(Башталышы өткөн санда)
Бир жерде иштеп калышты. Өтө жакындай албаса да кызын көрүп, анын маңдайында отурганын көрүү канчалык бакыт экенин эч бир адам түшүнө албас. Тигүү цехинин бурчуна жайгашып алды. Элина бир күнү аны үйүнө чакырды. “Бизде ашык адам жок, сиз жуунуп-тазаланып, буту-колуңузду сунуп жатасыз” деп болбой туруп алды. Экөө алгач балдар бакчасына жөнөдү. Бири-бирине батынбай коомай тиктешет. Көздөрү туш келгенде жылмайып коюшат.
– Балдарым тартиптүү балдар...- деп койду өзүнөн-өзү эле Элина.
– Сени тартышса керек, ээ?
– Жок, атасына окшош. Экөө тең.
Зирек унчукпай калды. Оюнда кызына эле окшоштуруп жатты. Бакчага жакындай бергенде балдары чуркап чыкты.
– Апа-а...
Эгиз козудай чуркап чыгып апасынан моюнуна асыла туш келген жерлерин өпкүлөп жаткан балдарды көрүп көзүнө жаш тегерене түштү. Өзү жашабай калган, өзү сезбей калган энелик бакыт эле бул.
– Бул эженин аты Седеп. Бүгүн биздин үйгө чогуу барат. Кызы аялды бир көрүп тааныды. Бир нерсе деп айтайын деп баратып токтоду. Адам маани бербеди, колундагы оюнчугун бооруна кыса алдыга чуркады. Кечке маал балдарды уктатып коюп, жуунуп-таранып жатышты. Зиректин чачы узун эле. Жууганда да сеңселе түшөт тура. Элина суктана карап калды.
– Чачыңыз узун тура. Азыр мынча узун чач эч ким өстүрбөйт.
– Аа, чачпы?- күлүп койду Зирек.
– Мен такыр кыркпадым. Атам кичинемде “кызым, чачыңды кырксаң ырыскыңды кыркасың, жакындарыңдын ырыскысын да кыркасың” дечү. Өзүмдүкүн кырксам да, жакын адамымдын ырыскысын кыркпайын деп кайчы тийгизген жокмун. Минтип узун...
– Өзүңүздүкүн кырктым дегениңиз кандай?
– Кырктым дегеним...- буулуга үн ката албай туруп калды.
– Келиңиз мен тарап берейин,- Элина таракты колуна алып аялдын чачын тарай баштады.
– Мен энемдин чачын тарап берчүмүн. Энем дегеним чоң энем. Өз апам...- анын үнү да титиреп кетти. Бир топко үн ката албай калышты.
– Апаң...
– Ия?
– Өз апам дедиң...
– Ии, өз апам жок!
– Өлгөнбү?
– Жок, жакында тирүү экенин уктум. Мен төрт жашка чыкканда мени кайненесине таштап, өзү башка жакка кетиптир. Билгеним ошол. Энем ал тууралуу эч сүйлөчү эмес. Ким, кайда ал, кандай ал? Билбейм. Кийинки кезде көп ойлончу болдум. Бир эне өз баласын таштап салып басып кеткендей жашоосунда эмне болушу мүмкүн? Дүйнө аңтарылып кетсин, бирок мен Алия менен Адамды таштаар белем? Эч качан! Ал эмнеге мени таштады? Эмнеге кабар албады? Кантип өз ичинен чыккан перзент эмне болду экен, кайсы жерде калды экен, эмне болуп чоңойду экен деп ойлободу? Буларды ойлогонумда мен аны ушунчалык жек көрүп кетем. Баарынан кызыгы, ал мага ушунчалык азыр керек. Ичимдеги нерселерди айтып ыйлап алганга, акылдашканга, ызамды, таарынычымды төгүп алганга керек.
– Тирүү деп айттың го, балким, бир күн келер...
– Ким билет?..
– Кечирет белең?
– Баланын энеге болгон сүйүүсү дүйнөдөгү эң күчтүү сүйүү, билесизби? Мейли ал сойку болуп кетсин, уурдасын, жаман адам болсун. Өз энесин ал акылы менен эмес, жүрөгү менен сүйөт. Азыр 80ге чыккан адамдан сурасаңыз да “менин энем эң сонун болчу” деп жооп берет. Мен да өз апамды сүйдүм. Күтүп жашадым. Кайсы бир күнү келерин ойлочумун. Бирок ал эч келбеди. Үмүтүм ташка тийди. Өзүм эне болгондон баштап ого бетер сүйдүм. Ал дагы да келбеди. Бир күнү алдымдан чыгып “сенин энең мен” десе эмне дээримди билбейм. Чындап билбейм.
– Кечирет белең?
Элина үн каткан жок. Укпагандай түр көрсөттү. Зиректин жүрөгү сыздап жатты. Төшөгүнө жатып алып жаздыкты оозуна кармап алып ыйлап жатты. Эне болуп туруп эне боло албаганына, кызынын үмүтүнө, өзүнүн түрмөдөгү жылдарына, тагдырына ыйлады.
Эртең менен туруп ишке баратып Элина буйдалып токтой калды.
– Эмне болду?
– Сиз кечинде сурадыңыз го.
– Эмне деп?
– Өз апаңды кечирет белең деп. Мен ойлондум. Мен эч качан аны кечирбейм! Кандай жашоодо жашаганын, эмнелер болгонун айтса адам катары түшүнөрмүн. Бирок эч бир убакта мен апамды кечирбейм.
Элина ушуларды айтты да тез-тез басып коридордон түшүп кетти.
ххх
Жаныбек ишинде отурду. Аман тартылган видеолордун баарын чогултуп тиктеп отурду. Кайра Тумановду... Акыркы видеосунда рак оорусу менен ооруган балдардын уюмуна кайрымдуулук катары “Тез жардам” машинелерин алып берген экен.
Дагы биринде лента кесип жатат... Айтор, кайсы видеосунда болбосун кара көз айнек тагынган эңгезердей жигит тап жылдырбай жанында жүрөт экен. Бир гана учурда анын орду башка бири менен алмашыптыр! Датасын карады. Аман каза болгондон кийинки жумада жанында башка адам?!
Дароо телефонуна жабышты.
– Салам!
– Кандайсың, дос?
– Жакшы.
– Мага бир маалымат керек болуп жатат. А-бу дебей эле кой, сен аны билесиң... Тумановдун жанындагы...
Жаныбек акырындап каза баштады. Бирок ал өтө кооптуу оюнга кирип жатканын билген жок.
ххх
Телефонуна белгисиз номурдан СМС келди. “Амандын өлүмүн казганыңды токтот. Өкүнүп каласың”. Элина кайра-кайра тиктеп турду. Бирок эч корккон жок. Амандын киши колдуу болуп каза болуу божомолу акылына келгенден баштап ал коркуу деген эмне экенин унутту. Анын жанын сууруп алган, балдарын атасыз калтырган, өзүн туңгуюкка кептеген адамдардан жооп алмайынча жаны тынбасын да билип турду.
ххх
Зирек бул тууралуу Жаныбектен баарын уккан. Кызынын жанында болуу үчүн баарына бел байлап келгени ошол эле. Тиктей берет эзилип. Каректерине чөгүп кеткиси келет. Кээде гана Токмокко өз үйүнө келет.
– Жол болсун, сени көрө турган күн да болот экен, ээ?- деп тосуп алды ак чач киши. Колундагыларды алып кирип чай коюп жай сүйлөшүп отурушту.
– Сүйлөштүңбү?
– Ооба, азыр анын үйүндөмүн. Өзү чакырды.
– Анан?
– Анан эч нерсе, Алим. Жөн гана Элинанын жанындамын. Азыр жытын жыттап жанында болгонума эле тоюп калдым.Бир ооз “апа” деген сөзүн угууну кааладым. Бирок кайдан? Ызалуу. Эч качан кечирбесин айтты.
– Ал чындыкты билсе...
– Чындыктан эмне пайда? Жаныңды ачыткан чындыктан ага да, мага да эч пайда жок.
Үн катпады Алим. Мүнөзүн билчү. Экөө түрмөдөн таанышкан. Түрмөдө Алим врач болуп иштечү. Бир колу сынып, кансырап оор абалда келген аялды бир көргөндө жүрөгү булк этти.
(Уландысы кийинки санда)