Болот Шер, ИИМдин жетекчиси: «ЭКИ АЖОНУН КАТАСЫНАН БИЗДИ АБИЙИРИБИЗ ГАНА САКТАЙТ»

Бейне

Кыргыздын “атына заты жарашкан” деген жакшы кеби бар. Ден соолугу эс алууну талап кылганына карабай өлкөнүн эң жоопкерчиликтүү, тынчы жок тармагын башкарып жаткан бул адамды карап отуруп ушул сөз эсиме түштү. Атын Болот деп ата-энеси бекеринен коюшпагандыр...

– Болот байке, алгач куттуктайм! Көп жыл жан тынымынан кечип кылган ишиңиздердин акыбети кайтты. Текебаев “Болот Шерниязов экөөбүз кызматтан кетебиз, анткени шайлоо адилет өтүшү керек” деди. Бир чети туура чечим. Бирок Убактылуу өкмөт мүчөлөрү шайлоого даярданам деп кете беришсе, өкмөттүн иштерин ким аткарат?
– Кызматтан кетерибиз чын. Ал эми өкмөттүн иши кароосуз калбайт. Убактылуу жетекчилер ишти аксатпай алып кетишет деп ишенем.
– 6-апрелдеги окуялар тууралуу көп кеп айтылды. Бирок өзүңүз эч нерсе айтпай келе жатасыз...
– Негизи, журналисттер менен анча ынак эмесмин. Чынында, апрель окуялары тууралуу биринчи жолу сизге кеп салып берип жатам.
Алтысында кечки саат алты чамасында Талас облустук администрациясында отуруп, теледен кабарларды көрүп жаттым. Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп,
“Болот Шерниязов кармалды, биз абалды жөнгө салдык” деп опурулуп жатыптыр. Ошондон 15 мүнөт өтпөй мага Акылбек Жапаров чалды. Бул чалуу “контрольный” экенин түшүнүп турдум. Үсөнов “кармалды” дедиби, демек, жакын арада мени кармап кетишет.
Ойлогонумдай эле көп өтпөй кирип келишип, колума кишен салып алып кетишти. Мени алып келип УКМКнын камерасына камап коюшту. Ишенесизби, туурасы алты карыш келген камера. Түнү бою ошол кенедей камерада басып чыктым. Мурун да “мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет жасады” деп мага кылмыш ишин козгошкон. Бул экинчиси болчу. Демек, жыйырма жылдан ашык мөөнөткө камашат. “Эгер аман калсам, жетимиш жаштан өтүп абактан чыгат экенмин” деп ойлой баштадым.
Сыртта эмне болуп жатканын билген жокмун. Бирок Таластагылар тынч гана тарап кетиши мүмкүн эмес болчу. Менин кубанганым – Таластагы коогалаңда өлүм болбогону. Тагдырдын тамашасын кара, мурунку түнү “Таласты тынчытам, Шерниязды камакка алам” деп жүздөгөн милиция кызматкерин баштап барган Молдомуса Конгантиевди мен каарданган элдин колунан бошотуп, бул жакка алдырдым.
– Фамилияңызды эмнеге өз­гөрт­тү­ңүз? Адам аты-жөнүн кай­сы бир окуядан улам “кайра төрөл­дүм” деген ой менен өзгөртөт эмес­пи...
– Кыргызда бир салт бар экен, катуу оорудан аман калган адамдын аты-жөнүн өзгөртө турган. Аты-жөнүмдү өзгөртүүгө бул да түрткү болду. Мени илгертеден эле таластыктар Болот Шер дешет.
– Буга чейин оппозициянын негизги күчү биримдикте иштей алды. Мындан ары да ынтымакта иштейсиздерби? Же “ЖКдан көбүрөөк мандат алуу, өкмөткө ишенимдүү кишилерди коюу” деген оюндарга ки­рип кетесиздерби?
– Ооба, ал иштер болот. Бул кадимки мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирөөлөр кызматка келет, кайсы бир топ оппозицияга кетет. Бирок мурунку режимдердегидей болуп эми оппозицияны куугунтуктоо токтотулат. Конституция өзү оппозицияны коргойт. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзөт.
– Мурунку депутаттык шайлоодо Медет Садыркулов “Ата Мекенге” 30 орун берели деп чалганда Текебаев 60тан ашык орун алабыз, сүйлөшүүгө барбайм” деп парламенттен куру калды” деген кептерди уккан жайым бар...
– Ошол кезде “Ата Мекендин” шайлоо боюнча штабынын башчысы болчумун. Алгач Садыркулов мага “21 орун беребиз, иштешесиңерби?” деп чалды. “А эмне үчүн 30 же 40 эмес?.. Муну өзүм чече албайм, төрага менен сүйлөшкүлө” дедим. Анан сиз уккандай, Өмүке макул болбой койду. Ошентип, парламенттин эшиги “Ата Мекенге” жабылып калды. Ошондо “21 орун деле начар эмес, макул болуп иштеше берели” дегендер болгон. Бирок өз принциптерибизге каршы барбаганыбыз туура чечим болуптур. Ооба, убакыт жагынан 2 жылдай уттурдук. Бирок аягында ким жеңди?..
– “Манаска” кайрылгым келип турат. Ал сиз үчүн тарыхпы же дастан-жомокпу?
– “Манас” – мен үчүн кыргыздын ар бир тукумуна тереңден дем берип турган руханий, ыйык күч. Манастын уруусу ким экенин билесизби? Ооба, билбейсиз, аны эч ким билбейт. Андыктан кыргызды кушчу, сарбагыш дегендей уруулар эмес, дал ушул Манас бириктирет.

«МЕКТЕП ПАРТАСЫ...»
– Өзүм Таластын кулуну болгонум менен, Ошто, Баткенде, айтор, мектептен мектепке көчүп жүрүп окудум. Республикалык Олимпиадалардын катышуучусу катары Политехникалык институтка экзаменсиз кабыл алышмак. Бирок Москвага Бауман атындагы Жогорку технологиялык училищеге тапшырып кеттим. Балким, балдарым мени тартышкандыр, капачылыгым жок, баары мектепти өз күчтөрү менен алтын медалга бүтүштү. Жогорку окуу жайда да жакшы окушту. Бардар атанын эрке талтаң балдарындай “мага квартира, мага машина” деп кыйнабай, турмуштан ордун таап кетишти. Уулум АКШда инженер-куруучу багытында окуйт. ГЭСтерди куруу боюнча адис. Кыргызстанга аз да болсо пайдасы тиер деп ойлоп, кубанам. Акыркы эки жыл бою үйгө келбей, окуусу менен катар иштеп, өзүн багып жүрөт. Улуу кызым деле ошондой болду.

«ИЙИНДЕГИ ЖЫЛДЫЗ МАСЕЛЕ ЧЕЧПЕЙ КАЛГАН УЧУР ДА БОЛОТ»
– Менин ИИМдин башчылыгына келишим тууралуу далай кеп-сөз болду. Бири “бул лейтенант” десе, экинчиси “капитан”, үчүнчүсү болсо “өмүрүндө райондук милицияны башкарып көрбөгөн, анан кантип ИИМди башкарат?” дешти. Алардын бирине да реакция бергеним жок. 7-апрелден соң милиция кызматы ара жолдо калды. Убактылуу өкмөттүн жы­йынында бир нече генералга ИИМди башкарууну сунуш кылышты. Мына Өмүрбек Суваналиев баш болуп баары так секире баш тартып коюшту. Анткени абал өтө опурталдуу болчу. Түштүк толугу менен Бакиевдердин колунда, милиция кызматкерлери да ошол тарапта эле. Мындайда эч ким жоопкерчиликти моюнга алгысы келген жок. Текебаев менен Роза эженин айлалары кетип, мага кайрылышты. Катарынан эки ирет инсульт болуп, абалым начар экенине карабай макул болдум. Анткени алардын абалын түшүнүп тургам. Азыр милиция эл тарапта деп ишенимдүү түрдө айта алам.

«ГЕНЕРАЛ ӨЗ СӨЗҮНӨ ТУРУШУ КЕРЕК»
– Таластыктар Молдомуса Конгантиевди кармап алышкан соң агасы менен уулу мага келишти, “бошотуп бериңиз” деп. Мен бөөдө өлүм болуп, эки элдин ортосунда жаңжал оту тутанышын каалабадым. Ошентип, аны бул жакка алдырттым. Ушул кабинетте отуруп “ИИМдин госпиталында дарылаталы, качпайсыңбы?” дегенимде “качпайм” деп генералдык сөзүн берген эле. Убадасында турбады.
Ал эми генерал Өмүрбек Суваналиевди Ошто коогалаң башталганда Бекназаров ээрчитип келди. Мен “эртең саясий оюндарыңды баштап жибербейсиңби? Ош оор абалда турат, ошону калыбына келтиргенге чейин иштейсиңби?” десем, “ооба” деп ал да генералча сөз берген. Анан эмне болду? Беш күндөн кийин убадасынан танып кетти. Болгондо да мага, түздөн-түз жетекчисине арыз жазып, кабарлабай туруп ЖМКларга “кызматтан кеттим” деп билдирүү жайып жиберди. Органда иштеген адам мунун канчалык туура эмес экенин түшүнөт. Анткени коменданттык саат киргизилген чакта постту таштап кетүү – дезертирликке тете. Ал референдум өтпөй калат деп ойлоп, мант берип кетти. Бирок ойлогон ою ишке ашкан жок.

«БАЙЛЫК ТУУРАЛУУ...»
– Билесизби, байлык, акча деген нерселер ал тууралуу ойлобогон адамдарды байырлашат экен. Акчаны туу тутуп, аны Кудайындай көрүп сыйынгандарга байлык жукпайт. Турмуштан көргөндөрүмдөн улам ушул жыйынтыкка келип отурам. Мен өмүрүмдө байлык жыйнасам деп жулкунган жокмун. Ооба, бир кезде Кыргызстандын алдыңкы ишкерлеринен болгом. Фирмаларымда миңдеген адамдар иштечү. Бирок 1992-жылы ишканамды толугу менен жаап салып, саясат айдыңына кадам таштагам. Учурда менин фирма түгүл кичинекей күркөм да жок.

«АТА МЕКЕНГЕ» КЕЛИП КАЛЫШЫМ..."
– Буга чейин ЖКнын жыйын залында президентке карап айткам, эми да айтам. Мени “Ата Мекенге” Курманбек Бакиев алып келген. 2006-жылы ЖКда төрага кезинде Өмүрбек Текебаев героин менен кармалбады беле. “Матрёшка” чырында бир нече депутат бийликтин жасап жаткан мындай ыплас иштерине катуу кыжырданганбыз. Ошондо Бакиевге “кыргыздын туусун көтөрө турган мыкты жигитти тебелеп-тепсеп жатканыңыздан улам анын жанында болоюн, дем-күч берейин деп “Ата Мекенге” кошулдум” деген элем. Ошондон бери бул партиянын катарында ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатам.

«МАШИНАЛАРГА ТАБИТИМ»
– Мен минбеген машинанын түрү калган жок. Кымбатын да, ыңгайлуусун да, жаңы чыкканын да миндим. Аларга кызыкчу курактан эчак өткөнмүн. Азыр мен үчүн каалаган жайыма убагында, бузулбай жеткирген авто болсо болду. Мени дайыма кызыктырып келген бир унаа бар. Ал – мотоцикл. Жашымдан айдайм, кызыгам. Аны унаа эмес, ачууланганда, чарчаганда нервди тынч алдыра турган өзүнчө бир ырахат катары көрөм. Акыркы эки жылдан бери илдеттин айынан мотоциклдин рулун кармай элекмин.
АКШда мото сүйүүчүлөрдүн "Харлей-Дэвидсон" аттуу музей-клубу бар. Кыргыздардан жалгыз мен ал клубдун мүчөсүмүн.

«МЕНИН ДУШМАНЫМ...»
– Азыр бул кызматта отуруп, бул тууралуу айтканым туура эмес болор. Ошентсе да менин душманым ишенчээктигим дээр элем. Бирөөгө ишеним көрсөтүп, эртеси жер муштап калган учурларым көп болгон.

«ШЕРАЛЫ ХАНДЫН КӨН ЧОКОЮ...»
– Кокон хандыгынан калган ушундай лакап бар эмеспи. Бул лакап акыркы күндөрү кайрадан актуалдуу болуп чыга келди. Анткени бийлик башындагылар улам эле элди алдап, өткөнүн, калк алдында берген убадасын унутуп, кутуруп кетип жатышпайбы. Эми азыр бийликке келгендер үчүн Шералынын көн чокою эмне болушу мүмкүн? Бирөөлөр айтып жатышат, “Ак үй алдында каза тапкан балдар, алардын каны сабак болушу керек” деп. Менимче, ар бирибизди өткөн эки ажонун катасынан өз абийирибиз гана сактай алат.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан