(Башталышы өткөн сандарда)
Бауржан менен сүйлөшкөндөн бери бир топ күн өттү. Күндүз да балдарына, ишине алаксыйт. Түндө уйку көрбөй чыкчу болду. “Мүмкүн эмес” деди ичинен бир үн. “Балким, киши колдуу болгондур” дейт акылы. Ойлонгон сайын Аманды киши колдуу болуп каза болду деген божомол көбүрөөк реалдуулукка жакындап бара жатты. Бир жумадан кийин адвокат Жаныбекке жумушуна барды. Элинаны көрөрү менен анын көздөрүндө бир от пайда болот. Түшүнүксүз бир от...
– Кандайсың, кел...
– Келдим.
– Кофе берейинби же чай?
– Чай.
Катчысына чай беришин суранып келди. Элинаны тиктеп калды.
– Бауржан сени менен жолугушканын айтты. Сен баарын билесиң, туурабы? Ал...
Көзүнөн жаш айланып кетти.
– Мен уккандан бери уктай албадым. Баарын эстеп чыктым. Приступ кармап эле кете бере тургандай эмес болчу. Жаныбек, мен бул ишти таштай албайм. Мен арыз жазам. Кайрадан ишти карашсын.
– Биринчи колубузда ишендире турган нерсе болушу керек. Аман кайсы ооруканада каза болду, ошол жерден иликтешибиз керек. Мага баарын айтып берсең, экөөбүз бир нерсе ойлоп табабыз.
Көз жашын сүрткөн Элина ойлонуп калды.
– Кырсыкка кабылганга бир ай калганда ал Казакстанда иштеп жаткан алтын кенинен өз каалоосу менен бошонду. Ал кенди нөлдөн баштап өзү тургузган. Баары сыйлашчу. Ал тургай президенттин колунан сыйлык алган эле. Анан ортодон эле "ишимди таштайм" деди. Аман эч качан баштаган ишин орто жолдо калтырчу эмес. Ал жактан бошонуп келгенден кийин “Каркыра жайлоосуна барып эс алайынчы, башым ооруп жүрөт” деп калды. Мени балдар менен үйдө калуумду өтүндү. Чет өлкөгө кетмек, ишке чакырышкан. Колунда билети да бар эле. Ошентип кетип калды. Үч күн өткөндөн кийин мага анын каза болгонун айтышты. Жолдон жүрөгү кармап каза болгонун, алгачкы жардам көрсөтүшкөнүн айтышты. Нес абалда элем. Эч нерсени ойлогон жокмун. Коштошуу зыйнатына да катыша албадым, анткени эсим ооп калып жатты. Калганын өзүң билесиң.
– Алгачкы жардам көрсөткөн кайсы оорукана экен?
– Каракол шаары.
– Демек, ошол жерден баарын башташыбыз керек. Тезинен Каракол шаарына барып...
– Мен кантип барам? Балдарды кимге таштайм? Ишим эмне болот?
Жаныбек тиктеп турду. Оюна келген нерседен коркуп турду.
– Менин жакшы бир таанышым бар. Акчасына балдарды карап турганга макул болот.
– Ага төлөп бергенге акчам жок да...
– Ал жагын мага кой.
xхх
Жаныбек кайрадан ошол айылга келди. Аны көргөндө аял муңайым жылмайып алды.
– Кандайсыз?
– Жакшы.
– Сизге келдим. Элинага жардамыңыз керек.
Жаныбек болгон окуяны ага түшүндүрүп берди.
– Мен сизди таанышым деп тааныштырам.
– Ал ишенбейт.
– Эмнеге?
– Мен балдарды барып көргөм. Ошондо кызы менден чочулап ыйлап инисин алып кирип кетип калды. Ошондо ыйлап отурсам Элина көрүп калган эле. Ага бир нерселерди айткам, азыр да эсимде жок. Мени таанып калышы мүмкүн.
– Анда кандай кылсак?
– Мен ага өзүм барам.
ххх
Эртең менен күндүн көзү араң көрүнгөндө эле аял жолго чыкты.
– Зирек эже, борборго барасызбы?-деди алдынан чыккан коңшусу.
– Ооба. Кандайсың сен?
– Мага дары ала келесизби, Бишкектен табылат дешти эле.
Чөнтөгүндөгү кагазды сунган келин тигини тиктеп калды.
– Мен бүгүн келбешим мүмкүн.
– Аа, туугандарыңыз барбы шаарда?
Укпай калдыбы же жөн эле жооп бергиси келбедиби, Зирек үн каткан жок. Жаман көзү менен караган тиги келин аркасынан тиктеп кала берди. Зирек Элина иштеген цехке келди. Атайын келди. Кудай жалгап жумушчу күчү жетишпей жаткан экен, тез эле кабыл алышты. Элина ал күнү кечирээк келди. Аптыгып кирип келген кызы жан талаша кийим тиккен машинасына отурганын, эч кимге назар салбай иштеп жатканын көрдү. Дал маңдайында отуруп калган экен, уурданып кызын кароо менен алек. Жазы маңдайын, бакыракай көздөрүн, кырдач мурдун, шыпылдап эптүү кыймылдаган узун ак манжаларын тиктеп отуруу кандай гана ырахат эле. Эчен жыл сыртынан жалынып, караанын издеп келген каралдысы 2 метр жерде отурат!
– Тезден иштейли, бүгүн жетишишибиз керек... Сиз али баштай элексизби?- деген үндөн селт эте түштү. Муну Элина да укту. Башын көтөрүп тиктеп калды. Жанына келгенге чамасы жок эле, жылмая күлүп башын ийкеп койду. Ушу жылмаюудан эле денесине жылуулук тарагандай сезилди. Эс алуу учурунда Элина ага жакын келди.
– Кандайсыз, эсиңиздеминби?
– Жакшы,- апкаарып кетти Зирек. Көздөрүн ала качты.
– Акчаңызды уурдатып жибердим дедиңиз эле. Табылдыбы?
– Жок, ой, ооба... Табылды.
“Өзүңө кел” деп өзүн утуру урушуп жатса да денесиндеги майда калтыракты баса албай жатты.
– Азыр кала турган жериңиз барбы?
– Жок, бул жерде калуума уруксат беришти. Токмокто туугандарым бар. Алардыкынан келип кетиш оор болгондуктан түндө калсам болобу деп сурандым. Бир-эки күнгө уруксат беришти.
– Менин үйүмө келиңиз.
– Ия?
– Кенен деле үйүм жок. Бирок бул жерде калуудан көрө...
– Жок, убара болбо. Мен түндө да иштесемби дегем...
– Мейлиңиз, өзүңүз билиңиз. Баса, менин атым Элина. Сиздики Седеп болсо керек эле, ээ?
– Ооба, Седеп.
Элина башын көтөрө таң кала тиктеп калды. Эне-кыздын алгачкы таанышуусу ушундай өттү. Зирек Элинага таанышуу үчүн атайы бул планды ойлоп тапкан эле. Жүрөгү алып учуп турса да өзүн басып шек алдырбаганга аракет кылды.
ххх
Сыялы Туманов кызынын бөлмөсүнө жулунуп кирди.
– Сен кимсиң, ия? Сен үчүн менин башым канчага чейин жерге кирет? Сендей бала бергенчекти...
– Дагы эмне болду?
– Аман...
– Эмне Аман?
– Ишти кайра ачууга аялы арыз бериптир. Анын өлүмүн кайра чукулап башташыптыр.
– Анын жалгыз, жападан жалгыз мыйзамдуу аялы менмин! Уктуңбу? Экинчи айтпа, анын аялы деп айтпагын!
Кызы чаңырып жиберди. Ата менен кызы эчен жылдардан бери бири-бирине тике карай элек экен. Заар чачкан көздөрү менен бирин-бири жеп жиберчүдөй карап турушту.
(Уландысы кийинки санда)