ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн санда)

– Муну ким анча?

– Маша уруптур.

Маша аялдар колониясын кармаган күржүйгөн орус аял болчу. Анын айтканы айткан, дегени деген эле.

– Акмак!- деп күбүрөнүп алды ичинен.

Зирек ошол түнү эсине келди.

– Суу...- деди эрдин кыбырата.

– Ким кылды муну сага? Арыз жазышың керек!- деди Зирек сууну ичип бүткөн соң ага Алим. Зирек аны тиктеп турду. Дили ооруп кетти. Мындай таза көз карашты көрбөгөн экен. Андан да таң калычтуусу, түрмөдө камалып, бирок ушундай көз карашты сактап калыш акылга сыйбаган иш эле. Жүрөгү дагы бир алып учту. Андан аркысы да акылга сыйбаган иш болду. Зиректи сүйүп калды. Жубайы, баласы бар эле. Жүрөктө жалын болбосо эч нерсе болбойт экен, акыры ажырашты. Зирек деди жүрөгү! Эркиндикке чыкканда үйлөнүп алышты. Сокулуктагы айылда жашаган аксаган киши менен арыкчырай аялдын жашоосунда дагы далай сырлар катылган эле.

ххх

Элина жумуштан чарчап келе жаткан. Зирек эрте чыгып балдарды бакчадан алып үйүнө бармак. Үйүнө жете турган бурчтан апыр-тапыр эки сомодой жигит пайда болду. “Ай, силер кимсиңер?” деп кыйкырганга үлгүрдү келин. Оозун бекем басып акырын бычак такады бири.

– Тсс, сен кимге согуш ачып жатасың?

Чакчайган көздөрү коркунучтуу эле.

– Эмкиси балдарың болушу мүмкүн. Эсиңди жыйгын дагы, арызыңды кайра ал, уктуңбу?- демите берген тиги келинди муунта кармады.

– Оозун бошотчу,- деди экинчиси.

– Сен бизди жакшы түшүндүңбү?

– Жок, арызымды албайм. Күйөөмдүн өлүмүнө жооп берет ким болсо да. Коркпойм мен силерден...- деди келин энтиге.

Ушуну эле күтүп тургансып бири ыргыта чапты келинди. Жыгылып кетти. Жердеги муздун сыныгына тийдиби, бетинен кан жайыла берди.

– Сага эскерттик!- деп тигилер караңгыга сиңип жоголушту.

Элина ордунан араң турду. Энтигип отуруп калды. Өмүрүндө бирөөдөн таяк жегени ушу. Ызасына муунуп турду. Бирок ыйлаган жок. Коркподу дагы. Болгону Аман чындап киши колдуу болгонуна эми чындап ишенди.

Анткени өткөнкү жумада Аман каза болгон ооруканага барып келишкен эле Жаныбек экөө. Эч бири Аман тууралуу теманы ачкысы келбеген. Бир гана орус улутундагы картаң пол жууган санитар кемпир кетип бара жатканда четке тартты.

– Аман Алымбеков тууралуу айтып жатканыңарды уктум. Мен...- деди шыбырай.

– Ооба...- деди шыбыраган Жаныбек.

– Ишим бүткөнчө күтүп тургула, анан чыгам,- деди кемпир. Бөжөңдөй баскан кемпир алдыга түшүп алып чакан сейил бакка келди.

– Кана, эмнени билесиз?

– А силер канча бересиңер?- деди көк көзүн күлүңдөткөн кемпир. Бекер айтпашы белгилүү эле, Жаныбек чөнтөгүнөн акча алып чыгып карматты.

– Мен ошол күнү дежур элем. "Миллионер экен, укмуш киши экен" дешти. Атайы учак менен борборго алдырып кетишкенче ушу жерде болду. Негизи ал ооруканага уулануу менен түштү.

– Уулануу?

Элина менен Жаныбек бирин-бири таң кала тиктеп алышты.

– Ооба, кечке кусуп жатты байкуш. Алгач ашказанына зонт жуткуруп тазалашты, бирок кеч болуп калган окшойт. Мен полду жууп жүрсөм күбүрөнүп жатты. “Үй-бүлөмө тийбе, мени эмне кылсаң ошо кыл” деп жаткан экен.

Элина ыйлап жиберди.

ххх

Жүзү кан болуп кирип келген Элинаны көрүп Зирек ордунан ыргып турду.

– Кызым!

Жүрөгүнөн атылып чыкты бул нерсе. Карбаластап кетти.

– Коркпоңуз, Седеп эже, мен мындай жөн эле...

Чырылдап ыйлап жиберген балдарын карап Элина жылмайганга окшош бир нерсе жаратты.

– Апа, эмне болду?- деди кызы үрпөйүп.

– Жыгылып кеттим, кызым, азыр жуунуп келейин...

Араң чыгып кранга жуунуп бүтүп маңдайындагы күзгүгө карады. “Мен жеңилбейм!” деди ичинен. Эрдемсиген бир күч пайда болду.

– Ким булар?- деди балдар жаткан соң Зирек.

– Күйөөмдүн душмандары...

– Элина, сен...

– Сиз эч нерсе билбейсиз, эже, андыктан унчукпаңыз,- зирк этти Элина. Ызасы көкүрөгүндө чыңалып турганын байкаса да Зирек унчукпай коё албады.

– Сенин балдарың бар, бул иштен алыс турсаңчы, деги эле эки жылдан бери соттун эшигин жыртып бүтүпсүң. Баары бир адилеттик жок. Ким күчтүү болсо ошонун сөзү...

– Анан эмне кылайын, ия? Жөн гана “силер ушундай кыйынсыңар” деп кол куушуруп отуруп беремби? Балдарымдын атасын өлтүрттү алар, менин жашоомду тозокко айлантты! Билесиңби, Адам шоколад жакшы көрөт. Алия болсо ага шыбырап “апамдын акчасы жок, эмкиде алабыз, сен ыйлаба” деп жоошутат. Айрым учурда мен балдарга нан таба албай калган учурларым болот. Баарынан оору эмне, билесиңби? Балдарды жалгыз өстүрүү кыйын эмес, аларды бутуна тургузгандан да коркпойм. Алар “менин атам эмне болду эле?” десе жооп бере албай калгандан корком. Анткени алардын атасынын жашоосун, чыныгы жашоосун өзүм да билбейм. Ошондуктан эмне болсо да мен арызымды кайтарып албайм.

– Анда балдар эмне болот? Сага бир нерсе болсо...

– Сен барсың!

Элина жерди тиктеп отуруп ушинтип айтты. Айтты да терс бурулуп сыртка чыгып кетти.

Эртеси Зиректин жүзүнө карай албай жатты. Кечээ сен деп сүйлөгөнүн, кагып-силкип салганын эстеди. Экөө жумушка жакындаганда гана күнөөлүү тиктеп бурк этти.

– Эже, кечириңиз, мен туура эмес кылдым. Акыркы күндөрү эмне болуп жатканымды түшүнө албай жатам. Бир билгеним кайдыгер жана текебер тиктеп өтүп кеткен Амандын мурунку аялы. Ар бир сотто утулган сайын жанымдан жеңиштүү өтүп кетет. Бирок көрөсүң жакында...

– Келчи бул жерге отуралы.

Жолдон бура бир отургучка отурушту. Зирек Элинанын колдорун алып көзүнө тике карады.

– Жүрөгүң ачышып турат, билем. Бирок ыза көздүүнү көр кылат. Көкүрөгүңдү суутмайынча ызаң сени далай жерге алып барат. Өзүмдөн билем. Ошондуктан суутканга аракет кылып жатам.

– Жанымда болуңуз, ошол мага жетет.

Элина өзүнөн-өзү Зиректин ийинине башын койду. Ушу калыбында алар үн-сөзсүз көпкө отурушту.

ххх

Биринчи сот. Жаныбек күбө катары орус санитарды алып келди. Муну эч ким күткөн эмес. Мукактанып айтып жаткан күбөнүн сөздөрү булар эле.

– Аман ооруканага уулануу менен түшкөн. Полду жууп жатканымда “үй-бүлөмө тийбегиле, мага эмне кылсаңар да” деп жөөлүп жатты. Уйку-соонун ортосунда дагы бир фамилияны айтты. Мээме жара чыккыр, эстей албай жатпайымбы. Белгилүү эле фамилия.

Тилинин учунда турган фамилия! Кемпир багына эстей албай койду. Бирок соттук отурумда отургандардын ар бирине ким экени белгилүү эле. Бул Элинанын согушунун ачылышы болчу.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kgtristan
2018-11-06 09:15:59
ото аз го
0
originalkgz96
2018-11-06 09:45:43
Аман болсо кен уй булоосу
+2
aydarken
2018-11-06 21:57:16
Кызыктуу болуп кеттиго биягы
0
Rubin
2018-11-08 15:39:16
Аман тирүү
0
Zaika.09
2018-11-12 18:21:33
Коптон эле жазгылачы
0
Bolotbekovna
2018-11-12 21:50:03
Бара бара кызып баратат го Аман тируу болсо жакшы болот эле.
0
№ 835, 2-8-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан