– Кайрадан телефонумду алдым да, жинди немедей эле сенин Инстаграмыңа кирип сүрөттөрүңдү карай баштадым. Сүрөттөрдө сен бактылуусуң. "Сенсиз бактылуу боло албайм" дегениң эсиңде бекен? Кайда-ан? Мен сага кечээки күнмүн. Мен сенин күйөөңмүн. Бирок кечээки... Мен өтмүшмүн сага. А сенчи? Сен мага бир кезде канат байлап "уч" деп туруп, качан мен учуп көнүп алганда канатымды шарт кыркып жерге кулаткан мерез жансың... "Эрди эр кылган да, кара жер менен жер кылган да аял болот" дечү апам. Сен мени чаң кылып тепсеген адамсың. Максатыңа жетиш үчүн керек болгом сага. А азыр... Азыр төрт дубалда камалып, элден корунуп, бир дагы адамды тик карай албаган, жалыны өчкөн бир байкушка айландым. Кантип элди карайм? "Оо, бул баягы Жозефинанын күйөөсү" дешет, сөөмөй менен көрсөтүшөт. Ушунун баарына чыдайынбы? Жок-жок... Мен сенден өч алам!..