.
Орто салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиондугу үчүн беттешүүдө Мозли созсүз фаворит катары каралат. «Райт Мозлиге туруштук бере алат» деп ишенгендер дээрлик болгон эмес. Бирок, Райт матчтын башталышында эле чоң аракети менен жеңишке умтулуусун билдирет. 1-раунддан баштап эле ал беттешүүнүн жүрүшүн көзө­мөлгө алып, аягында бардык калыстар бир добуш менен жеңишти Рональдга ыйгарышат.
Эми болсо Райт Хопкинстин карьерасына чекит койгону турат. Орто салмактагы мурдагы абсолюттук чемпион (69,9 килограммда) Райт 21-июлда Бернард Хопкинс менен беттешкени турат. «Мен дайыма мыктылар менен гана беттешем жана кайсы атаандаш болоору мен үчүн баары бир. Хопкинс беттешүү алдында кандай салмак менен чыгаары да баары бир. Бул анын акыркы жолу рингге чыгышы болот» деп билдирет өзүнө катуу ишенген Райт.

Даярдаган Медер Тентимиш уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан