ЖОЗЕФИНА. ЖАКЫНДА ЖАҢЫ СЕРИАЛ

– Кайрадан телефонумду алдым да, жинди немедей эле сенин Инстаграмыңа кирип сүрөттөрүңдү карай баштадым. Сүрөттөрдө сен бактылуусуң. "Сенсиз бактылуу боло албайм" дегениң эсиңде бекен? Кайда-ан? Мен сага кечээки күнмүн. Мен сенин күйөөңмүн. Бирок кечээки... Мен өтмүшмүн сага. А сенчи? Сен мага бир кезде канат байлап "уч" деп туруп, качан мен учуп көнүп алганда канатымды шарт кыркып жерге кулаткан мерез жансың... "Эрди эр кылган да, кара жер менен жер кылган да аял болот" дечү апам. Сен мени чаң кылып тепсеген адамсың. Максатыңа жетиш үчүн керек болгом сага. А азыр... Азыр төрт дубалда камалып, элден корунуп, бир дагы адамды тик карай албаган, жалыны өчкөн бир байкушка айландым. Кантип элди карайм? "Оо, бул баягы Жозефинанын күйөөсү" дешет, сөөмөй менен көрсөтүшөт. Ушунун баарына чыдайынбы? Жок-жок... Мен сенден өч алам!..

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
originalkgz96
2018-10-23 09:16:58
Мамалак бутойун деп калган го э
+4
Tahmina.Musaeva
2018-10-23 09:29:47
Эмнегедир Жезофина- Анжелика деп ойлоп кеттим...
+10
vip.aidan96
2018-10-23 09:54:53
Tahmina.Musaeva,мендагы туура ошентип ойлодум
+5
Dilbaranurdinova
2018-10-23 10:23:14
Мен дагы Анжелика деп ойлодум
+6
gulka_875558
2018-10-23 11:34:45
Мен дагы Анжелика деп ойлодум. Күйөөсүү Урмат деп :)
+4
nurda00
2018-10-24 10:25:27
Торт дубалдын ичинде? Может Максат Баян кызынын мурунку куйосу?))
+1
gulka_875558
2018-10-30 12:15:44
nurda00, анын күйөөсүү турмөдө болсо. Интернетге кантип кирет эле. Инсташрамм деп айтып жататго.
0
Seyitira8186
2018-10-28 20:21:06
Ким болсода баштала берсинчи.коро жатарбыз
0
Eliza_Sa
2018-12-29 21:54:58
Мага да абдан кызыктуу болуп жатат Ким жонундо болду экен Жози
0
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан