Сүйөркул Чокморов, актёр Сүймөнкул Чокморовдун агасы: “СҮЙМӨНКУЛ ДЕБЮТТУК ТАСМАСЫНДА ЭЛЕ НААМ АЛГАН”

Актёр, сүрөтчү, кыргыздын чыгаан уулу Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү 9-ноябрь. Ал тирүү болсо быйыл 79 жашка чыкмак. Бул датага байланыштуу агасы Сүйөркул Чокморов менен маектешип, белгилүү инсандын бир катар сырларын ачтык. Каза болгон адамдын, айрыкча атактуу адамдын өтмүшүн кеп кылуу максатында эмес, инсандык тагдырын кеп кылып отурдук.

– Сүйөркул агай, таштарга сүрөт чегүү менен алек экенсиз, сизде да чымындар бар окшойт. Чыгармачыл үй-бүлөңүздөр тууралуу айтып кетсеңиз...

– Биз 11 бир тууганбыз. Чоң аталарыбыздын бири Байсаба Таластан ооп келип, Чүйгө отурукташып калган экенбиз. Ошол чоң атабызды кезинде Байтик баатыр ишенимдүү адамы, кеңешчиси катары ээрчитип келген экен. Ошол боюнча ата-бабабыз ушул жерде турук алып калыптыр. Уруубуз – жетиген. 11 бир туугандын ичинен учурда үчөөбүз калдык. Колубуз деле эптүү (чеккен таштарын карап), бирок чыгармачыл дегенге караганда спортчулардын үй-бүлөсү деп айтсам болот. Карындашым Насыйкат, мен, Сүймөнкул, агам Бакыя баарыбыз спорт менен жакшы машыктык. Бакыя агамдын бою биздикиндей бийик эмес болчу, бирок волейболду укмуш катуу ойночу. Баарыбыз Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасында ойночубуз. Буларга агамдын балдары Алмаз, Марс Чокморовдорду кошсок болот. Аларды кыргыз футболунун карлыгачтары десек болот. Өзүм спорт комитетинде дене тарбия жана спорт боюнча кафедра башчысы болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккам.

– Сүймөнкул ага кандай эле?

– Токтоо, кишиге катуу сүйлөбөгөн, оозунан жаман сөз чыкпаган адам эле. Негизи биздин тукумдан орой сүйлөгөнү жок болду. Жактырбай калса жөн эле “ай, атаа” деп басып кетчү. Жактырган кишисин тамашага салганды жакшы көрчү. Аларды туурап боорубузду эзе берчү. Кичинесинен өнөрлүү болду, комуз, домбра чертчү, пианинодо ойночу. Терең ойлуу, бир мүнөз адам болчу. Кичинебизде апам качан эчкилерди саайт деп күтүп отурчубуз. Саап бүтөрү менен экөөбүзгө жылуу бойдон ичирчү. Анткени Сүймөнкул экөөбүз кичинебизден оорукчан болдук. Сүт берип туруп күнгө кактангыла деп чыгарып койчу. Экөөбүз тең спорт менен машыгып жүрүп ден соолугубузду чыңдадык. Ал деле жакшы болуп кетмек. Тасмага тартылып жүрүп бөйрөгүнө залал келтирип алды. Бөйрөктүн үстүн кал сыяктуу нерсе басып калып, кан тамырларды иштетпей салган. 11 жылдай ооруду, канды тазалап туруш үчүн 60тан ашык операция жасалды. Эми анын ооруганын айтсам өзүнчө дастан.

– Үй-бүлөдөн бири ата-эненин сүймөнчүгү болот го, кимиңиздер сүймөнчүк элеңиздер?

– Андай азыр эле чыкпаса, мурун андай жок болчу. Бирдей тамак ичип, бирдей мээримди көрдүк. Сүймөнкул эркектердин кичинеси болгон үчүн эркерээк эле. Мисалы, тамакты тандап жечү. Камыр тамак жечү эмес. Баарыбыз тамак жеп жатсак, бөлүнүп отуруп алчу.

– Иниңиздин актёрлугу күчтүү беле же сүрөтчүлүгүбү?

– Турган турушу менен сүрөтчү болчу. Ооруп жатканда да кисти колунан түшкөн жок. Бир аз убакыт табыла калганда сүрөткө жабышчу. Сүрөт тартып жатканда өзүнө-өзү ыраазы, биз билбеген бир дүйнөдө жүргөндөй эле. Актёрлук болсо экинчи кесиби болчу. Бул кесипке деле кокусунан келип калды. Болот Бейшеналиев менен чогуу окуучу. 1966-67-жылдары “Караш-Караш окуясын” тасма кылып тартуу үчүн ага Болот Бейшеналиевди чакырышат. Ага роль жакпай калганбы же бирдеме болгонбу ким билсин, өзүнүн ордуна Сүймөнкулду сунуштайт. “Ушундай таланттуу жигит бар, бирок сүрөтчү” деген экен. “Ой, ал жигит сүрөтчү болсо, андан кантип актёр чыгарабыз?” дептир. Бирок устаканасына режиссёр Болот Шамшиев келип көрүп эле жактырып калат. Дароо эле ролду сунуштайт. Тартылып жатканда мен да катыштым. Анткени Сүймөнкул ооруп калат деген сактануу бар эле. Алыстан тартылган кадрларда, атты катуу чапкан кадрларда дублёр катары тартылгам. Бул тасманы казак менен кыргыздар биригип тартышкан. Ал кездеги советтик Казакстанды 20 жыл башкарган Борбордук комитеттин биринчи секретары Динмухаммед Кунаевге биринчи көрсөтүшөт. Ал “мыкты болуптур, бул актёрдун сыйлыгы барбы?” деп сураптыр. “Жок, бул биринчи тасмасы” дешет. Ал “кантип мындай актёрго сыйлык бербей жүрүшөт, мен Турдакун Усубалиевге чалайын. Кыргыздар бербесе казактар берет” деген экен. Бул жакка чалышканда “кокуй, койгула, кыргыздар өздөрү эле беришет” деп сыйлыгына кошуп унаасын беришкен (күлүп). Ошентип дебюттук тасмасында эле Сүймөнкул Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Аны да артисттер көрө албай сөз кылышты. 2-3 жылдан кийин Леонид Брежневдин колдоосу менен СССРдин Эл артисти наамын алган. Тасмадагы бактысы жакшы ачылып кетип, мыкты ролдорду жаратты. Бирок мен жан дүйнөсү сүрөтчүлүк кесибине жакын экенин билчү элем.

– Каза болорго жакын сүйлөштүңүздөрбү?

– Уулун кайра-кайра айтып “Бактыгулду карагыла, эрте үйлөнтүп койдум. Көз болгула” деп табыштады.

– Сүймөнкул Чокморовдун мыйзамдуу аялынан эмес, башка никеден да балдары бар экенин элдин көбү билет. Сизге Бактыгулду эле табыштап, Эргул, Азамат аттуу балдарын айткан жокпу?

– Ал учур кыйын болчу. Эми эле баары экиден аял алып жыргап жатышпайбы. Салима менен студент кезинде сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Эркек атактуу болуп турганда кыздар да жабышып калат эмеспи. Сүймөнкул кыз жандуу эмес эле. Экөөбүз көп чогуу жүрүп калдык, өтө олуттуу, кыйшың-мыйшыңы жок эле. Бирок аялы экөө көпкө балалуу боло албай жүрүшүп жанагы иш болдубу дейм. Эргул төрөлгөндө Сүймөнкул жашыруун менин үйүмө алып келди. 5-6 күн менин үйүмдө жүрүп, анан батирге чыгарып койду. Балдарга фамилиясын берди, бирок андай нерселерди өз ара да ачык сүйлөшчү эмеспиз. Сүймөнкул ал кезде депутат эле, карьерасы өйдөлөп бара жаткан. Бир чети коркту, уялды. Көзү тирүү кезинде ачык бул тууралуу эч нерсе деп айткан жок.

– Учурда балдары кайда?

– Бактыгул Канадада. Бизнес иштери менен жүрөт. Эргул ооруп каза болду. Азамат болсо Орусияда.

– Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрүн Бактыгул сатып салган деген сөздөр айтылып жүрдү эле?

– Бул калп. Кайсы сүрөтү кайда экенин менден жатка билген адам жок. Баары сатылбай-этпей эле Бактыгулдун үйүндө, музейде 50-60 чакты сүрөтү сакталып турат. Сатып жиберсе деле Бактыгулдун мыйзам боюнча укугу бар.

– Эң эсиңизде калган иниңиз тууралуу окуя...

– Сүймөнкул катуу ооруп жатканда мен ооруканага барып калдым. Сыртта кыпкызыл болуп орус улутундагы бир киши көчө шыпырып жаткан экен. Сүймөнкул карап туруп "аттиң, мына бул көчө шыпырган адамдын бекем ден соолугуна мен бардык наамымды, атагымды алмашат элем, карачы" деп аябай арман кылган. Ошол арманы эсимде калды.

 

Сүйөркул агай учурда атактуу инисинин атын алып жүргөн айылда, ата конушунда байбичеси Зарийка экөө жашайт. Үйүнө кирип бара жатканда таштан чегилген эстеликтерди көрдүм. Алардын кайсы бирин Чолпон-Ата шаарындагы “Рух ордого” бергенин да айтып өттү. 82 жаштагы кутман кары Сүймөнкул инисинин эмгектерин улуттук дөөлөт катары жыйноо менен алек.


Сүйөркул агай ташка чегип сүрөт тарткандан рахат алат.
"Салима экөө сүйүшүп жүрүп үйлөнүшкөн. Ортосунда Бактыгул деген уулу бар".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Talantbek80
2018-11-06 10:47:14
Мыкты актёр таланттуу суротчу аман болгондо дагы коп кино жаратмак
+8
Tyty1990
2018-11-06 11:44:27
Аттиң мыктынын мыктылары аз жашайт деген чын белем, Сүймөнкул агайга Аллах ыраазы болсун
+9
ZhanMM
2018-11-06 13:36:38
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй, деп бекер айтылбаса керек.
+6
k.anara
2018-11-07 01:04:35
Кыргыз ону Чокморовдун онундой!Учурунда азыркыдай интернет болгондо дуйнолук жылдызга айланмак.
+4
Mavlyuda
2018-11-07 07:28:43
Жаткан жери жайлуу болсун
+4
Zizika88
2018-11-09 12:41:05
Балдары жонундо биринчи жолу окуудум.
+2
sely
2018-11-10 13:54:12
Мынакей супер инфо Эми озунрго келдинер .Дагы да тарыхый инсандарды кутобуз. А то Анжелика Нурзат и.т.п кылып окурмандарды тажатып жибердинер эле.
+6
Zarema94
2018-11-11 00:00:08
Ушундай тарыхый, маанилуу, тарбиялык мааниси терен маалыматтарды дагы да кутобуз
+1
Nur777
2018-11-12 17:30:38
Рахмат Супер!Чокморовдой улуу инсан ар бир кыргыздын журогундо,ар бир эмгегин жыйнап сактаган агасына рахмат,ден-соолук каалайм!
0
№ 835, 2-8-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан