«Баланын башына суу толуп кетсе өмүр бою баспай, сүйлөбөй же кем акыл болуп калат» дегенди баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Укканда жүрөктүн үшүн алган бул эмне оору, себептери жана айыктыруу жолдору кайсылар экендигин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Карачев айтып берет.
СТАТИСТИКА
Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө гидроцефалия менен 1 жылда орточо эсеп менен 100дөй балага операция жасалса, 200дөй бала дарыланып чыгат.
«ГИДРОЦЕФАЛИЯ – ЖҮЛҮН СУЮКТУГУНУН БАШТА АШЫКЧА ТОПТОЛУУСУ»
– Гидроцефалия – бул 2 сөздөн турган байыркы грек сөзү (гидро – суу, цефалия – баш). Башкача айтканда, башка суу толуу. Бирок медицина боюнча тактай келсек, дарт башта суу эмес, жүлүн суюктугу – ликвордун ашыкча топтолуп калуусунан жаралат.
Мээде 4 карынча бар жана ликворду ошолор иштеп чыгарат. Ликвор суюктугунун милдети төмөнкүчө:
Нерв ткандарын жаракаттардан сактоо. Мисалы, кулаганда ткандарды жанчылып калуудан сактайт.
Мээге керектүү заттарды жеткирүү (курамында витаминдер, амин кычкылдары, калий, кальций жана башкалар бар).
Мээдеги зыяндуу заттарды сыртка чыгаруу.
Баш сөөк алдындагы басымды туруктуу кармап туруу.
Кичине балдарда ликвордун өлчөмү 50 миллиграммдай болсо, чоңдордо 140-250 миллиграммды түзөт. Ликвор тынымсыз иштелип чыгат, өз нугунда айланат, убагы келгенде организм тарабынан сорулат жана кайра жаңырып турат. Эмчектеги балдарда ал бир күндө болжол менен 6-8 жолкуга дейре жаңырса , чоңдордо 3-4 ирет жаңырат (жалпы көлөмү 560-750 миллилитрдей). Кайсы бир себептерден улам ликвор керектүү өлчөмдөн көп иштелип чыкса же анын сорулуу процесси начарласа, анда мээде ашыкча суюктук топтолуп, гидроцефалия дарты жаралат. Аталган суюктук баштан тышкары жүлүндө да болот.
Эми биз маалыматты балдардын гидроцефалиясы тууралуу улантабыз. Бизге бул дарт менен кийинки жылдары көп кайрылып жатышат, өзгөчө түштүк аймактан. Ата-энесинин кайдыгерлигиненби же медициналык түшүнүктүн аздыгынанбы, же аймактагы дарыгерлер туура эмес диагноз коюп дарылай бергенденби, айтор, кеч алып келгендер бар. Башына 3 литрдей суу толуп кеткен баласын көтөрүп келип "доктор, бир нерсе кыла көр" деп ыйлактагандар кездешет. Аларга "Биз, врачтар сыйкырчы эмеспиз, колдон келген нерсенин баарын жасайбыз. Калганын убакыт жана дарылоонун жыйынтыгы көрсөтөт" дейбиз. Аталган оорунун жеңил түрүн дарылап айыктырууга мүмкүн болсо, оор түрүндө операция жасоо жана операциядан кийин ар 6 ай сайын дарылатып туруу керектелет. Дарты өтүшүп дарылоого кеч алынып келинген бала өмүр бою майып болуп калуусу толук мүмкүн.
Гидроцефалиянын курч кармаган жана өнөкөткө айланган түрү бар. Бул оору боюнча балдардын 95 пайызы тубаса, калган 5 пайызы кийин пайда болгон түрүнөн жабыркашат.
Дарттын коркунучу эмнеде? Суюктуктун кысышынан улам мээ калыптагыдай өспөй жана иштей албай, баланын акыл-эси өзү теңдүүлөрдөн артта кала баштайт. Башкача айтканда, ойлоо, кабыл алуу, эс-тутуму, ошондой эле колу-бутунун булчуңдарынын иштөөсү начарлай берет. Айрымдары өмүр бою баспай, сүйлөбөй же кем акыл болуп, же эрте каза болуп калат. Суу көп болуп кетсе мээ сууга эзилип да кетет. Андыктан балага гидроцефалия диагнозу коюлса, кечиктирбей дарылатып, ооруну өтүштүрбөй токтотуп калуу керек. Эгер диагноз туура эмес коюлганынан шекшисеңиз, анда жолдомо алып, диагностикалык борборлордон текшерүүдөн өткөрүүңүз кажет.
Гидроцефалия менен ооруган бала башка кайсы дартка чалдыкса да абалы оорлойт. Айрыкча сасык тумоого кабылса башындагы суу жакшы сорулбай өтө кыйналат. Кызыгы, оору баланын организминин өзгөчөлүгүнө да жараша болорун байкап жүрөбүз. Мисалы, бир баланын башында 1 литр суу болсо да сүйлөп, кадимкидей тамак жеп жүрө берсе, башында 300 миллилитр ашыкча суусу бар бала сүйлөбөй калуусу мүмкүн.
Бала тубаса оору менен төрөлүп калбоосу үчүн аял кош бойлуу боло электен мурда жаман адаттарын таштап, оорулары бар болсо дарылануусу зарыл. Кош бойлуу кезде фолий кычкылын кабыл алып, гинекологдун каттоосуна туруп, убак-убагы менен текшерилүүсү кажет.
ДАРТТЫН СЕБЕПКЕРЛЕРИ ЭМНЕЛЕР?
Тубаса түрүнө себепкерлер:
Кийин пайда болгон түрүнө себепкерлер:
ДАРТКА ТААНДЫК БЕЛГИЛЕР
ДИАГНОЗ КОЮУ
ДАРЫЛООНУН 2 ТҮРҮ БАР
Операциялык ыкма
Консервативдик ыкма
ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН БАЛАГА КАМКОРДУК
Дарты күчөп жана шунт жылып же чыгып кетпеши үчүн баланы:
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg