Балдар, тоголок шар формасындагы жаныбарлар катышкан "Смешарики" сериал-мультфильмин баарыңар эле көрсөңөр керек. Анда силерди ошол мультфильм тууралуу кызыктуу маалыматтар менен тааныштырмакчыбыз.
1. Орусияда 2003-жылы тартылып баштаган сериал-мультфильмдин 450дөн ашык сериясы бар. Сериал-мультфильм 2012-жылы тартылып бүтүп, азыркы күнгө чейин ар кайсы телеканалдарда көрсөтүлүп келет. Сериалдан кийин бир канча бөлүктөн турган толук метраждуу мультипликациялык тасмалар тартылган.
2. “Смешарики” мультфильмин тартуу үчүн 400дөн ашык кызматкер эмгектенген.
3. Мультфильмдин каармандары тууралуу компьютердик оюндар, журнал, китеп, пазл, оюнчуктар, таттуу азыктар, кийим, аксессуар жана башка 3 миңден ашуун лицензияланган продукция чыгарылат.
4. “Смешарики” мультфильми 15тен ашык тилге которулуп, 60тан ашык өлкөдө көрсөтүлгөн.
5. Мультфильмдин 9 негизги каарманы бар: Кой (Бараш), Кирпи (Ёжик), Коён (Крош), Чочко (Нюша), Карга (Кар-Карыч), Аюу (Копатыч), Багыш (Лосяш), Пингвин (Пин), Үкү (Совунья).
Асыл Орозбекова