Акылбек Абдыкалыков, Кыргыз Эл артисти: "ИНИМ АКТАНДЫ АТАМ САТЫП АЛАМ ДЕП БАРСА БЕРБЕЙ КОЮШУПТУР"

Жакында Акылбек Абдыкалыков Кытайдын Циндао шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Түнкү кырсык" тасмасындагы ролу үчүн “Эң мыкты эркектин ролу” наамын багындырды. Андан аз өтпөй "Азия кино сыйлыгы" (эл арасында "Азия Оскары" деп айтылат) фестивалында "Эң мыкты эркектин ролу" наамына көрсөтүлдү. Каарманымдын дүйнө таанымы, көз карашы таптакыр башкача экенин байкадым. Анын ата менен уулдун ортосундагы көрүнбөгөн улуу сезимди айтып бергени катуу таасирлентти. Сизге да баарлашуубуз таасир калтырат деп ишенем.

– Агай, сыркоолоп жаттым дедиңиз эле, жакшы болуп калдыңызбы?

– Рахмат, жакшы болуп калдым. “Ак кеме” тасмасы жаңыланып тартылып жатпайбы. Момун чалдын ролунда болчумун. Тартылып жүргөн учурда оорум күчөп кетип, баш тартканга туура келди. Азыр алым жоктугу эле болбосо, жакшы элемин.

– Сыйлыктарды байма-бай ала баштадыңыз, күттүңүз беле?

– Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасында кызды куткарып калган абышканын ролун аткаргам. Ким билиптир “Эң мыкты эркектин ролу” наамын аларымды (күлүп)? Эл аралык фестивалга барганымда тасманы көргөндө баары эле дуулдап куттуктап калышты. Сахнага чыкканда фамилиям окулганда араң ишендим. Эми “Азия Оскарына” көрсөтүлдүм. Дарманым келсе барам деп турам.

– Сизди тасмалардан көп көрбөгөнүбүздүн себеби, театрга жана режиссёрлукка көп убактыңызды арнадыңыз окшойт?..

– “Мен Тянь-Шанга” тартылгандан кийин “Токтогул”, “Үйүң кайда, үлүл?” “Шайтандын мөөрү”, “Найман эненин көз жашы”, “Бешик”, “Курманжан датка”, “Түнкү кырсык” тасмаларына да тартылдым. Мактана турганым, иним, кинорежиссёр Актан Арым Кубат бар. Анын баласы да тасмаларды тартып жүрөт. Мен дагы кинорежиссёр болом деп ойлогом, бирок атам каза болуп калып уланта албай калдым. Союз учурунда дипломуң болбосо кино тартууну берчү эмес. Азыр кааласаң тартып, элге жакса өтүп кетип жатпайбы. Режиссёрлук менде күчтүү болуш керек, бирок театрда чоң-чоң ролдорду ойнодум. Кийин жетекчиликке өтүп кеттим.

– Сиз жана иниңиз чыгармачыл инсан болгонуңуздарга караганда каныңыздарда бар болсо керек?

– Мен бир туугандардын улуусумун. Менден кийин төрт бир тууганым каза болуп калды. Оорубай-этпей, ойноп жүрүшүп эле каза болду. Төртөөнөн кийин Актан төрөлдү. Атам түнү менен устага бешик жасатып, беш кемпирдин алаасынан өткөрүп, таякеме бала кылып берди. Ажал бурулуп кетсин деген кыязда жасашты да, ырымдан кийин аман-эсен башкасы жашап кетти. Актан бөлөк өсүп калды. Кийин атам сатып алам деп барса, баккан атасы бербей коюптур. “Фамилиясы сеники, аты деле өзгөргөн жок. Бала мага буюруптур, бербейм” деп багып алган атасы макул болбой койгон экен. Актан эстүү да, атамдын атын, баккан атасынын атын кошо алып кетти. Атамдын аты Арымбек, таякебиздин аты Кубатаалы болчу. Мага кеңешкенде макул дедим. Чындыгында, экөөнүн тең акысы бар. Багып алган ата-эне кызганчаак болот да, коңшу айылда жашасак да бизге жакындатчу эмес. Атам райком, башкарма болуп иштеген адам эле. Апам болсо ыр жазчу экен. Чыгармачылык экөөндө тең бар болчу, каныбыздан болушу да мүмкүн.

– Адатта уул бала апасына жакын болот го, бирок атам деген сөздү бөтөнчө жылуу сезим менен айтып жатасыз. Атаңызга жакын белеңиз?

– Суу куйду тентек элем. Атам тентектигимден мага көп ишенбей жүрдү. Мен алгач жазуучу болом деп ойлочумун. Алгач азыркы Кыргыз улуттук университетине филология факультетине тапшыргам. Кийин Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөрү институтуна өтүп кеттим. Жалил Сыдыков “Сенден мыкты акын же жазуучу чыгат, бирок кандай актёр чыгат билбейм, боюң да кыска. Жөн эле койсоңчу” деди. Көбү ошентти. Кийин Эл артисти наамын алганда “биз жаңылыптырбыз” деп моюнуна алды (күлүп). Чыгармаларымды журналга жиберсем жарыяланып, анан гонорар чыккан экен. Аны атама алып барсам биринчи жолу ишенди. Көзүнө жаш алды. Атам бир мүнөз, сүрдүү киши эле. Мага жалынып же бетимден өөп мээрим төккөнүн билбейм. Бирок эч кимге билинбеген жакындыгыбыз бар эле. Аны сүрөттөп деле бере албайм. Ушу атам мени жакшы деле көрбөйт деп ойлочумун, бирок ал мени аябай жакшы көрүптүр. Каза болорго аз калганда оорулуу бутун сүйрөп алып мага почтадан акча салганы келиптир. Салып кетип баратса жардамдашам деген бирөө калган акчасын алып коюптур. Ошону эстесем ыйлагым келет. Атам мени аябай жакшы көрүптүр. Бирок ачылышып сүйлөшө албаптырбыз. Ушуга көп арман кылам.

– Боюңуздун кичинекейлиги актёрдук кесипте жолтоо болдубу?

– Эми фактура каралат да. Мисалы, талантыма карасак, мен Ильяздын ролун ойношум керек эле, боюм кичине болгондуктан анын досунун ролун ойноп калдым. Театрда болсо арманым жок. Келгенимде эле Муратбек Рыскулов мага килтейген ролдорду берип салды. Бир спектаклде 17 адамдын ролун өзүм ойногон учур болгон. Ушундай бир рамкага сыйбаган идеяларым өзүмө да, башкага да жагып калчу. Кээде боюм кыска экенин өзүм унутуп калган учурлар болду (күлүп).

– Шоктугуңуздан бир шиңгил айтып берсеңиз.

– Оюмда тентектик кылам дечү эмесмин. Мага туура келген бир нерсени жасап койсом эле, эл уу-дуу болуп “бейбаш эле, бейбаш” деп жатып калышчу. Беш жашта болсом керек. Бактын башындагы чымчыктын уясындагы балапандарын көрөм дедим. Чыгып баратам, учуна жеткенде термеле баштадым. Шамал болорун кайдан билем? Бутакты кармап алып бакырып жатам. Эл шырдак, кийизин ала чуркап “тосуп калабыз, бутакты коё бер” дешет. Алыстан ат минип келе жаткан атамдын караанын көргөндө колдорум бошоп кетти. Топ деп түшүп калдым.

12 жаштарда токтолдум. Бир классташымды жакшы көрүп калып токтолдум. Негизи эркектер сүйүү үчүн көп иштерди кылышат (күлүп).

Мен адабиятта болобу, тасмада болобу, театрда болобу, сүйүүнү көп изилдедим. Көп трактаттарды окудум. 4500дөй китеп чогулткам. Кийин китепканага өткөрүп ийдим.

– Сүйүүнү көп изилдесеңиз, аны издегендердин катарына кирсеңиз керек?

– Сүйүү – бар-жогуна чыдап, бир адам деп жашаган нерсе. Улам бирөөнө секире берген – шайтандын оюну. Андай адам эч кимди сүйүп жарытпайт. Чындап сүйсөң сезимиңди айта да албайсың. Жанагы балалык кездеги сүйүүмдү айтайын. Борбордогу интернатта окучумун да. Троллейбустан түшсөм мен жактырган кыз мага карай келе жатат. Кайда качарымды билбей калдым. Жакын келгенде “эртең эмне сабак?” деп коём. Ал болсо “билбейм, математика болсо керек” деп коёт. Мындай чыгып тилимди сундум. Анткени жайкы каникулда жүргөнбүз. Мына ушундай, тилдүүнү дудук кылат. Наполеон тууралуу бир кино бар, согушка кетип баратып аттан түшүп жалгыз ыйлайт. Мен дароо эле түшүндүм, Жозефинаны кызганып ыйлап жатканын... Кийин китебин окусам чын эле ошондой экен.

– “Түнкү кырсыкта” жаш кезге караганда улгайып калганда сүйүү күчтүүрөөк дегендей нерсени түшүндүм. Бул туурабы?

– “Жаш кезде кан менен, картайганда жан менен сүйөсүң” деген сөз бар. Анткени жаш кезде алдыңды эле карасаң, картайганда капталыңды, аркаңды, алдыңды бирдей серп салып чыныгы сезимди түшүнүп каласың.

– Жубайыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Москвада окуп жүргөндө таанышып, жакшы көрүшүп үйлөнгөнбүз. Анаркүл (ред.: Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актриса Анаркүл Назаркулова) мен үчүн көп курмандыкка барды. Ош драма театрында, Ысык-Көл театрында мыкты иштеди.

– Балдарыңыздын ичинен жолуңузду жолдогондору барбы?

– Төрт балам бар. Эки кыз, эки эркек. Экөө өз кесиби менен. Кызым Айзада Абдыкалыкова театрда актриса, кичүү уулум эстрада жаатында окуп жатат. Чыгармачылыкта ушул экөө.

– Материалдык байлык сиз үчүн?

– Мен ал тууралуу ойлогон жокмун. Билем, акча аз. Бирок көбүрөөккө жетейин деген максат болбоду. Эми жетпесе жетпейт да, жетпейт деп бирөөдөн жулуп алмак белең (күлүп)? Өмүр бою жатаканада жашадым. Түгөлбай Казаков мындан бир нече жыл мурун “Үйүң кайда, үлүл?” деп макала жазган. Шайлообек Дүйшеев, дагы далайы интервью алышты. Мына 70 жашка чыктым, жакында эле бир бөлмөлүү үйлүү болдум. Кызым экөөбүз алдык.

– Эмнеге сыймыктанасыз?

– Жашоону “халтура” жашаган жокмун, театрда, кинодо, жашоодо чыныгы өзүмдү жашадым. Ошого сыймыктанам.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Hatali
2018-10-30 11:22:10
Эс ала туштум го интервьюсунан.
+19
baisogur
2018-10-30 11:51:54
Жашоону халтура жашаган жокмун деген кеби жакты.
+17
Jyldyz16
2018-10-30 12:13:52
Бактылуу каарылык каалайм. Чыныгы таланттуу кишилер чындыгында байлыкка кызыкпайт тура
+13
admin_media
2018-10-30 17:10:59
dobrajelatel, саламатсызбы! Техникалык катачылык түзөтүлдү, рахмат.
0
Aibyikem
2018-10-30 21:32:43
Кесибин суйгон чыныгы инсан. Азыркыларга окшоп искусствону бизнеске айлантып албаган. Бактылуу каарылыкка жетип, узаак жашаныз.
+7
xnurgul_gul
2018-10-30 21:50:34
Сонун интервью болуптур,ушундай Улуу муундардын айтканын угуп отурсан кадимкидей жыргап эс алып алам.Коп жашаныз Атаке оруу сизди аттап отсун
+7
Zarema94
2018-11-01 21:58:56
Ушунтип жакшыыы интервью алса болот экен го!? Самара, Анжелика деп башты оорутпай ушунунардан жазбагыла, Суперчилер
+4
Eureka
2018-11-02 10:48:52
жакшы маек болуптур, жан дүйнөсү таза адамдар менен сүйлөшсөң, өзүңдүн да жан дүйнөң тазарып калат. Рахмат, суперчилер ушундай инсандар менен бетме бет жолугуп баарлашаса албасак да, силер аркылуу "жан дүйнөм тазарып, жашарып, агарып" калам.
+1
Eureka
2018-11-02 10:52:50
Суперчилер Оштук акын Нуржамал Калмаматова эже менен маек бергилечи
0
Nur777
2018-11-03 15:00:35
Сонун маек болуптур,бирок суротторунон кобуроок жуктосонуздор болмок экен,мисалы "Мен Тянь-Шань"фильминен же уй-булосунун.
+3
Siren90
2018-11-03 16:35:05
Момун чалдын образын аткарбай калганы жаман болуптур, ден соолукта болсун.
0
Nur777
2018-11-03 16:38:27
Тфу тфу,Супер онолуп баратат окшойт,улуу,таланттуу инсандар менен маек куруп,болбосо Самаш менен Жоли минип алышты эле го тушпой Суперден))
+4
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан