АЛИХАН

Жакындан бери «Ата-эне», «Ашыкмын» деген ырлары менен өз күйөрмандарын таап келе жаткан жаш ырчы жигит Алихан менен тааныштырабыз.

Алихан 1989-жылы 1-майда Токтогул районунда төрөлүп, Бишкек шаарында өскөн. Учурда КГЮАда 1-курста окуйт. Ырдан сырткары стол теннисине жана бийлөөгө кызыгат.

– Алихан, ырдап чыкканыңа ким түрткү болду?
– Ырдаганыма өзүмдүн каалоом түрткү болду десем жаңылышпайм. Жакшы көр­гөн ырларымды теледен, радиодон угуп, аларды туурап, ырдын текстин жаттап алып, ырдап жүрө бер­чүмүн. Менин апам Бактыгүл Сейитбекова – белгилүү акын, чыгармачыл адам. Ал эми өзүм кичинекей кезимден бери эле ырдайм. Тагыраак айтсам, 5-класстан бери. Мектепте болгон конкурстарда дайыма ырдачумун. Ал эми эл алдына биринчи жолу 11-12-сентябрда Мирбек Атабековдун концертинде чыккам.

– Апаңдай болуп сен да ыр жазасыңбы?
– Ооба. Өзүм жазган эки ырым бар. Бирок, ал ырларымды апама көрсөтө элекмин. Ошол ырларымды апама текшертип, аранжировка жасап, анан ырдап чыксам деген оюм бар.

– Апаң чыгармачыл адам болсо, ырдаганыңа колдоо көрсөтсө керек?
– Үйдө жалгыз бала болгондугумдан, апам чыгармачылыгыма көз салып, аябай чоң колдоо көрсөтүп турат. Анан сын-пикирди апамдан угам, кеңештерди да апам берет.

– Учурда жаш ырчылар продюсер менен иштешүүдө. Сенин продюсериң барбы?
– Менин продюсерим жок. Бирок, мага Канат Култаев байке жардам берип келет. Продюсер менен иштегенде ортодо келишим болот эмеспи, Канат байке экөөбүздүн ортобузда эч кандай келишим жок.

– Студент ырчылар чыгармачылыкка берилип, окууларына көңүл бурбай, сабакка барбай калышкандары болот. Сен сабагыңа калтырбай барасыңбы?
– (Күлүп). Чынында эле концерттерге чыгып, гастролдогон учурда сабакка бара албай калат экенсиң. Менин дагы сабакка барбай калган учурларым болот. Бирок, кайсыл күнү барбай калсам, ошол күндүн тапшырмасын алып барып, мугалим эжелерге жооп берип турам. Өзүм жакшы студенттердин катарындамын.

– Окууңду бүткөндөн кийин өз кесибиң менен юрист болуп иштейсиңби?
– Азыр ырдоо көңүлүмө жакын. Кийинчерээк окуумду аяктагандан кийин адвокат болуп иштегим келет. Кудай буюрса, ырчылык кесипти да, өз кесибимди да бирдей алып кетсем деген тилегим бар.

– Чарчаганда кайда барып эс аласың?
– Акыркы убактарда бош убактым абдан аз болгондуктан, убакыт табылып калса эле досторум менен жаратылышка чыгам же болбосо кафеде досторум менен сүйлөшүп отуруп эс алам.

– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Сүйлөшкөн кызым жок. Мектепте окуп жүргөндө деле кыз жактырып, мектептеги сүйүүгө деле жолукпаптырмын. Мага азыр кыз күтүп, сүйлөшкөнгө деле эрте го.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан