КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ

Бир ууру киши болуптур. Эң кызыгы, анын уурулугун эч ким билбептир. Уурулук кылуу үчүн алыс да барчу эмес. Ал кошуналарынын малын уурдап, союп алчу экен. Кошуналары болсо аны уурдайт деп ойлоп да койбой, кайра андан минтип сурашчу экен:

– Түндө менин короомо ууру кирип, коюмду уурдап кетиптир, байкаган жоксуңбу?- десе, ал шек билгизбей минтип кейимиш болуп койчу:

– Ай-ай-ай, жаман болгон тура!

Ошентип ал өз кошуналарынын малын уурдай берди. Бирок “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, ал адатынча дагы бир кошунасынын козусун уурдап баратып колго түшүп калды.

– Сени жакшы кошуна деп жүрсөк, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп билгизбей жүрө берген экенсиң го!- деди ага ачууланган кошунасы.

– Кагылайын кошунам, эч кимге айта көрбө, “ооз басырыгын” кылайын,- деп жалынды ууру.

Кошунасы аны аяп кетти, ошондуктан эч кимге айткан жок. Бирок “жамандык жерде жатпайт” деген тура, бул иш баары бир элге билинип калды:

– Сендей уятсызга биздин арабызда орун жок, жоголгун!- дешти кошуналары.

Ошентип ал уурулугунун айынан өз элинен айдалып, тентип кетти.

Автору Аман Кармышаков

Асыл Орозбекова

balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zinagull1996
2018-10-17 02:27:26
Бул жагы кызыкго я
0
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан