BEELINE РОУМИНГ. ААЛАМДЫ АЙЛАНСАҢ ДА, АР ДАЙЫМ БАЙЛАНЫШТА БОЛ!

Өлкө аймагынын сыртында жүрүп өзүңүз көнгөн номерден чалып же чалуу кабыл алууну каалайсызбы? Анда Beeline’дын роуминг кызматын пайдаланыңыз. Бул кызмат эми мурдагыдан дагы жеткиликтүү жана арзаныраак болуп калды.

“КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЭҢ КӨП КАТТАГАН ӨЛКӨЛӨР ҮЧҮН ЫҢГАЙЛУУ ЖАҢЫ КЫЗМАТ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ”

Вeeline чет өлкөгө чыга турган абоненттери үчүн дагы бир ыңгайлуу кызматын ишке киргизди. Компаниянын коммерциялык роуминг тармагынын башкы адиси Наргиза Махметова аталган жаңы сунуштун артыкчылыктарын атап берди:

– Биз роуминг кызматынын алкагында чет өлкөгө чыккан кардарларыбыз үчүн атайын “Ыңгайлуу роуминг” деген жаңы сунушту иштеп чыктык. “Ыңгайлуу роуминг” кыргыз жарандары үчүн көп каттаган өлкөлөргө арзан баа менен сунушталды. Алар: ЕАЭБдин аймагындагы мамлекеттер жана эс алуу үчүн ыңгайлуу болгон Түркия, Таиланд, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Вьетнам, Бангладеш, Индия жана Малайзия өңдүү туристтик өлкөлөр. Бул кызматты кошуп алып ЕАЭБдин аймагына чыккан абоненттер чалуу кабыл алуу жана чалуу жүргүзүүдө мүнөтүнө 10 сомдон коротуп, 1 мегабайт интернетти 90 тыйынга ала алышат. Ал эми жогоруда саналып өткөн туристтик өлкөлөрдүн аймагына чалуу жүргүзүп жана кабыл алуу мүнөтүнө 25 сомго чейин болсо, 1 мегабайт интернет 90 тыйындан 3 сомго чейин тарифтелет.

Биз муну менен гана чектелип калбайбыз. Камтуу аймактарын мындан ары да кеңейтип, улам жаңы жеңилдиктерди киргизип, жаңы сунуштарды иштеп чыга беребиз.

“BEELINE РОУМИНГ КЫЗМАТЫ ДҮЙНӨНҮН 90-95 ПАЙЫЗЫН КАМТЫЙТ”

Роуминг кызматы боюнча төлөм аймактын бизден алыс-жакын экенинен көз каранды эмес. Мисалы, Америка кошмо штаттарына барган кардар тиешелүү кызматты кошуп алып, жеткиликтүү баада жакындары менен байланыша алат. Beeline роуминг кызматынын мындан башка да пайдалуу жактары жөнүндө компаниянын роуминг техникалык тармагынын адиси Айбек Оморов айтып берет:

– Айбек мырза, роуминг кызматына туташуунун негизги артыкчылыгын атасаңыз.

– Роуминг – башка өлкөгө чыкканда ал жактан жаңы SIM-карта сатып албоо үчүн ыңгайлуу, жакшы кызмат. Өзүңүздөр билгендей, көпчүлүк чет мамлекеттерде жаңы SIM-карта сатып алуу биздегидей оңой эмес. Ошондуктан ар дайым байланышта болуу үчүн роуминг кызматы ыңгайлуу.

– Вeeline’дын роуминг кызматына туташуу үчүн эмне кылуу керек?

– Алгач чет өлкөгө бара турган абонент Кыргызстандын аймагынан чыгарда кызматка туташуусу керек. Ал үчүн күнү-түнү иштеген 0611 кардарларды тейлөө борборуна же роумингге тиешелүү суроолор боюнча 0413 кыска номерине чалып кеп-кеңеш сураса болот. Ошондой эле компаниянын расмий сайтында да маалыматтар көрсөтүлгөн. Дагы бир ыңгайлуу жол – Кыргызстандын бардык аймактарында жайгашкан тейлөө кеңселерине кайрылса тиешелүү адистер керектүү тарифтик планга кошуп, кызматты туташтырып беришет.

– Компаниянын өкүлү катары айтсаңыз, чет жерде жүргөндө байланыштын кайсы түрү ыңгайлуу?

– Чалуу, СМС жана интернет үчөөнүн ичинен интернет колдонуу ыңгайлуу жана үнөмдүү. Интернеттин баасы төмөн, анын үстүнө азыр ар кандай мессенджерлер менен чалышып, жазышуу ыңгайлуу болуп калбадыбы. Ушундан улам абоненттер тарабынан да интернет колдонууга басым жасалат.

– Чалуу кабыл алуу да, жүргүзүү үчүн да каражат алынарына түшүндүрмө берсеңиз.

– Биз башка өлкөлөрдүн мобилдик компаниялары менен роуминг боюнча атайын келишим түзгөнбүз. Өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдин негизинде жана техникалык муктаждыкка байланыштуу чалуу үчүн да, чалууну кабыл алуу үчүн да төлөм алынат.

– Кайтып келгенден кийин сөзсүз роумингди өчүрүү керекпи?

– Кайтып келгенден кийин роуминг кызматын сөзсүз өчүрүү зарыл, себеби биздин өлкө Казакстан жана Өзбекстандын чек арасына абдан жакын жайгашып турат. Ошол чек арага жакындаганда роуминг кызматы автоматтык түрдө чет мамлекеттин операторуна кошулуп кетиши мүмкүн, ошол үчүн биз өзүбүздүн кардарларыбызга Кыргызстанга келгенден кийин роуминг кызматын дароо өчүрүүнү сунуштайбыз. Кененирээк өчүрүү кызматы боюнча маалымат компаниянын расмий сайтында көрсөтүлгөн.

– Чет өлкөдөн роуминг иштебей калса эмне кылуу керек?

– Чет өлкөгө чыккан кардарыбыздын роуминг боюнча кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса, кардар Beeline.kg сайтына кирип, Айдана деген онлайн жардамчыга суроо жазса болот. Жакшысы – өлкөдөн чыга электе толук маалымат алып алган оң. Биз роумингге туташкан абоненттерде техникалык кыйынчылыктар жаралбашы үчүн аракеттерди көрө беребиз.

Кардарга максималдуу ыңгай түзүп берүү үчүн болгон аракетти жасап келебиз. Мисалы, роумингдеги тарификация мурдагыга салыштырмалуу арзан. Мурун чалуулар мүнөтүнө 125-450 сом аралыгында болсо, азыр 5-25 сомго чейин.

РОУМИНГГЕ ТУТАШКАНДА БАЛАНСТЫ ТОЛУКТООНУН ТҮРЛӨРҮ:

► Банк картасы аркылуу (биздин расмий сайтта «Төлөө» бөлүмүндө - «Интернет төлөө»);

► Сиз колдонгон банктын расмий сайтындагы жеке кабинет аркылуу;

► Орусия аймактарындагы "Евросеть" уюлдук салондор тармагы;

► Бирдиктүү төлөө картасы

Роуминг кызматы иш боюнча сапарбы же эс алуу боюнча сапарбы, айырмасы жок, сиз көнгөн номер дайыма жаныңызда болуп, жакындарыңыз менен кабарлашууга шарт түзүлөт. Роумингге туташып чет өлкөгө чыгып келген айрым бишкектиктер кызмат тууралуу төмөнкүдөй пикирлерин калтырышты:

Руслан, 32 жашта:

– Мен Түркияга 8 күнгө барып келдим. Сапарга чыгардын алдында Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда жайгашкан Beeline'дын кеңсесине роуминг боюнча кайрылгам. Ал жактын кызматкерлери менин номеримди роумингге туташтырып, ал кызмат жөнүндө кенен түшүндүрүп беришти. Түркиянын Анталия жана Аланья деген курорттук шаарларында болдум. Эки шаарда тең байланыш боюнча маселе жаралган жок. Башка мобилдик операторлордун роуминги менен салыштырып, Beeline'да баа арзан жана байланыш сапаты жакшы экенин байкадым. Мындан ары Beeline'дын гана роуминг кызматын пайдаланарым талашсыз.

Асылбек, 55 жашта:

– Мен Кытайдын Пекин шаарына иш сапар менен көп барам. Мурдатан эле Beeline'дын роуминг кызматын колдоном. Анткени мен үчүн дал ушул мобилдик оператордун кызматы ыңгайлуу. Анын жардамы аркылуу кесиптештер менен жумуш боюнча байланышып, маанилүү маселелерди чече алам.

Александр, 45 жашта:

– Мен жумуш боюнча Орусияга барып келдим. Роумингге дароо туташа албасам да, аракетимдин акыбети кайтты. Башка өлкөдө болсом да жакындарым менен кабар алышып турдум. Байланыш жакшы экен.

Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан