Марат Жуманалиев, актёр, КВНчи, мушкер: “МЫНДАН АРЫ МУШТАШПАЙМ ДЕП ӨЗҮМӨ СӨЗ БЕРГЕМ”

Бул жолу биз баскетболчу, мушкер, актёр жана жөн эле Маратик менен маек курдук. Узун бойлуу КВНчинин жашоосуна сиз да кызыгасызбы, анда маекти окуңуз.

Туулган жылы, күнү –
1981-жыл, 8-май

Бою – 2 метр 12 сантиметр

Салмагы – 140 килограмм

Билими – Политехникалык институтунун экономикалык факультетин, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинин баскетбол багытын аяктаган.

Бутунун өлчөмү – 50

– Марат, саламатсызбы? Бала кезимден спортко жакынмын дедиңиз. Окуу жагынан кандай элеңиз?

– Саламатчылык. Мен Бишкек шаарынын Аламүдүн кичи районунда төрөлүп өстүм. Апамдын толгоосу бышып, “Тез жардам” кызматын чакырса алар кечигип келишет. Корообуздан чыкканда аялдама бар болчу, мен ошол жерде, апам “Тез жардам” унаасына жетери менен төрөлүпмүн. Көрсө, ошондо эле сыртка чыгам деп шашып жаткан экем да (күлүп). Үйдө эки бир тууганбыз, менден улуу эжем бар. Мектепте орто окудум, анткени досторум менен ары-бери басып, оюнга, спортко көп алаксыйт элек. Чынында окууну көп тоготкон эмесмин. Апам эле “окушуң керек, аттестат алышың керек, жогорку окуу жайга тапшыр, жогорку билим ал” деп көп айтчу. Ошондуктан апамдын сөзүн эки кылбай айтканынын баарын аткардым. Мектепти таштаган жокмун, аттестат, дипломду алдым (күлүп).

Мага спорт менен машыгуу абдан жакчу. 16 жашка чейин кикбокс, таэквондо менен машыктым, футбол ойнодум. Кыскасы, спорттун дээрлик бардык түрү менен машыкчумун. Кийинчерээк профессионалдуу түрдө баскетбол ойноп калдым.

– Боюңузда өзгөрүүлөр качан байкала баштады?

– 14 жашымда болсо керек. 10-класста медициналык текшерүүдөн өткөндө боюм 1 метр 95 сантиметр болчу. Ал кезде балдар мага салыштырмалуу бойлору кичине эле. Такай жанымда жүргөндөр мага көнүп деле калышкан. Бирок биринчи көргөндөргө, албетте, боюм дароо көзүнө илинчү.

– Бир кезде рэп ырчысы Тиматиге жан сакчы болуп жүрдүңүз. Бир айда кайра жумуштан кетишиңизге эмне себеп болду?

– Мен баскетбол боюнча орусиялык супер лигада Якутск шаарында 3 жылдай ойногом. Ал жактан “Black star“ командасындагы рэп ырчысы L'one менен достошуп калдым. Кийинчерээк мен баскетболду таштап, Якутсктан келе бердим. Ошол боюнча L'one менен байланышыбыз үзүлдү. Бир жолу “жакшы сунуш бар, Тимати менен иштешип көрбөйсүңбү?” деп жазыптыр. Сунуш жакты, макул болдум. Бир ай сыноо учуру болот эмеспи. Иштегенче байкоо салсам руханий жактан өсө алчудай эмесмин. Эч нерсе кылбай эле жанында жүрө берген жаккан жок. Ошондуктан иштешпей калдым.

– Тимати сырттан бой көтөргөн адамдай сезилет. Жашоодо деле ошондойбу?

– Жок, ал аябай эле жөнөкөй адам. Мен азыр анын абалын түшүнүп жатпаймынбы. Ар жактан көп көңүл бурула берсе чынында чарчайт экенсиң. Ошондуктан кээде сүйлөгүң келбей калат, көңүлүң тартпайт дегендей. Бирок Тимати өзүнүн чөйрөсүндө биздей эле жөнөкөй жигит.

– Баскетболду эмнеге жыйыштырып салдыңыз?

– Ден соолугума байланыштуу таштоого аргасыз болдум. Тиземе көп күч келчү, өзүмдү күтөйүн, ден соолугумду карайын дедим. Бирок андай десем андан кийин деле бокс менен машыгып келдим. Көп жаракат алдым, тиземе операция жасаттым. Дагы деле тизем көп маселе жаратып келет.

– Бокс демекчи, сиз Николай Валуев менен Владимир Кличконун спарринг-өнөктөшү болуп да жүрдүңүз?

– 2008-жылы Германияда беттеш болмок, ошого баргам. Ал жактагы алдыңкы машыгуучу залдардын биринде машыгып, Александр Поветкин, Николай Валуев менен таанышып калдым. Валуев ал кезде өзүнүн чемпиондук титулун коргоп, Дэвид Хэй менен беттешке чыкмак. Ошондо таанышып, иштешип калдык.

– Сизди “Азия Микс” командасындагы Маратик катары да тааныгандар көп. КВНге кантип келип калдыңыз?

– “Азия Микс” командасына Эльдияр Кененсаров чакырган. Бир күнү “Мара, бизге кошул” деп чалып калды. “Мен өмүр бою спорт менен жүргөм, КВНде ойносом кандай болуп калат?” дедим. Бирок ал мени баары бир КВНчи кылды (күлүп).

– Сизди ар тараптуу өнөрлүү десек болчудай. Эми актёр Маратка кайрылалы. Тасмага тартылган жактыбы?

– Ооба, тасмадан өзүмдү тапкандай болдум. Тасма талаасында иштеген жакты, кала берсе өз ишин мыкты билген адамдар менен иштешүү жеңил экен. Орусиялык “Остров” телесериалында, казакстандык “Таиланддагы каникулдар”, өзүбүздүн “Метаморфоза”, “Чтения Петрарки” тасмаларында роль жараттым.

– Сырткы келбетиңизден олуттуу көрүнгөнүңүз менен, романтик окшойсуз. Шам чырактардан жүрөкчө тартып, фейерверк аттырып жубайыңыздын колун сураган экенсиз...

– Жубайымдын теги дагестандык, бирок Кыргызстанда жашап калышкан. Ата-эне, туугандарынан уруксат алуу оңойго турган жок. Анткени аларда башка улуттарга кыздарын беришпейт. Ата-энеси менен көпкө сүйлөшүп отуруп макулдугун алганбыз. Ошондон кийин гана көңүлүм жай алып, кыздын көңүлүн алууну чечтим. Мен чынында сюрприздерди жактырчу эмесмин, бирок кыздарга жагарын билем. Сюрприз жубайыма жакты, азыркыга чейин айтып жүрөт (күлүп). Ошентип экөөбүз баш кошконбуз.

– Уулдарыңыз жолуңузду тандашса колдойсузбу?

– Мурунтан эле аксакалдар мага “сен чоң, салабаттуусуң, артыңда көп тукум калтырышың керек” дей беришчү. Ошол нерсе мээме да сиңип калыптыр. Менин 4 уул, 1 кызым бар. Улуу балам 10 жашта, баскетболду тандады, экинчи уулум бокс менен алектенип жүрөт. Эң кичүүбүзгө 2 ай болду. Эң кыйыны – баланы татыктуу тарбиялоо экен. Бала кайсы жолду тандабасын ата-эне аны колдоп, туура багыт бериш керек деп ойлойм.

– Бейбаш балдар менен мурун-кийин тирешүүлөр болгонбу?

– 11-класска чейин балдар менен мушташып жүргөм. Бир жолу бирөө менен мушташып кетип, бала катуу сокку жеп калган. Ошондо мушташпайм деп өзүмө сөз бергем. Азыр өзүңүздөр деле көрүп жүрөсүздөр, бир сокку менен бир адамдын өмүрүн өчүрүп коюшуң мүмкүн. Анын артынан өзүң да өмүр бою темир тор артында өтөсүң. Андан көрө мен сабыр кылып чыдап койгонум туура. Кала берсе азыр бала-чакалуу болгондон кийин келечекти да ойлоп, баалуулуктар өзгөрүп калат экен.

– Маегиңизге рахмат!

Марат, Николай Валуев, советтик жана орусиялык бокс машыктыруучусу Александр Зимин.
"Мени командага Эльдияр Кененсаров чакырган".
"Жубайым башка улуттан болгондуктан туугандарынын уруксатын алуу оңойго турган жок".
"Тимати менен иштешсем руханий жактан андан ары өсө алмак эмесмин".

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
vikidiki
2018-10-30 09:42:39
Мен коркмокмун да аялынын ордунда болсом. Билбейм ай, журогу тоо экен.
+11
Odik11
2018-10-30 16:02:38
vikidiki, Фантазиянан сенин
+1
Kymbatym
2018-10-30 10:32:32
уктоочу дивандыда заказ мн узун туурасынанда кенен чоң бекем кылып жасатса керек аялы азамат экен ушундай чоң адам мн жашаган биздин классташ баланында бою 11-класста окуп жатканда 1,90болчу андан бери 5жыл өттү дагы өскөн болсо керек бирок анын сөөгү ничке арык болчу
+1
engel
2018-10-30 11:05:54
Kymbatym, бир жаман жери булар омур бою сооокторунон жабыр тартышат да
0
Kymbatym
2018-10-30 12:01:18
engel,ошондо бул оорубу?классташым сөөгүм ооруйт дебейт болчу
0
engel
2018-10-31 17:13:34
Kymbatym, ошондой десе болот...
0
cholpon119966
2018-10-30 13:05:02
Ааа даа бул бир эле урса турбай каласын го, муштуму биздин муштумдан тортоо келет го. Азамат экен, дагы балалуу болгула, уй булолук бакыт каалайм, аман журунуз, оорубаныз. (Кыргыздан эле алсаныз болмок, мейли эми...)
+5
Alia82
2018-10-31 00:37:33
Таза кандуу кыргызды көбөйтпөйт белең. Маайли эми...
+2
admin_media
2018-10-31 12:53:21
Nurgazy80, коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Aibyikem
2018-10-31 23:08:07
Баары эле эн сонун. Большого жубайын кыргыз кызынан эле алса болмок, ырас тукумун остуроюн деген ниети бар болчу экен. Мейли эми, каны кыргыз кантседа балдарынын.
+1
anonymous
2018-11-01 01:59:48
Айсулуу тыныбековадай балбан кыз алса болмок экен
+1
Nur777
2018-11-03 17:14:32
Жашоосун кызык откорот экен,мен мен деген адамдар менен иштешиптир жана жашоосунда ойлогон тилектерине жетиптир.Азамат экен!
0
Tareg
2018-11-04 01:51:08
vokzal jakta magazini bar ele ata-enesinin. bir jolu kirip ele ech kim joktoi korungon, anan ele vam chto to pokazat' dep ustumon karap tursa esim oop kalyptyr.
+2
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан