ТОПЧУДАН ТОЛТУРА БЕЛЕК ЖАСА

Кичинекей окурман, сен апакеңе, чоң энеңе, эжекеңе соонун белек бергиң келсе, төмөндөгү жазылган эрежелерди окуп, сүрөттөрдү карап жасоону үйрөн. Бирок сага эскертүү. Өзүң жасагын, себеби бул сенин колуңдан келет. Эмесе, бул ирет топчудан түрлүү нерселерди жасоону үйрөнөбүз.

Биринчи эле күн жана гүлдөгөн бак-даракты жасайбыз. Ал үчүн бизге түрдүү түстөгү топчу, ак барак жана желим керек. Болду! Ушул гана жетиштүү. Алгач, барактын бир бурчуна дарактын бутактарын тартып алабыз. Андан кийин ага топчуларды желим менен жармаштыруу керек. Топчу бул жерде гүл катары колдонулат. Анан сары топчуну биздин гүлдөгөн дарагыбызга тийип жаткандай кылып жармаштырабыз дагы, айланасына күндүн желесин тартып коёбуз. Мына бүттү, оңой эле бекен?

Азыр болсо, күн желесин даярдайбыз. Ал үчүн бизге адаттагыдай эле күндүн желесине окшош түстүү топчулар, ак барак жана желим керектелет. Биринчи күн желесин тартып алсак, топчуларды бирдей ырааттуулукта жармаштырганга жеңил болот. Баарын жайгаштырып бүткөн соң ак топчуну булуттун формасындай кылып жайгаштыруу керек. Балакай, сен азаматсың! Экинчи белегиң да даяр болду.


Кезек жаныбарларды жасоого келди. Бул сен ойлогондой кыйын деле эмес. Бул үчүн сен даяр тартылган сүрөттөрдүн үстүнө эле фантазияңа жараша түстүү топчуларды желимдин жардамы менен жармаштырсаң болот.





Жаңыл Ниязбекова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан