СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Иман уулунун жек көрө караган көздөрүн элестетип, жүрөгү канап жатты. Ал эми Рустам кыл кыягын колуна алып, сумкасын асынып бараткан экен. Алдында турган Иманды көрүп, кабагын бир жыйрып алды да эч нерсе болбогондой жанынан өтүп кетти. Иман ордунан обдула:
– Уулум!- деди буулуга.
Рустам укмаксан. Узап баратканын көрүп чыдабай кеткен Иман кыйкырып жиберди.
– Рустам! Токточу, уулум!
– Мен сиздин уулуңуз эмесмин,- Рустам жай бурулуп, Иманды суз карады.
– Мен... мен сенин атаңмын, Рустам! Коё турчу, уулум, сүйлөшөлүчү.
Рустам сөзүн кескин бөлдү.
– Жок, Иман Тайырович, мен сизди тааныбайм. Тааныгым да келбейт. Мындан ары мага уулум деп кайрылбаңыз. Мени күтүп калышты. Кош болуңуз,
– Уулум, токточу. Мен... мен... Рустам, токто дейм. Мен атаңмын, акылсызым,- трапка чуркап бараткан уулунун артынан Иман кардыга кыйкырды. Ошондо Рустам жалынып ыйлап жаткан атасын бир карап койбой узай берген. Андан кийин да эчен ирет артынан барды. Бирок баласынын жүрөгүн жибите албады. Улуу тоолорго көз жиберген ата-эне уулунун келечегин, бактысын тилеп үнсүз отурушту.

ххх

– Шамил агай, мен ушундай чечимге келдим. “Сенин жылдызың жанчу учур да келер” деп айтчу элеңиз. Менин оюмча, ошол учур келди.
Шамил Рустамды тиктеп турду. “Шаштың, балакай, бир аз күтүп турсаң болот эле. Сени чабытың бийик, канаттарың талыбас болгудай кылып тарбиялайм дедим эле. Бирок...” Рустамдын кабагынан эле бир чечимге келгенин, ал чечимден кайра артка тартпасын билип турду.
– Рустам, ак жол сага.
– Рахмат, агай.
Ушул күндөн кийин Рустамдын жашоосу башка нукка түштү. Бул тууралуу Иман кечигип билди. Коридордо өтүп бараткан аны Алым токтотуп калды.
– Агай, Иман агай, саламатсызбы?
– Саламат, көптөн бери көрүнбөй кеттиң го...
– Иштер менен эле жүрөм, агай. Баса, жакында мен уюштурган “Жылдыздуу келечек” деген концерт болот. Келип кетпейсизби?
– Болуптур.
Колуна чакыруу билетин бере салып, узап кеткен Алымдын аркасынан тиктеп турду. “Кандай заман болсо да мындайлар көзүн таап, өзүнө пайда жасайт” деп күңкүлдөп алды нааразылана.
Концерттик зал. Айдана тынчсыздана Рустамга тигилди. Анын жүзү кадимкисиндей эле токтоо болчу. Бирин-бири тиктеп жылмайып алышты.
Ары жактан чуркап келген Алым энтиге экөөнө тигилди.
– Азыр силерди жарыялайт. Даяр тургула!
Аңгыча алпаруучу кыздын үнү шаңк эте жаңырып, сахнага Рустам менен Айдана чыга келишти.
Зал толтура эл. Кыл кыяктын үнү мукам жаңырып, ага Айдананын азем үнү кошула берди. Жыбыраган көздөр экөөнө не суктана, не таң кала тигилип дымый түштү. Жүрөктөн чыккан үн, жүрөктөн чыккан музыка элди көшүлтө таптакыр башка дүйнөгө ээрчитип баратты. Кыздын үнүндөгү тазалык, жигиттин келишимдүү келбети, кыл кыяктын сыбызгыган дабышы айкалышып, укмуштай бир бүтүндүктү, кооздукту тартуулап жатты.
“Эмне деген керемет үн. А жигиттин кыл кыякта ойногонучу? Булар кайдан пайда болушту?”
“Азамат жигит! Катыра ойнойт экен. Кыздын үнү да укмуш”. Жамырай тигилген ар бир көрүүчү аларга ыраазы боло тигилип отурушту. Ырдап бүтүп акырын ийилген кыз дымып турган элге мөлтүрөй карады. “Жакпай калды окшойт. Каап, уят болуп чыкпай эле койбой” деген ой келди башына.
– Азаматсыңар, браво!- деген үн чыгып, ушуну эле күтүп тургансып, эл дуулдай кол чаап жиберишти. Зал жаңырып, кыйкырык-сүрөөндөр ар бир бурчтан жаап жатты.
Залдагы коноктордун ичинде Иман да отурган эле. Жүрөгү дүкүлдөгөн ал уулунан көзүн албай турду. “Алым! Айлакер адамдын колуна түшкөн экен. Балам, абайлабасаң бул чөйрө калпыс эле” деп бушайман болуп жатты ичинен.
Рустам мынчалык ийгиликти­ күткөн эмес. Ууртунан жылмая кыл кыягын сылап койду. “Рахмат! Азаматсың”,- деп койду өзүнчө кудуң­дай. Ушул учурда сахнанын артына келген Иман өзүн тиктеп турганын көрүп, селдейе түштү.
– Кандайсың, уулум!
– Рустам. Менин атым Рустам! Анан да менин сизге окшогон атам жок.
– Апаң сени сагынып жүрөт.
– Апам экөөбүздүн ортобузга ортомчу болбой эле коюңуз.
– Болуптур, уулум.
Бир тиктеп алып басып кеткен Имандын артынан караган Айдана эч нерсени түшүнбөй Рустамга тигилип калды.
– Бул ким?
– Иман деген композиторду билчү белең.
– Уккам. Апам анын ырларынын баарын жатка билет. Апамдын учурунда укмуштай жылдыз болгон экен. Концертине билет жетпей, билети барлар барганды сыймык көрүп көпкө айтып жүрүшчү экен.
– Анда бул киши ошол адам.
– А сен эмнеге аны менен орой сүйлөштүң?
– Башка жолу айтып берейинчи.
Жылдыздуу түндө кол кармашкан экөө келе жатышты.
– Ошентип, ата деген эмне экенин билбей чоңойдум. Кичине эс тарта баштаганда гана телевизордун бетин бербей, элге идеалдуу көрүнгөн адам менин атам экенин билдим. Бир күнү ызаланып, үйгө ыйлап келдим. Апам байкуш эмне кыларын билбей күйпөлөктөп жатты. Акыры атам ким экенин айтууга аргасыз кылдым. Алгач, ал адамды туу тутуп жашап жүрдүм. Ага окшошкум келчү. Мени менен сыймыктанышын каалачумун. Эмнегедир күтүп да жүрдүм. Бирок ал бизге кайрылган жок. Күтүү жек көрүүгө айланып, атага деген ызаатым кекке айланды. Качандыр бир кезде анын көзүнө көрүнүүнү, андан да кыйын музыкант болууну алдыма максат кылдым. Апам байкуштун алдына чөгөлөтүп кечирим сураткым келди. Бирок мен каалагандай болгон жок. Аялы каза болуп жалгыз калганын, катуу ооруп жатканын билген апам аны менен жашоону чечти.
Рустам оор үшкүрүп алды. Айдана анын сөзүн бөлбөй угуп турду. Жароокер жылмайган кыздын жылмаюусунун артында аяныч, боор толгоо жаткан эле.
– Сени биринчи көргөндө эле көкү­рөгүңдө өксүк бар экенин түшүнгөм. Өзүмчө таң калчумун. Ушунчалык сулуу көздөр эмнеге кайгылуу тиктейт деп ойлогом. Баса , Рустам, бир нерсе суранайынбы?
– Айт!
– Жүрөгүңдөгү кайгыны, көзүңдөгү дартыңды мага бересиңби?
Рустам эмне дээрин билбей туруп калды. Бутунун учуна тура калган Айдана Рустамдын жаштуу карегинене эриндерин акырын тийгизди.
– Мына минтип эле жоготуп коём.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан