ИЧЕГИЛЕРДИН БҮТӨЛҮҮСҮ. СЕБЕПКЕРИ: АСКАРИДА КУРТУ, САБИЗ САЛАТ, АЧКА ЖҮРҮП КӨП ТАМАК ЖЕП АЛУУ

Ичегилердин кескин бүтөлүп калуусунан көз жумгандардын саны мурунку кезден арбып баратат. Буга мурун ич көңдөйүнө жасалган операциялар, чайналбай жутулган кесек эттер жана сабиз салаттар, ичтеги мите курттар да себепчи. Эмесе, оорунун жаралышын, айыктыруу жолдорун Улуттук хирургиялык борбордун ичеги хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Абдрасул Калжикеев баяндап берет.


ИЧЕГИНИН БҮТӨЛҮП КАЛУУСУНУН СЕБЕПТЕРИ

• Мурун курсак көңдөйүнө жасалган операциялардан улам ичегилердин бири-бирине жабышып калуусу.

Мисалы, сокур ичегиге, жатындагы миоманы, ичегидеги ракты жана бөйрөктөгү ташты алуу жана кесарево ыкмасы менен төрөтүү үчүн жасалган операциялар. Курсак көңдөйүнө инфекциянын кирип кетишинен, мисалы, ашказан же 12 эли ичегидеги жаранын же сокур ичегинин жарылып, андагы заттардын тарап кетишинен. Рак дартында нур терапиясынын колдонушу да ичегинин жабышып калышына жеткириши ыктымал. Ичке ичегилер бири-бирине көп жабышат.

Жарааттан же мушташтан ичегиде уюп калган кан да ичегилердин жабышуусуна себепкер.

• Ичегинин механикалык бүтөлүүсү.

Мунун себепкерлери: ичегинин ички бетиндеги шишиктер, өт таштары, аскарида курттары, заңдын катып калышы, ичегинин оролуп, буралып калуусу. Мисалы, адам узак убакытка ачка жүрүп, анан көп тамак ичип алса, ичеги тез иштеп кетет да, натыйжада ичеги буралып калат. Сабиз салатты, кесек алманы же этти, эттин чарымын чайнап жебей, же шашкандан, же тиши жоктон бүкүлү жутуп койгондон да ичегинин бүтөлүүсү келип чыгат. Анткени аталгандар ашказанда сиңбей ичегиге өтүп, бир жерде тоголоктошуп калат. Чачты тиштегилөө адатынан чачтар барып ичегиде түйдөктөлүп, ичегини бүтөп калат.

• Ичегинин булчуң эттерин иштетүүчү нервдердин иштен чыгып калуусу.

Бул курсак көңдөйүндөгү органдардын: боор, бөйрөк, өт, ичеги, жыныстык органдардын сезгенишинен жана аталган органдарга жасалган операциялардын айынан болот;

• Ичегилердеги полиптер (эттин өсүп кетиши);

• Ичегинин бөлүктөрүнүн бири-бирине кирип калуусу.

Ичке ичегинин бөлүгү жоон ичегиге, жоон ичегиники ичке ичегиге;

• Ичегилердин май тешиктерине кирип, кайра чыга албай кыпчылып калуусу (чурку);

• Ичеги майлары ичегиге жабышып, анын бүтөлүүсүнө жеткирүүсү.

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Ич толгоп оорутат;
  • Тынымсыз кусуу күтүлөт;
  • Ичтен желдин жана заңдын чыкпай калышы;
  • Ичтин көбүшү жана ичтин бир жагына томпоюп ооп турушу (ичеги бүтөлгөн тараптын);
  • Курсак көңдөйүнө суюктуктун толушу;
  • Кол менен курсакты сыртынан кармалаганда суунун чулкулдаганынын угулушу;


ДАРТТЫ АНЫКТОО ЫКМАЛАРЫ

  • Колоноскопия. Бул атайын аппарат менен жоон ичегини текшерүү;
  • Ирриогоскопия. Адамга клизма жасалган соң түз ичеги аркылуу барий каражатын куюп жоон ичегини текшерүү;
  • Пассаж ыкмасы менен рентгендик изилдөө;
  • Адамга клизма жасалган соң эртең менен ачкарын барий каражаты ичирилип, анан рентгенге тартылат. Барийдин ашказандан, 12 эли ичегиден, ичке ичегиден, анан жоон ичегиден кандайча өтүп же кармалып жатканы, башкача айтканда, ичегилердин абалы аныкталат. Бул процедура этаптар менен жүргүзүлүп, 2 күнгө созулат;
  • УЗИ жана компьютердик томографиядан өткөзүп текшерүү;
  • Кандын, зааранын анализи.



ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУ

Хирургиялык ыкчам операция. Оорулуу ооруканага түшкөндөн кийин 3 саат аралыгында жасалат: эгер оорулуунун дарты өтүшүп кетсе (ичегилердин бүтөлгөн жери ириңдеп, ириң курсак көңдөйүнө тарап баштаса);

1) Ичегинин бүтөлүп калуусунан денеге уулар көп тарап жатканы, ириңдеп жарылган жерден ичегидеги заттар курсак көңдөйүнө куюлуп баштаганы билинсе;

2) Ичегинин оролуп же кысылып калганы аныкталса. Анткени ичегини кан менен жабдуу бузулуп, ткандары өлүп баштайт (некроз).

Операцияда ичегинин бүтөлгөн жери канча бир бөлүгү менен кошо кесилип, ичегилер кайра улантылып тигилет. Ириң жана жаман суюктуктар чыгып турушу үчүн, мүмкүн, курсакка атайын түтүкчө коюлат. Операциядан кийин кандын курамын калыпка келтирүү, антибиотик берүү жагы каралат.

Операциядан кийинки кабылдоолор да болушу мүмкүн. Алар: кесилгенден кийин уланып тигилген ичегилердин тигишинин ажырап кетиши, ичегилердин кайрадан бири-бирине жабышуусу, курсак көңдөйүнө ириңдин чогулушу, ичегиде тешиктин (свищ) пайда болуусу. Эгер кабылдоо болсо, анда дарыгер хирургдар эмне чара көрүү керек экендигин чечип, ошого жараша иш кылышат.

Консервативдик дарылоо. Эгер дарылап-айыктырууга мүмкүн болсо, керектүү дары-дармектер диета менен кошо сунушталат.

Ичегилер бүтөлүп калбашы үчүн ич катуунун алдын алып күнүмдүк рационго жашылча-жемиштерди кошуу, тамакты убагында өлчөмү менен жана чайнап жеш, ичеги ооруганда дарыгерге текшерилип дарылануу, чачты тиштегилөө адатын калтыруу керектигин айта кетели.

«ИЧ КАТУУНУН АЙЫНАН ЭКИ ЖАРЫМ МЕТР ИЧЕГИСИ КЕСИЛДИ»

– Бизде ичегинин бүтөлүп калуусунан операция болгон 25 жаштагы жалал-абаддык бир жигит жаткан. Ал акыркы 5 жыл ич катуудан өтө жабыркаса да жүрө берип, акыры заңы малдын тезегиндей катып, жоон ичегиде чогулуп, ары жылбай, ичи казандай көөп, кусуп келген. Өзү болсо чийдей арык. Көрсө, ал Гиршпрунг оорусунан (жоон ичегидеги нервдердин тубаса жок болушу) жабыркап, туулгандан бери ич катуунун азабын тартып келе жатыптыр. Убагында дарыланбай жүрүп, оорусун өтүштүрүп жиберген. Текшерүүлөрдөн өткөзсөк жоон ичегилери каткан заңдардан улам чоюлуп, диаметри 25 сантиметрге чейин жетип, 3 бөлүк болуп калыптыр. Үчөөсү 3 капты элестетет. Мунун себеби ичегинин катмарлары акырындык менен чоюлуп отуруп, жыйрылып иштөөсү жоголгондон. Сезгенүүдөн улам ичегинин ткандары өлүп, чирий баштаган.

Биз операцияны 3 этапка белгилегенбиз. 1-этапта курсак көңдөйүн ачып, катып калган заңдар жумшарып жана жуулуп чыксын үчүн курт сымал ичегисин алып, ошол тешикке түтүкчө коюп, анын бир башын сыртка чыгарып койдук. Экинчи ошондой түтүкчөнү көтөн чучукка койдук. Ошентип улам 1 апта бою түтүкчөлөргө суу куюлуп, акыры баягы заңдардын жибигендери түтүкчөлөр аркылуу сыртка чыгып араң тазаланды. 2-этапта каптарды элестеткен 3 бөлүктү алып салдык да, ичип-жеген оокаттарынын калдыктары сыртка чыгып турушу үчүн сокур ичегини оң капталдан сыртка чыгарып койдук (колостома). Жалпысынан 2,5 метр ичегиси кесилди.

Эми 3-этапта кесилген ичегилерди улаштырып кошушубуз керек.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Feiza1982
2018-11-06 00:52:34
Рахмат пайдалуу кеңештерге.
0
Skarlett-Skarlett
2019-01-04 00:34:50
Дарыгерлерге таазим!Колунарга дарт жукпасын!Пайдалуу кенештерге да чоон рахмат!
0
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан