БИР БҮРКҮМ. АЛБЕК ИБРАИМОВ 2 АЙГА КАМАКТА КАЛДЫ...
9 айда миграциялык мыйзамды бузган 4 миңдей чет өлкөлүк жаранга 35 МИЛЛИОН СОМ айып салынганын ИИМ билдирди.
Кыргыз-Казак чек арасынан "Кызыл китепке" кирген ЫЛААЧЫНДЫ МЫЙЗАМСЫЗ алып өтүп бара жаткан казак жараны кармалды.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги: "МӨҢГҮЛӨРДҮН КӨЛӨМҮ азаюуда, бирок канча пайызга азайганы белгисиз".
Биринчи Май райондук соту экс-мэр АЛБЕК ИБРАИМОВду 28-декабрга чейин камакта калтырды.
9 айда өлкөдө 23 МИҢГЕ ЖАКЫН кылмыш иши катталып, 15 миңден ашык кылмыштын бети ачылган.
Биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун айтымында, кышка карата ооруканалар менен мектептердин 20-30 ПАЙЫЗЫНА көмүр жеткириле элек.
Кыргыз-Өзбек ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны ноябрь айында Кыргыз өлкөсүндө өтөт.
“2016-2017-жылдары президент АКЫЙКАТЧЫНЫ БИР ДА ЖОЛУ кабыл алган эмес” дейт акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева.
Жыл башынан бери Кыргыз өлкөсү Өзбекстанга 399 МИЛЛИОН КИЛОВАТТ электр энергиясын экспорттоп, 16,5 миллион доллар киреше түшкөнү маалымдалды.
ИИМ: "9 айда өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун 181 МҮЧӨСҮ кармалды".
Жыл башынан бери өлкөдө 75 МИҢ АДАМ сүйүнчү пул алганы расмий маалымдалды.
Бишкекте жүргүнчү ташыган автобустарга ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ ОРНОТУЛУУДА. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
"Өлкөдөгү эгин талааларын зыянкеч курт-кумурскалардан арылтууга 10 ТРАКТОР ЖАНА 15 УНАА жетишип жатат",- дейт айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев.
Бишкек жылуулук ЭЛЕКТР БОРБОРУ 60 пайыз жергиликтүү көмүрдү, 40 пайыз Казакстандын көмүрүн пайдаланууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.
Өкмөт быйыл ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН БААСЫ көтөрүлбөй турганын билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.