ЮЛЯ ВОЛКОВА МАША ВЕБЕРДИН КҮЙӨӨСҮН ТАРТЫП АЛДЫ

“Тату” тобунун солисткасы Юля Волкованын Парвиз аттуу мусулман жигитке турмушка чыкканы тууралуу өткөн саныбызда жазган элек. Эми Юлянын жаңы түгөйү “Тутси” тобунун солисткасы Маша Вебердин жолдошу экени анык болду. 20 жаштагы Маша менен 22 жаштагы Парвиз чоң сүйүү менен үйлөнүшүп, экөөнүн ортосунда Оскар аттуу уул бар. Ал эми сүйүктүү күйөөсү көзүнө чөп салып жүргөнүн Маша кокусунан билип калган. Парвиз менен Юля көптөн бери мамиле куруп жүрүшсө да, көпчүлүктөн жашырып келишкен. Машанын курбу кызы Ирина Ортмандын айтканына караганда, Парвиз менен Юлянын «сюрпризи» Машага абдан катуу тийген. Анткени, ал Парвизди абдан сүйгөндүктөн, мындай нерсени күткөн эмес. Парвиз үчүн топтон кетип, ислам динин кабыл алууга чейин барган. Ал эми Маша өзү: ”Мен Парвизди баары бир Юляга бербейм. Анткени, ал менин сүйүктүү күйөөм. Парвиз Юля менен убактылуу гана көңүл ачып жүрөт. Анан дагы Оскарды абдан жакшы көрөт. Ал эми Юляга бирөөнүн бактысын бузуп, эч качан бактылуу боло албайсың деп айтаар элем” дейт.

АЛСУ ЭМИ КРЫМДА ЖАШАЙТ
Орус ырчысы Алсу жолдошу Ян, кызы Сафина болуп Американын Лос-Анжелес шаарында тураары көпчүлүккө маалым. Эсиңиздерге сала кетсек, ырчы Лос-Анжелеске кош бойлуу кезинде кетип, Сафинаны ошол жактан төрөгөн. Алсу мекенин абдан сагынганын жана кайтып келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын буга чейин айткан. Ырчынын каалоосу менен жолдошу Ян Крымдан үй сатып алган. Учурда жаңы үйдө ремонт иши жүргүзүлүүдө. Алсу үйбүлөсү менен Крымга май айында көчүп келет. Жаш ата-эне күндүн жылышын күтүшүүдө. Анткени, “кичинекей Сафина жылуу атмосферада төрөлгөндүктөн, климаттын кескин өзгөрүлүшүнөн ооруп калуусу мүмкүн” деп коопсузданышууда.

ЖУЛИЯ ҮЧҮНЧҮ БАЛАСЫН КҮТҮҮДӨ
“Красотка” деген атка ээ болгон Голливуд жылдызы Жулия Робертс учурда кош бойлуу болгонуна байланыштуу кинотасмаларга тартылуудан баш тартууда. Жулиянын учурда Хейзел жана Финнеус деген эгиз балдары бар. Актрисанын эгиз балдары жасалма уруктандыруу жолу менен төрөлүшкөн. Үчүнчү баласын Жулия да, жолдошу оператор Денни Модер да көптөн бери күтүп келген. Тилеги орундалган соң 39 жаштагы дүйнө жылдызы көз жарганга чейин карьераны токтотуп, өзүн үйбүлөсүнө арноону чечкен.

СОГДИАНА “ВИА ГРАНЫН” СОЛИСТКАСЫ БОЛОБУ?
Көптөгөн эркектердин бүйүрүн кызытып келген “Виа Гра” тобунун солисткасы Ольга Корягина кош бойлуу болгонуна байланыштуу топтон кетүүсү күтүлүүдө. Топтун продюсери Андрей Костюктун билдиргенине караганда, Ольганын кайрадан топко келээри азырынча белгисиз. Ал эми анын ордуна кастинг менен солистка кабыл алышпайт. Анткени, топко бардык жагынан төп келген кыз бар. Ал “Фабрика звёзд-6” долбоорунун катышуучусу, өзбек кызы Согдиана экени анык болду. “Согдианада бир гана келбет эмес, ырчылык талант да бар” дейт топтун продюсери.
Өзбек кызы Согдиана сахнага жарым жылаңач болуп чыгып жүргөн “Виа Гранын” катарында кандай көрүнөөрүн убакыт көрсөтөт.

АНЖЕЛИНА КИНОДОН КЕТЕТ
Таланты, сулуулугу менен дүйнөнү багындырып келген актриса, белгилүү актёр Брэд Питтин жубайы Анжелина Жоли балдарын тарбиялоо үчүн кинодон кетип жатканы тууралуу жакында берген интервьюсунда маалымдаган. Айта кетсек, Голливуд жылдыздары акыркы учурда бир уул, эки кызды багып алышып, аларды тарбиялоо менен алектенип келишкен. Ал эми төртүнчү баласын киножылдыздар Вьетнамдагы балдар үйүнөн багып алышкан. “Биз көп бала багып алууну каалайбыз. Ошондой эле балдарыбыз ар башка улутта болуусун эске алып, ар мамлекеттен алууну көздөө­дөбүз” деген билдирүүнү жылдыз тү­гөй­лөр бир нече жолу интервьюларында белгилеп кетишкен.

Дадаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-15 18:15:23
Туура жазсанар дадаган дебей
0
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан