БИР КҮНДҮК ДИЕТА ЖЕ ОРГАНИЗМГЕ «ДЕМ АЛЫШ» ТАРТУУЛОО

Диетологдор «иштеген адамдар жумасына 1-2 күн эс алгандай эле, организм да дем алууга муктаж, башкача айтканда, жумасына 1 же 2 жолу диета кармоо организмге пайдалуу» дешет. Бир күндүк диетаны кантип кармоо керек, анын пайдасы, зыяны тууралуу чогуу таанышалы.

БИР КҮНДҮК ДИЕТА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Аты айтып тургандай эле, бул диетанын узактыгы 1 күн. Диетологдор мини-диета деп да аташат. Аталган диетаны жумасына 1 же 2 жолу кармоого болот. Алсак, дүйшөмбү, жума же бейшемби, жекшемби... Айрымдар бул диетаны эки күн катарынан да кармап келишет. Бирок диетологдор «мини-диетаны 2 күндөн ашырбоо керек. Анткени бул учурда метаболизм жайлап, организм кийинки «кара күндөргө» өзүнө запас (май) чогулта баштайт» деп эскертишет. Жакшы жери, бул диетаны кармоодо өзүңүз жактырган азык-түлүктү тандоо укугуңуз бар. Албетте, шишкебек, майонез кошулган чара-чара салаттар эмес. Кандай азыктарды жешим керек дейсизби? Албетте, мөмө-жемиштер (банан, жүзүмдөн башкасы), жашылчалар, сүт азыктары, сууга бышырылган ботко түрлөрү, жумуртка, өтө майлуу эмес балык, эт азыктары жана башкалар. Күнүмдүк тамактын калориясы 800 килокалориядан ашпашы шарт. Күнүнө 5-7 маал тамактанып, ортосундагы аралык 2-3 сааттан ашпашы зарыл. Диета кармоо учурунда 2 литрдей газдалбаган минералдык суу же көк чай, чөп чайларды ичүү талап. Бирок физикалык көнүгүүлөрдөн баш тартып, уктоо убактысын 2 саатка узартуу туура. Бир күндүк диетадан соң сиңимдүүлүгү бат, жеңил тамактарга, мөмө-жемиш ширелерине ыктаганыңыз туура.

ДИЕТАНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Кыска убакытта өзүңүз каалаган жыйынтыкка жетүүгө болот. Албетте, бул жерде ашыкча 5-10 килограмм салмак жөнүндө сөз кылууга мүмкүн эмес. Алсак, эртең конокко бармаксыз, бирок көйнөгүңүз бир аз тар болуп турат. Бул учурда мини-диета сизге жардам бере алат.

Аталган диетаны кармоо учурунда организмде зат алмашуу процесси, тамак сиңирүү органдарынын иштеши жакшырат.

Эгер ушул диетаны кармоону адатка айландырсаңыз, тамактын калориясы аз болгондуктан, запаска деп сакталган калориялар четинен иштетиле баштайт.

Порциянын көлөмү азайгандыктан, ашказандын көлөмү кичирейет.

Организмдеги уулуу заттар, шлактар, туздар, ашыкча суулар айдалып чыгат. Мунун эсебинен адам 1-2,5 килограммга чейин салмак таштайт.

Тамак жасашым керек эле деп газдын же мештин алдында турбайсыз. Ага кеткен убактыңызды башка нерселерге жумшай аласыз.

ДИЕТАНЫН КЕМЧИЛИКТЕРИ

Калорияны дароо азайтуудан организм стресске кабылып, баш оорушу, айланышы мүмкүн.

Адам алсызданышы ыктымал.

Алдын ала даярданууну талап кылат. Бир күн мурун калориясы аз, клетчаткасы көп, кычкыл сүт азыктарын (айран, быштак, йогурт) ичүү керек.

Бул диетаны бардык адамдарга эле кармоого болбойт. Гастрит, ашказан жана 12 эли ичегисинде жарасы, өнөкөт ич катуу оорусу, башкача айтканда, ичеги-карын оорусу барларга, өспүрүм курактагы балдарга, кош бойлууларга, эмчек эмизген энелерге, сунушталган азыктарга аллергиясы барларга болбойт.

Салмагы абдан ашыкчаларга да сунушталбайт.

АЙРАН ДИЕТАСЫ УУЛУУ ЗАТТАРДАН ТАЗАЛАЙТ

Кеңири тараган мини-диета түрү. Айран организмге сиңимдүү жана ичкенде дароо тоё түшөсүң. Ал тамак сиңирүүнү жакшыртат, организмде кармалып турган ашыкча сууларды айдап чыгат жана уулуу заттардан тазалайт. Аталган диетаны кармаардан бир күн мурун сиңимдүүлүгү кеч жана майлуу, куурулган азыктарды рациондон алып салуу керек. Диета учурунда майлуулугу төмөн (1%) 1,5 литр айранды 5-6 порцияга бөлүп ичүү шарт. Эгер курсак өтө ачса, анда 1-2 аш кашык майлуулугу төмөн болгон быштак кошууга болот. Газдалбаган минералдык суу ичүү ашыкча болбойт.

Организми лактоза, казеинди кабыл албагандарга, ашказан жарасы, гастрит жана башка ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркагандарга сунушталбайт.

АЛМА КҮНҮ – АЧКАЧЫЛЫК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

Диетологдордун айрымдары «алма диетасы таасирдүү, пайдалуу» дешсе, айрымдары «алма табитти ачып, калориялуу нерселерди жегиңди келтирет» дешет. Бул ар бир адамдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша болот. Алма витаминдерге, антиоксиданттарга бай болгондуктан, өзгөчө бөйрөктүн иштешин жакшыртат. Бул диета алмага аллергиясы барларга, ашказан зилинин кычкылдануусу жогору болгондорго, ашказан жарасы барларга сунушталбайт. Диета кармоодо 2 килограмм алма жана газдалбаган минералдык суу керектелет. Курсагым буга чыдабай курулдайт десеңиз, анда менюңузду 1 килограмм алма+600 грамм майлуулугу төмөн быштак деп өзгөртүп алсаңыз да болот.

БАДЫРАҢ ДИЕТАСЫ: ШИШИКТЕРГЕ ОРУН ЖОК!

Бадыраң диетасы ичеги-карындарды тазалоодо чоң жардамчы жана организмдеги ашыкча сууларды айдап, шишүүнү жок кылат. Бул диетаны кармоо учурунда туздан жана ар кандай татымалдардан баш тартуу керек. Бадыраңдын сыртын аарчыбай жеш керек. Анткени анын кабыгы клетчаткага бай. Бир күнгө 1,5-2 килограмм бадыраң керектелет. Бадыраңга көк чөптөрдүн түрүнөн кошуп жегенге, газдалбаган минералдык суу ичүүгө болот. Ошондой эле түшкө чейин сууга бышырылган 2 жумуртканын агын жегенге жана жатарда 1 стакан майлуулугу төмөн айран ичүүгө уруксат берилет. Бул диета бөйрөк оорулары, ичеги-карын, анын ичинде гастрит оорусу менен жабыркагандарга сунушталбайт.

ГРЕЧКА ДИЕТАСЫ: БЫШЫРБАЙБЫЗ, ДЫМДАЙБЫЗ

Гречка витаминдерге, амин кычкылдарына, белокко бай. Адамды ток кармайт. Диетаны жумасына 1 жолу кармоо гана жетиштүү. 250 грамм гречканы кечинде тазалап, жууп, үстүнө 1:3 өлчөмүндө кайнак суу куюп дымдап коюу керек. Айран куюп да жибитүүгө болот. Жибиген гречканы 5 порцияга бөлүп күнү бою жеш керек. Минералдык суу же кумшекерсиз чай ичүү сунушталат. Кечинде 1 стакан айран ичүүгө болот. Гречка диетасы ашказан, ичеги оорулары менен жабыркагандарга сунушталбайт.

МӨМӨ-ЖЕМИШ ДИЕТАСЫ ЖЕҢИЛДИК ТАРТУУЛАЙТ

Мөмө-жемиштер витаминдерге, организмге керектүү заттарга бай. Мөмө-жемиш диетасы тамактын сиңимдүүлүгүн жөнгө салып, чачтын, теринин жана тырмактын сапатын жакшыртат. Бирок бул бир күндүк диета туура тамактанууну адат кылгандарга, камыр, таттуу, ачуу, зыяндуу тамак-аштардан алыс болгондорго ылайыктуу. Бул диетаны кармоо учурунда адам алсызданып, бир аз башы айланышы мүмкүн. Бир күндө мөмө-жемиштин түрүнөн 1,5-2 килограмм жеш керек. Буларга жүзүм, банан кошулбайт. Газдалбаган минералдык суу ичүү сунушталат. Бул диета түрү ашказан, ичеги оорулары менен жабыркагандарга, гастрит, ашказан жарасы барларга сунушталбайт.

ЖУМУРТКА ДИЕТАСЫ ТОК КАРМАЙТ

5 жумуртканы бышырып, анын агын гана ар 2-2,5 саат сайын бирден жеп туруңуз. Тооктун жумурткасы белокко, углеводдорго, глюкозага, протеинге, В2, В6, В12 витаминдерине жана кальций, цинк, темирге бай. Чачтын, тырмактын сапаты жакшырат. Жумуртка менен газдалган суусундуктарды ичкенге болбойт. Кааласаңыз грейпфрут менен кезектештирип жесеңиз болот. Бул диета бөйрөк, боор оорулары менен жабыркагандарга, аллергиясы барларга сунушталбайт.


 

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
777bazamat
2018-10-23 09:34:30
эн жакшы кенеш рахмат
+1
kenje-888
2018-10-23 10:26:06
ммм жакшы экен
0
deva
2018-10-23 11:36:39
Чыдаса болот 1 күндүк диетага
+3
Peri.00
2018-10-23 18:02:14
Мага бир гана жумуртка лиетасы жарпйт экен.
-1
BoDiNur
2018-10-24 17:59:19
Peri.00,мага дагы бир гана жумуртка диетасы жарайт экен
0
Alia82
2018-10-25 12:37:57
Гастрити барды кандай билсе болот ашказан оорубаса ле значить баары жайында десе болобу
0
love_you
2018-10-25 13:38:31
орозо организмди тазалайт. Пайгамбырыбыздын сунноту:понедкльник, четверг орозо кармаган, мына силерге, медицина далилдеп, пайдалуу деп аткан нерсени Аллахым пенделерге 14кылым мурда эле билдирген
+5
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан