ЖЫЛДЫЗДАР КАРТАДА

Кыргыз шоу дүйнөсү

Учурда мындан бир нече жыл мурун үзүрлүү эмгектенип, кадыр-баркы менен дагы деле сыйлуулардын катарында жүргөн ырчылар көп. Бирок биз бул жолу акыркы жылдары жакшы эмгектенип, изденип, ырлары элге сиңген ырчылар тууралуу сөз кылабыз.

ТУЗДАР

Бек Борбиев
Аккордеондун коштоосунда аткарган ырлары менен эл оозуна алынган Бек Борбиев учурда эстрада ырчыларынын сап башында. Берадор акебиз азыр саясатка кадам таштап турган чагы. Көздөгөн тилеги ордунан чыкса, Бек эми сахна менен чындап коштошушу мүмкүн.

Гүлнур Сатылганова
Казактар Роза Рымбаева менен сыймыктанышса, биздин Гүлнурубуз бар. Гүлнур айым өзүнүн тунук, уккулуктуу үнүн кор кылып, жеңил-желпи мазмундагы ырларды да тандабайт. Ырларынын текстине обону шайкеш келген ырчыны улуу муун дагы, кичүү муун дагы жактырышат.

Ильяз Абдыразаков
Бели ката элек кезинен машинанын дөңгөлөгү менен кошо гастролдон гастролго тегеренген ырчы Ильяздын таланты таш жарганга чейин барат. Ырдын обонун го катырат, көңүлдөнсө, текстин деле тизип таштайт. Чынында, Ильяз хит ырларынан тышкары обон чыгарып, аранжировка жасап берүү менен башка ырчылардын да багын ачып келет.

Мирбек Атабеков
Темир Назаровдун жылдызы жанып, кыздар "Темикелеп" жалынып калышканда продюсери Канат Култаев Мирбек Атабековду колуна алган. Ошондо көпчүлүк “Мирбек Темирдей боло албаса керек” деп ой жорушкан. Бирок бул сөздөр суу кечпей, Мирбек эстрада ырчыларынын алды болуп чыга келди.

ХАН-ХАНЫШАЛАР

Каныкей
Кадимки картадагы салтты бузгубуз деле келген жок. Бирок сахнага саресеп салсак, жаш болсо да хандардан кем эмес эмгек кылып келе жаткан кыздарыбыз бар экен. Ошондон улам Каныкейге ханыша деген статус бердик. Бул ырчынын үнү, ырдоо стили ыр ышкыбоздорун кайдыгер калтырбайт.

Тата Улан
Атынан баштап кийинүү стилине, ырдоо манерасына чейин башка ырчылардан өзгөчөлөнгөн Тата Уландын ырлары азыр уюлдук телефондорду басып кеткен. Бул жигиттин ой-туюму да башкача. “Ырларыма көңүл бургандар сөзсүз бетиме да кызыгышат” деп чүмбөт кийип, элдин назарын ого бетер арттырууну ойлоп тапканын карабайсызбы.

Бекчоро
Бекчоронун көз айнеги ырчынын аброюн бир топ арттырды. Жагымдуу, сулуу көзүн жашырган ырчынын үйлөнгөнүнөн кабарыңыз бар чыгар. Ак жоолукчан айымды жандагандан кийин деле сахнаны таштабайт деген үмүттөбүз.

Сайкал
Акыркы убакта турмушка чыккан Кенже эжекесинин ордун Сайкал сиңдиси басып калган шекилдүү. “Кыз-Бурактын” Кенжеси казакка келин боло электе эле Сайкал бир топ эмгек кылып жиберген. Ошол эмгектерин эске алып, жагымдуу үндүн ээсин ханышалардын катарына коштук.

АЙЫМДАР

Гүлзинат
Сахнага үндөн сырткары өң-келбет дагы керек. Кели­шим­дүү жүзүнөн уламбы, ырчыны айрым аты таанымалдар да колдоого алышты. Буга уккулуктуу үнү жуурулуша түшкөн Гүлзинат айым шоу-бизнес чөйрөсүндө бир топ өйдө көтөрүлүп алды.

Айпери
Мындан бир нече жыл мурун “ата, кел, экөөбүз дуэт ырдайбыз” деген сунушту көтөрүп чыккан Айпери Кубик кызы азыр сахнада өз орду бар ырчы. Чынын айтыш керек, атасы Кубикке караганда Айперинин күйөрмандары көп болушу мүмкүн.

Аида Кулуева
Фонограммага караганда жандуу үн менен ырдоону жактырган Аида Кулуева продюсери менен коштошкону тыныгууга деле кеткен жок. Эмгекти сүйгөн ырчыга карата бирок деген сөз бар. Бирок дегеним, чыгармачылыгын түшүнбөгөн мырзага турмушка чыгып, анын мыйзамына баш ийип, үйдөн чыкпай калбаса экен дейбиз.

Кундуз
Жигиттер Кундуздун ырларынан дагы татына келбет-жүзүнө суктанышып, шилекейин кылк эттире бир жутушары бышык. Кундуз назданып отуруп эле билинбегени менен кыргыз шоу-бизнесинде алгылыктуу эмгек жаратканга жетишти.

ВАЗИРЛЕР

Кумар Асанов
Балапан кезинен ырчылыкка баш урган Кумар Асановдун “Кыргызстаным” деген ыры кайсы кыргыздын гана жүрөгүн козгоп, жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулабайт. “Багуусу жарашса, кара катын ак болот” дегендей продюсери жакшы иштесе эле туздардын башында турчу жигиттердин бири.

Даниель
Татына кыздардын жүзүнөн калышпаган өң-түстүн ээси Даниелдин таскагы бир аз басаңдап калган сыяктуу. Ага карабай күйөрман кыз­дары ыр­чыны көр­­гөн жерден бура бастырбай келишет.

Ильяз Андаш
Кыргыз шоу-бизнесиндеги кө­рүнүктүү Ильяздардын бири – Андаш. Бул жигит кичинесинен музыкага сугарылганын айтпай кетүүгө болбойт. “Сен жок”, “Кимди сүйөсүң?” деген ырлары акыркы учурда жакшы эле эмгектенип жатканынан кабар берет.

Дайыр Исмадияров
Өткөн саныбызда Дайыр Исмадияровду кыз кылып жасап-түзөп көргөнбүз. Карап алып, Кудай жалгап, эркек эле болуп калганы дурус болуптур деп сүйүнүп калдык. Селкилерди баарынан мурда көзү менен имере тарткан ырчы жигиттин акыркы учурда “Кара көзү” укмуш хит болуп жатат.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
lira
2010-07-05 10:56:42
Tuz-Gulnur eje
Han-Bek4oro
Ayim-Kunduz
Vazir-Andash
0
aygulya
2010-07-06 01:15:38
туура таапсыздар алга кыргыз жылдыздары
0
Azyk
2010-07-06 16:32:33
ийгилик биздин жылдыздарга
0
Nura
2010-07-09 11:17:53
Молодцы! они наши звезды!!!
0
guzalya
2010-07-15 15:19:59
Бекчорону которуп коюпсуз
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан