КАРТАЙГЫҢ КЕЛБЕСЕ, ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ МАСКАЛАРЫН КОЛДОН!

Ден соолук жана сулуулук

Жашылча-жемиштерден жасалчу маскалар беттеги тактарды кетирип, терини чың көрсөтүп, майда бырыштардан арылтат жана агартат. Андыктан бет териси үчүн кам көрүүнү унутпоо кажет.

БЕТТИ ДАЯРДОО
Масканы колдонуудан мурун чач жүдөтпөшү үчүн жоолук салынып, бетти жууп, макияжды кетирүү керек. Анан пахтадан жасалган сүлгүнү ысык сууга салып, аны менен бетти бир азга жаап туруу зарыл. Бул беттин тешикчелерин кеңейтип, маскадагы керектүү заттардын жакшы сиңишине шарт түзөт.

ЖЕМИШ МАСКАЛАРЫ
Мындай маскалар аптасына 1-2 ирет жасалып, жалпысынан 15-20 күн аралыкты камтыйт. Абдан кургак беттер үчүн маскаларга айран, каймак, жумуртканын сарысын же бал кошуп коюу талапка ылайык. Масканы бетке коюу убактысы – 15-20 мүнөт.
Өрүк. Ширеси жана жумшак эти кандай типтеги тери болбосун жагымдуу. Сергитип, жашартып, бырыштарды канчалык бир деңгээлде жазат. Теринин кургап кетүүсүнүн алдын алып, серпилгичтигин жогорулатат. Маска үчүн ичке кесилген тилимин колдонуу жакшы.
Шабдалы. Жемиштин ширеси же кесими калыптагы бет терисин сергитет, серпилгичтигин сактайт. Ал үчүн шабдалыны эзип, бетке 15 мүнөт коюп, анан жууп салуу жетиштүү. Эгер тери майлуу болсо, анда шабдалы боткосуна 1 чай кашык картошка крахмалын кошуп коюу оң.
Жүзүм. Бул жемиштен жасалган маска бардык типтеги терини азыктандырып, нымдандырып жана жылмакай кылат. Жүзүмдү эзип, ширесин бетке жана моюнга сүртүү кажет. 15 мүнөттөн соң муздак суу менен жуулат.
Карагат. Терини азыктандырып, тери тешикчелерин кичирейтет. Кургак беттер үчүн карагатты эзип алып, үстүнө 1 чай кашыктан бал жана каймак кошуу ылайыктуу.
Майлуу беттер үчүн карагат боткосуна 1 чай кашык сулунун унун кошуу керек.
Лимон. Майлуу бетти сергитип, жа­гымдуу көрүнүшкө келтирүү үчүн лимон ширеси жана каймак керек. 1 чай кашык лимон ширесине 1 чай кашык каймак кошулуп, аралаштырылат. Маска бетке 15 мүнөт коюлат.

Алма.

  • Терини сергитип жана жашарт­кыңыз келсе, анда алманы майдалап туурап, 50 грамм сүткө кайнатыңыз. Анан алманы толук эзип, алма-сүт боткосун бетке жабыңыз. Бул бетти тазалап, азыктандырат жана терини витаминдер менен камсыз кылат.
  • Бетти азыктандырып, тышкы таасирлерден улам теринин дүүлүгүүсүн (кычышуусун, бүдүрөйгөнүн ж.б.) кетирүүдө колдонулуучу маска. 1 алманы сүргүчтөн өткөрүп, үстүнө 1 чай кашык зайтун майын (же каймак) кошуңуз да, бетке жабыңыз.

Кулпунай. Бет терисин тазалап, азыктандырып, агартат. Кан тамырларды ичкертет, кызарууну кетирет. Майлуу тери үчүн кулпунайдын өзүн эле эзип, бетке шыбоо жетиштүү.
Териси абдан сезимтал жана абдан кургактар эзилген кулпунайдын үстүнө 2 чай кашык бал, 1 чай кашык быштак кошуп коюулары керек.
Дан куурай. Дан куурайды эзип, 1 чай кашык бал кошуп аралаштырып, бетке жабуу кажет. Бул бардык типтеги терилер үчүн колдонула берет.
Банан. Бананды эзип, ага 1 чай кашык каймак кошуп аралаштырса, маска үчүн ботко даяр (майлуу, кургак жана сезимтал тери үчүн).
Мандарин. Бул өзгөчө бет териси картайып бараткандар үчүн жакшы. Эзилген мандариндин үстүнө 1 чай кашык быштак, жарым чай кашык зайтун майы кошулат. 15-20 мүнөттөн соң алгач жылуу, артынан муздак суу менен жуу керек.
Анар. 2 аш кашык анар ширесине 1 чымчым күрүч уну кошулат. Бетке коюлган соң кадимкидей эле жуулуп салынат. Жаштар да, улуулар да колдонсо боло берет.

ЖАШЫЛЧАДАН ЖАСАЛЧУ МАСКАЛАР
Бадыраң. Мунун маскасы бетти азыктандырып, тазартат жана агартат. Жылмакай кылып, нымдандырып, беттин кызарганын кетирет. Мындан тышкары тери тешикчелерин кичирейтет. Тегерекче кылып кесип алып, бетке жабуу керек. Же бадыраңды эзип, анан жабуу кажет.
Картошка. 2 картошка сууга бышырылып алынат. Аны эзип, ага 1 жумуртканын сарысы, 1 чай кашык глицерин, 3-4 тамчы зайтун майы жана бал кошулат. Бетке 15 мүнөт койгондон соң жуулуп салынат. Маска картайып бараткан тери үчүн колдонулат. Теридеги зат алмашуу жакшырып, анча-мынча бырыштар жазылат.
Помидор. Майлуу терилер үчүн өзгөчө пайдалуу. Ал терини майлардан арылтып, тешикчелерин кичирейтет. Клеткалардын бат калыбына келишине шарт түзүп, терини жибектей жылмакай кылат. Маска үчүн помидорду эзип алып, бетке жабуу керек.
Капуста. Мындан жасалган маскалар бардык типтеги терилер үчүн колдонула берет. Капуста терини жумшартып, азыктантат. Сергитип, тазалап, агартат. Капустаны өтө майда туурап, ширесин сыгып алып, бетке жабыңыз. Анан жылуу суу менен жууп салыңыз.
Сабиз. Сүргүчтөн өткөрүлгөн сабиз бардык типтеги терини жазып, бетке эндик сымал күлгүн өң берет. Андыктан жүзү купкуу адамдар бетин сабиз ширеси менен сүртүп жүрсө жакшы.
Болгар калемпири. Фосфор, магний, темир жана кальцийге бай болгондуктан, бул жаатта карагат жана лимонду басып өтөт. Калемпирдин ширесин кургак жана картайып бараткан терилер үчүн колдонсо жакшы.
Кызылча. Бетти сергитип, өңүн жакшыртат. Сепкилдүү жана тактары бар беттер үчүн колдонсо жакшы. Маска үчүн, болгону, чийки кызылчаны эт тарткычтан өткөрүп, боткосун бетке жабуу керектелет. Бышкан кызылчаны деле ичке, тегерек кесип алып бетке жапса болот.


Билип ал

ТАБИГЫЙ МЕДИЦИНАНЫН БАГЫТТАРЫ

  • Анималотерапия – жаныбарлар менен байланышта болуу аркылуу дарылоо
  • Апитерапия – бал аарыдан алынган заттарды (бал, чайыр ж.б.) колдонуу аркылуу дарылоо
  • Аэрофитотерапия – дары чөптөрдүн эфир майларын колдонуп дарылоо
  • Гелиотерапия – күн нурунун жардамы менен дарылоо
  • Дендротерапия – дарактар менен байланышта болуу аркылуу дарылоо
  • Ландшафтотерапия – аймактагы кооз жерлердин жардамы менен дарылоо
  • Фитотерапия – чөптөр менен дарылоо
  • Флоротерапия – гүлдөр менен дарылоо
  • Фунготерапия – козу карындар менен дарылоо
  • Хронотерапия – биологиялык ритмдерди активдештирүү аркылуу дарылоо

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Аygerim
2010-07-05 14:44:04
рахмат
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан