Даниель: «КАНАТ КУЛТАЕВ АГАМ ЭМЕС, АТАМДАЙ»

Продюсер Канат Култаев канатындагы жигиттердин бири Даниель менен «ажырашууда». Ажырашып дегенибиз, мындан үч жыл мурун экөө чогуу иштөө келишимин түзүшкөн. Бүгүн келишимдин мөөнөтү бүтүп отурат. Коштошор аяк дешип, ата-бала “Көздөрүң карагат” жаңы клип тартышты.

Клип тууралуу сөз кылсак...
Режиссёру – Канат Култаев.
Оператору –
Асылбек Мейманов.
Башкы каарман – Алия Альжанова.
Сарпталган каражат – Жашыруун, бирок экранга эле 1000 доллар кеткен.

– Канат мырза, 1-Июль – Продюсерлер күнү эмеспи. Өтүп кеткен майрамыңыз менен!
– Рахмат, бул күнү мага кош майрам болду. Себеби мындан үч жыл мурун ушул күнү Даниель менен бирге иштөө тууралуу келишим түзгөнбүз. Эми келишимдин мөөнөтү бүттү. Ошону да майрамдадык.
– Келишимдин бүткөнүн майрамдаган туурабы? Кутула албай жаткандай болбойбу?
– Майрамдадык дегеним, аздыр-көптүр Даниель менен ага-ини болуп иштеп калдык. Анан да дайыма бир нерсени үйрөнгүсү келген аракети менен жанымда жүрүп, бир тууганымдай эле болуп калды. Буюрса, «Көздөрүң карагат» аттуу ырына жаңы клип тарттык. Баш-аягы 9 ыр жазып, аз да болсо эл алдына атын чыгара алдым. Бул да болсо ийгилик. Мындай ийгиликтин аягын майрамдап бүтүрүү туура эле дейм.
– Сөзүңүзгө караганда, мындан кийин иштешүү планыңызда жок окшойт?
– Даниель экөөбүз бул тууралуу сүйлөшкөн жокпуз. Убакыт берейин, ойлонуп көрсүн. Мен да ойлоном. Негизи, кетем десе кал, калам десе кет деп айта албайм.
– Даниель мурунку маегинде март айында жеке концертимди берем деген эле. Билишимче, болгон жок. Жыйынтыктап концерт бербей туруп коштошконго өкүнгөн жоксузбу?
– Даниелди башында продюсерлигиме алганда “бул баланы элге таанытсам, ырын сүйүп уккан күйөрман топтосо” деген элем. Аз да болсо максатыма жеттим. Ал эми концерт койбой, каражат топтой албай калдым дебейм. Каражат – келип-кетүүчү нерсе, мен үчүн эң негизгиси, бүгүнкү күндө топтолгон ак эмгектин жыйынтыгы.
Даниелден мындан кийин келишимди улантарын же токтоторун сураганыбызда ал төмөндөгүчө жооп берди.
– Үч жыл мурун мен бүгүнкү Даниель эмес элем. Жараткан талантты берет, аны даңазалаш үчүн талыкпай эмгектенген соң анан жыйынтык чыгат. Бүгүнкү сахнада, эл алдында ээлеген ордума продюсерим Канат Култаевдин эмгеги зор. Продюсерим дегенимде алыс угулуп калат экен, Канат агам да эмес, мен үчүн атамдай. Уруша турган учурда ачууланып урушат. Бирок анын баары менин чыгармачылыгым үчүн. Өзүм уйкучумун. Көбүнчө ушунун айынан уруш укчумун.
Негизи эле “атама” мендей уйкучу баланы тарбиялаганына таазим этип, рахматымды айтам. Ал эми экөөбүз мындан кийин иштешебизби же жокпу, ал бир айдын ичинде чечилет.
– Канат байке, Даниелдин «Көздөрүң карагат» клиби тууралуу айтып берсеңиз...
– Биз көрүүчүлөрдү сюжеттик клип менен көндүрүп алдык. Сөзсүз түрдө кыз баланы же тескерисинче сүйдүрүп, кайра сүйүүдөн жапа чегип деген сыяктуу... Бул ырга тартылган трек-клип деп аталат. Ал жасалгаланган бир эле жерде тартылат.
– Клиптеги каармандар кимдер?
– Бийлеп жаткан кыздар – “Star Dаnсе” бий тобунун чырайлуу кыздары. Ал эми карагат көз – “СуперTV” телеканалынын алпаруучусу Алия Альжанова. Алия эсиңиздерде болсо керек, Мирбек Атабековдун “Күндөр жаңырат” клибинде тартылып, өзүнүн ролун аябай жеткиликтүү аткарган. Негизи, өтө таланттуу кыз. Бул клипке тартылар алдында бийди тез эле үйрөнүп алды. Клип карагат көздөр тууралуу болгондуктан, Алиянын жымыңдаган көздөрү бул ырдын текстине дал келет.
– Кадр артында кандай кызыктуу окуялар калды?
– Клипке абдан даярдангандыктанбы, башка тартып жүргөн клиптерге салыштырмалуу эч кандай күлкүлүү же кооптуу окуя болгон жок.
– Маегиңиздерге рахмат, сиздерге ийгилик.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
merri
2010-07-05 13:46:24
Клип ужасный!
0
Nura
2010-07-06 08:46:19
Мага ыры аябай жагат.
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан