КОШУМЧА ЖЫЙЫМ ТОПТОО – ҮЙ-БҮЛӨНҮН БЕКЕМ КЕЛЕЧЕГИ

30-октябрда бүткүл дүйнө жүзү Жыйым топтоо күнүн белгилейт. Дүйнөлүк масштабды камтыган бул күн эмнеси менен маанилүү? Негизи эле жыйым топтоо жарандарга канчалык пайда алып келет? Ушул жана башка бизди кызыктырган суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан кеңири маалымат алдык.

ЖЫЙЫМ ТОПТОО КҮНҮ ДҮЙНӨДӨ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДА

Жыйым топтоо күнүнүн башаты 1924-жылга барып такалат. Ошол жылы 30-октябрда Италиянын Милан шаарында 29 мамлекеттин аманат банктарынын өкүлдөрү катышкан конгресс болуп өткөн. Бул эл аралык конгресстин урматына алар чогулган күн, тагыраагы, 30-октябрды жыйым топтоону өнүктүрүү, элге жыйым топтоо маданиятын жайылтуу максатында символикалуу дата катары жыл сайын белгилеп турууну чечишкен.

Кыргыз мамлекети бул майрамды 2015-жылдан тарта белгилейт. Кыргыз Улуттук банкы Германия эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассалар фонду менен биргеликте пилоттук долбоор жүргүзүшкөн. Долбоордун максаты – калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга арналган. Бул иш-чарага алгач Бишкек шаарындагы 4 мектеп жана бир нече аманат банктары катышкан. Азыркы күндө бул майрамдын популярдуулугу артып, республиканын бардык аймактарына тараган.

ЖЫЙЫМ ТОПТООНУН МААНИСИ

Жыйым топтоонун маанисине токтолордон мурун айта кетчү нерсе, адам каражат эле таппастан, аны сактоонун да жолун жакшы өздөштүрүшү керек. Үйдө сакталган акча ар кандай кооптуу жагдайларга кабылышы мүмкүн: уурдалышы же тилсиз жоого, мисалы, өрткө кабылышы мүмкүн. Мындай учурда сиздин каражатыңызды эч ким кайтарып бербейт, демек, күйүп кетет деген сөз. Андыктан каражатыңызды сактоонун эң коопсуз, кепилдик берүүчү жолу – бул банкта сактоо. Банкта сакталган аманат акча (жыйым) коопсуз гана болбостон, үстүнө үстөк пайыз кошулуп, каражатыңыз көбөйөт. Топтолгон жыйым ар бир адамга, анын ичинде үй-бүлөгө бекем келечек түзүүдө жардамга келет. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык керектөөсүнө: ден соолук жаатында, ар кандай жакшылыктарда, каалаган окууга тапшырууда, саякаттоодо, кыймылсыз мүлк же башка баалуу буюм сатып алууда алдын ала топтолгон жыйымды колдонуу өтө ыңгайлуу.

МАКСАТТАРДЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ

Жыйым топтоо күнүн өткөрүүнүн максаты – жыйым топтоо маданиятына элди үйрөтүү менен банктарга болгон калктын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу аракети. Жыйым топтоодогу максаттар канчалык деңгээлде ишке ашканын сандар көргөзөт. 2017-жылдын январь айынын жыйынтыгы менен банк секторунун жалпы аманат базасынын көрсөткүчү 106 миллиард сомду түзгөн. Ал эми 2018-жылдын 30-август айындагы көрсөткүч 127,6 миллиард сомду көрсөткөн. Бул өлкөдөгү банк системинин туруктуулугунан кабар берет жана элдин жыйым топтоо маданиятынын өсүшү, дегеле финансылык сабаттуулугу жогорулап баратканынын көрсөткүчү десек жаңылышпайбыз.

ЖЫЙЫМ ТОПТОО ЖАНА КООПСУЗДУК

Жыйым топтоодо ар бир адамга сарамжалдуулук сапаты жардамга келет. Ашыкча акча жыйым топтоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Канткенде ашыкча акча болот? Каражат топтоодогу негизги критерий – бул анализ. Жыйым топтоодон мурун бир айда канча акча тапканыңызды жана канча коротконуңузду анализдөө кажет. Короткон акчаңыздын канчасы пайдалуу ишке жумшалды санасаңыз, анализдесеңиз, көбү керексиз, жөн гана абага сапырылганын байкайсыз. Демек, бул катаны кийинки айда кайталабаш керек. Сиздин бир айлык короткон каражатыңыз тапкан акчаңыздан ашып кетпеши зарыл.

Кийинки баскыч, адам колундагы акчасын көбүрөөк пайыз алам деген ойдо башкаларга насыя иретинде берип койду. Эгер ал акча убагында кайтарылып берилсе жакшы. Кайтарылбасачы? Алдыда узак соттук процесстер күтөт. Анда да акчаны кайтарып алууга кепилдик бербейт. Ал эми аманатыңызды банкка сактаган күнү сиздин каражатыңыз Кыргыз Республикасынын Аманаттарды сактоо агенттигинин коргоосунда болот. Сиз каражатыңызды каалаган убакка чейин сактап, көбөйтүп ала аласыз. Эң туура чечим – жыйымды банктарда сактоо.

“БҮГҮНКҮ САЛЫМ – ЭРТЕҢКИ АЛЫМ!”

Дүйнөлүк Жыйым топтоо күнү: “Бүгүнкү салым – эртеңки алым!” деген ураандын астында иш алып барат. Бул ураандын өзү жыйым топтоонун канчалык мааниге ээ экенин билдирип турат.

Кыргызстандын бардык аймактарында 22-30-октябрь аралыгында бул майрамга карата көптөгөн иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Алардын айрымдарына токтоло кетсек, Улуттук банк менен өнөктөш финансы уюмдарынын катышуусунда финансы жарманкеси уюштурулуп, анда ар кандай тренинг, түшүндүрүү иштери, лекциялар өтөт. Бул жарманке 28-октябрь күнү саат 12:00дөн 18:00гө чейин "Дордой Плаза 2" жаңы соода борборунда өтөт. Катышып кетүүгө чакырабыз.

Андан сырткары өлкөнүн 7 мектебинде окуучулар жана мугалимдер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, анда финансылык сабаттуулук, жыйым топтоо күнүнүн мааниси, финансылык маданияттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар, оюн-зооктор өткөрүлөт.

Мектептердин 10-11-класстарынын окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн Жыйым топтоо күнүнө арналган “Бүгүнкү салым – эртеңки алым!” темасында эссе жазуу сынагы старт алган жана эсселерди кабыл алуу 25-октябрга чейин уланат.

Сынактын толук шарты менен www.dcb.kg сайтынан тааныша аласыз. Жыйым топтоо жумалыгында өткөрүлчү бардык иш-чаралар менен Улуттук банктын http://www.nbkr.kg/ расмий сайтынан тааныша аласыз. Бардык каалоочуларды бул жумалыкка активдүү катышууга чакырабыз. Анткени алдыда өтө турган иш-чаралардан алган маалыматтар финансылык бекем келечек түзүүгө жардам берет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан