Каарманым кино, театр, деги эле чыгармачылык тууралуу сөз болсо жөн тура албайт. Талкууларга жигердүү катышып, өз оюн билдирип турат. Чыгармачыл адамдардын кемчилигин көрсө «тили кычышып» кетмей да жайы бар. Себеби сындан сапатка өтүүгө болорун ал жакшы түшүнөт. Кеп бүгүнкү каарманыбыз, жаш кинематографист Чолпонай Бөрүбаева тууралуу болуп жатат.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Чолпонай Бөрүбаева
Туулган жери – Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 20-октябрь
Билими – Жогорку. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктаган
Тарткан тасмалары – «Калпак», «Топурак», «Өмүр» аттуу кыска метраждуу тасмалар
Ийгиликтери – «Топурак» тасмасы үчүн «Ак илбирс» киносыйлыгында «Эң мыкты кыска метраждуу тасма» наамына ээ болгон жана «Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» эл аралык кинофестивалындагы улуттук конкурста баш байгеге ээ болгон.
– Саламатсызбы, Чолпонай? Режиссёрдук кесипти тандооңузга эмне түрткү болду эле?
– 2003-жылы мектепти аяктап, журналисттик кесипти тандагым келген. Бирок атам «кызым чоңойсо кино тармагында иштеп, чет өлкөлөрдү кыдырса экен» деп кыялданчу экен. Искусство институтуна атам өзү жетелеп келген. Институт илгерки жатакананын имараты болгондуктан көзүмө эски көрүнүп, ал имаратта окугум келген эмес. Атам «бул кабыл алуучу эле имарат, өзүңөр башка имаратта окуйт экенсиңер» деп алдап, сынак тапшырткан.
– Алган билимиңиздин азыркы ишиңизге пайдасы тийдиби?
– Бүбасара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун театр жана кино факультетинин кино жана теле жаатында режиссёр бөлүмүн кызыл диплом менен аяктагам. Кино тармагында 13 жылдан бери иштеп келатканым менен, кызыл дипломумдун бир да жолу пайдасы тийген жок. Сандыкта жатат. Болгону бир ирет социалдык ролик тартканыбызда кадр үчүн кызыл диплом керек болуп, ошондо реквизит катары пайдасы тийди. Кино тармагында топтогон тажрыйбаң, тасма талаасында канчалык көп жүргөнүң – ошол сенин чоң мектебиң.
– Тасма талаасына кантип келип калдыңыз эле?
– 2005-жылы 2-курсту аяктаганда «Сүйүү сынагы» деген тасмада режиссёрдун жардамчысы катары иштеп, тасмадагы тажрыйбам башталды. Андан кийин «Боз салкында» жана башка бир топ тасмаларда режиссёрдун жардамчысы болдум. 2011-жылы төрөп, 2014-жылы кайра жумушка чыктым. 2-3 жыл үйдө отуруп калгангабы, айтор, иштегим келди. Ошол жыл чыгармачылыгымдагы бай жылдардан болду. «Герой моей девушки», «Бир тууганчик», «Сүтак» тасмаларында экинчи режиссёр, тасманын директору болуп эмгектендим жана өзүмдүн «Топурак» аттуу кыска метраждуу тасмамды тарттым. Актриса катары да бир топ тасмаларга тартылдым. Соңку ирет режиссёр Сергей Дворцевойдун Москвадагы мигрант кыздар тууралуу «Айка» аттуу тасмасына да тартылдым.
– Кыргыз маданиятынын абалы кандай? Дегеним, соңку учурларда театр, кинодогу абал тууралуу өз оюңузду, ачык сындарыңызды байма-бай билдирип келесиз.
– Өзүбүздүн эле казанда кайнай берсек эч кандай өзгөрүү болбой, жакшыны барктабай, жаманды айта албай жүрө беребиз. Дүйнөлүк кинематографиядагы тенденцияларды көрүп «Эмнеге бизде мындай тасмалар жаралбайт?» деген суроо жаралат. Бул суроо үйдө жата берсең пайда болбойт, чет жакка чыгып, көп нерсени көрүп, салыштырганда пайда болот.
Эмне үчүн мен сын айтам? Анткени театрды, кинону, жалпы искусствону сүйөм. Улуу реформатор Станиславскийдин «Искусстводо өзүңдү эмес, өзүңдөгү искусствону сүйүү керек» деген сөзү бар. Бул сөздүн ичинде чоң философия жатат. Бизде, тилекке каршы, көпчүлүк искусстводо өзүн сүйүп жатышпайбы. Биз канчалык жашырып «кыйратып жатабыз» дей берсек, акырындап жоголобуз. Тасма же спектакль мыкты деңгээлде жасалбаса, ал тууралуу айтуу зарыл. Көйгөйлөрдү, кыйынчылыктарды убагында айтып, чечкенге аракет кылышыбыз керек. Эгерде сын болбосо, өсүү абдан татаал. Байкасаңыздар, тасманын же спектаклдин бет ачарына көпчүлүк учурда режиссёрдун достору, жакындары келет. Анан алардын арасынан «тасма жакшы болбой калыптыр» дегендер чыкпайт. Тасманын кемчиликтерин укпай, жалаң мактоолорду уккандан режиссёрлордо жакшы тасма жаратууга умтулуу болбойт.
– Айрым учурларда ырчылардын дарегине да сын айтып каласыз?
– Мен да ырдаганды жакшы көрөм. Бирок эл алдында ырдаганга умтулбайм. Ошентсе да жасалмалуулукту сезем. Эски ырларды азыркы жаштар ырдап, бузуп жаткандарына көп күбө болом. Аларга кээде сын айтам, ал эми жакса "жакты" деп айтам.
– Адам сындан өсөт эмеспи. Тескерисинче, сыныңызга таарынгандар да бар чыгар?..
– Таарынгандар көп. Өзгөчө ата мекендик тасмаларга рецензияларды жазганда коркутуп-үркүткөндөр болот. Мени душман эсептегендер жок эмес. Бар. Ар бир адамга жага бербейсиң. Жалпыга жагууга умтулбаш керек. Бардыгына жагуу үчүн унчукпай коюуга туура келет. Бирок мен унчукпай коё албайм. Жакшыны жакшы, жаманды жаман деп айтууга кудуретим жетет.
– Сиз сындаган адамдардын арасында «өзүң эмнени кыйраттың эле?» дегендер да болобу?
– Албетте, андай болот, көп эле айтышат, көнүп калгам. Бизде бир нерсе айтсаң эле «сен эмнени кыйраттың эле?» деген сөз эң негизги өзүн сактоонун куралы болуп калган. Мен сын айткан адамдар же алардын жакындары бетиме айтпаса да, социалдык тармактарга жазышат.
– Маданият кызматкерлери «өкмөт көңүл бурбайт, каражат жетишсиз» деп айтышат. Жакшы чыгарма жаратуу чындап каржы маселесинен көз карандыбы же каалоодонбу?
– Кыргыздын эң жакшы тасмалары СССР мезгилинде тартылган. Совет мезгилинде маданият, илим кызматкерлерине көп көңүл бурулган. Мисалы, 1 тасманы 1-2 жыл тартканга мүмкүнчүлүк берилген. Сценарий жазгандар, тасма тарткандар көр тириликке алаксыбай, жалаң гана ишти ойлоого мүмкүнчүлүк түзүп беришкен. Азыр кандай? Режиссёр өзү сценарист, өзү продюсер, өзү актёр, айтор, көп жумушту өзү жасайт. Андан тышкары режиссёр тартуу учурунда «кайсы арзаныраак жерден барып тартуучу топтун курсагын тойгузам?» деп ойлонуп жүрөт. Каражат жагын ойлонуп жүргөн адам кантип чыгармачылык жөнүндө ойлонот? Чыгармачылык менен жуурулганга эч кандай шарт жок. Ар бир киночу өзүнүн арабасын өзү түртүп жүргөн мезгил.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз.
– 1 кыз, 1 уулдун сүйүктүү апасымын, «Жанкечти» ("Смертник") деген каймана аты бар, күчтүү, кыйын каскадёр Канат Абдрахмановдун жубайымын, балдарымдын чоң энесинин сүйүктүү келинимин. Экөөбүз Искусство институтун аяктап жатканда таанышканбыз, ал сырттан окуу бөлүмүндө окуган. Быйыл баш кошконубузга 9 жыл болот.
– Чачыңызды кырдырып түшкөн сүрөтүңүздү көрүп калдым. Бул тасмадагы образбы же жашоодо башкалардын ою менен эсептешпей, ээн-эркин жүргөн адамсызбы? Кайненеңиз буга кандай көз карашта?
– Руслан Акундун «Сүйүктүүмдүн каарманы» аттуу тасмасына тартылганда 2 жолу кырдыргам. Ошол кезде жолдошум Малайзияда съёмкада жүргөн эле. Ага айтпай, кайненемден уруксат алып кырдыргам. Жолдошум экөөбүз интернеттен видео чалышуу аркылуу сүйлөшкөндө билдирбейин деп жоолук салынып алчумун. Көрсө, ал тааныштардан угуп, билчү экен. Бирок унчуккан эмес. Жарым жылдан кийин келгенде «эмне чачыңды кырдырдың?» деди. «Тасма үчүн» деп жооп бердим. Ошол маалда ал дагы тасмага тартылуу үчүн чачын кырдырган экен. Голливудда, чет өлкөлөрдө эгерде актёр тасма үчүн келбетинин бир жерин өзгөртсө жакшы гонорар төлөнөт. Бизде, тилекке каршы, андай эмес.
– Өлкөбүздө аялдардын орду кандай? Тең укуктуулук жетиштүү деңгээлде сакталабы?
– Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин өлкөдө аялдардын орду эркектер менен бирдей. Анткени бизде илгертеден эле аялдарды барктоо калыптанган. Үй-бүлө куралгандан кийин аялдын үнү угулган эмес дегенге кошулбайм. Азыр деле байкайм. Мисалы, боз үйдү тигип жатканда же чечип жатканда сөзсүз бир улгайган аял отурат. Боз үй ошол аялдын көз алдында, башкаруусунда тигилет же чечилет. Анткени ал аял бардык нерсенин ордун билет, бардык нерсеге таасир эте алат. Жеке биздин үй-бүлөдө аялзатынын үнү угулат.
– Тасма автордук жана коммерциялык деп экиге бөлүнөт эмеспи. Коммерциялык тасмалар элдин табитин талкалап жаткан жокпу?
– Киночулар арасында «экран көрсөтөт» деген сөз бар. Экран режиссёр канчалык деңгээлде тасмага өзүнүн энергиясын, каражатын коротту, баарын көрсөтүп коёт. Бизде азыр кино тарткандардын көбү сахнадан кыска, 1-2 мүнөттүк тамашалары менен элди күлдүрүп көнүп калышкан балдар. Аларда ошол тамашаларды киного алып келсе болот деген ой калыптанып калган. Ошондон улам көпчүлүк кинолор кыска тамашалардан чогулган «Скетчтер топтому» болуп калат. Кино деген – бул эң негизгиси драматургия, окуянын өнүгүшүнөн куралат. Ошол нерселер КВН, «Тамашоунун» жигиттеринде жок болуп, алар тасмада жалаң гана тамашаларга басым жасап жатат. Бирок көрүүчүлөр бара-бара жакшы тасмаларды тандап көрүшөт деген ишеним бар. Автордук тасмалар жакшы жарнама болбой, кинотеатрлардан коюлбай, элге жетпей калганы өкүнүчтүү. Мисалы, «Кентавр», «Сүтак» деген тасмалар сатыкта аз турганы, эл аз келгени өкүндүрөт. Ушуга окшогон тасмалар сатыкта көбүрөөк турса, сыналгыдан көбүрөөк берилсе жакшы болмок. Ошондо эл жакшыны жамандан айырмалаганды үйрөнмөк.
– Маегиңизге ыраазычылык.
Асхат Субанбеков
star@super.kg