«КАЙДИГЕРЛИГИ ҮЧҮН ДАРЫГЕР ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ?»

– Мен II топтогу майыпмын. 8 айымда кулап, бутум чыгып кетиптир. Дарыгерге алып барышса, ал менин бутумду туура эмес салып койгон экен. Бутум кыйшык бүтүп калгандыктан, чоңойгондо кайра сындырып, түздөтүүгө аргасыз болдум. Бирок экинчи дарылаган дарыгерим да жасалма сөөктү туура эмес коюп, жараатым ырбап кетти. Ушул күнгө чейин 11 оор операцияны башымдан өткөрдүм.
Менин берейин деген суроом: дарыгерлер кайдигер мамилелери үчүн жаза алышабы? Мен кайрадан алардын бирин таап, сотко берсем болобу? Сот менин оорума кеткен каражатымды дарыгерден өндүрүп алганга жардам бере алабы? Шахрезада, Бишкек шаары.

– Эгерде дарыгер профессионалдык милдетине кайдыгер мамиле жасап, анын кесепетинен адамдын ден соолугуна орчундуу зыян келтирилсе, сот жообуна тартылат. Бул үчүн төмөнкүдөй жагдайлар болушу керек:

  1. “Дарыгердин кайдыгерлигинен адам ден соолугунан ажырап, эмгектенүү мүмкүнчүлүгүн жоготту” деген медициналык далил-тыянак болсо;
  2. Болуп өткөн окуядан үч жыл өтпөсө.

Жогоруда берилген далилдер болсо, дарыгердин үстүнөн арыз менен сотко кайрылса болот. Демек, операция жасатканыңызга 3 жыл боло элек болсо, сиз ден соолугуңуз үчүн кеткен моралдык жана материалдык чыгымдарды өндүрүп ала аласыз.


«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ АДАМ КАНЧА КҮН КАРМАЛАТ?»

– Саламатсыздарбы, редакция! Жакында биздин айылдагы тойдо мас балдар бир жигитти сабап өлтүрүп коюшкан. Милиция кызматкерлери шектүү деп 11 баланы кармап алып кетишти. Анын ичинде менин да агам бар. Арадан беш күн өттү. Кармалган жигиттерди же бошотушпайт, же күнөөсүн далилдешпейт. Алардын үстүнөн кылмыш иши козголгонун же жөн эле жатканын билбейбиз.
Сурайын дегеним, “кылмыш жасады” деп шектелген адам канча күн камакта жатыш керек? Улан,
Чүй облусу.

– Эгерде адам кылмышка шектелип милиция тарабынан кармалса, КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 39-беренесине ылайык, шектүүгө 48 сааттын ичинде күнөө коюлуп, кылмыш иши козголушу керек. Эгер буга жетиштүү далилдер болбосо, ал адам ошол убакыттын ичинде камактан бошотулууга тийиш. Беш күн бою кылмышты далилдебей же коё бербей жатышканы мыйзамга туура келбейт. Сиз бул тууралуу райондук сотко арыз менен кайрылсаңыз болот.


«БАЛАМДЫН АТЫ-ЖӨНҮН ӨЗГӨРТКҮМ КЕЛЕТ»

– Күйөөм менен бирге жашабай калганыма көп убакыт болду. Бирок ортобузда кызыбыз бар. Ал азыр 5 жашта. Учурда жолдошумдун кайда жүргөнүн билбейм. Анын биз менен байланышы жок, эч качан кызымды багууга, тарбиялоого көмөк көрсөткөн эмес. Андай атанын фамилиясын кызымдын алып жүрүшүн каалабайм. Кызымдын фамилиясын өзгөртүп, өзүмдүкүнө жаздырайын дегем. Бул мүмкүнбү? Айгүл, Балыкчы шаары.

– Мыйзам боюнча, Үй-бүлө кодексинин 64-беренеси төмөнкү шарттарда баланын фамилиясын өзгөртүүгө жол берет:

  1. Баланын ата-энеси чогуу жашабаса, экинчиси жубайлардын ата-энелик укугунан сот аркылуу ажыраса;
  2. Атасы же энеси белгисиз болсо, анын кайсы жерде жүргөнүн аныктоо мүмкүн болбосо;
  3. Экөөнүн бири “психикалык жактан жабыркаган, өз жоругуна жооп бере албайт” деп табылса;
  4. Жубайлардын бири баланы багууга материалдык, моралдык жардам көрсөтпөсө жана тарбиялоодон баш тартса.

Жогорудагы далилдер болгондо гана ошол адамдын макулдугу жок эле балдарга кам көрүү органы аркылуу баланын фамилиясын өзгөртүүгө болот. Бул маселени чечүүдө баланын кызыкчылыгы, ою мыйзам боюнча 10 жашка чыккандан баштап эске алынат.


«ТИЛ КАТТЫН КАНЧАЛЫК КҮЧҮ БАР?»

– Мен өзгөчө жагдайга туш болуп отурам. 1993-жылы Нурбек аттуу таанышымдын үйүн сатып алган элем. Мен акчасын берген менен, ал мага үйдү каттаткан эмес. Болгону, тил кат жаздырып калгам. Ошол эле жылы ал үйгө көчүп барып жашап калдым. Бирок экөөбүздүн ортобузда “сатуу жана сатып алуу келишими” түзүлгөн эмес. Арадан көп убакыт өтпөй Нурбек автокырсыкка туш болуп, кайтыш болуп калды. Үй азыр анын наамында. Үйдү өз наамыма котороюн деп Нурбектин мураскери, тууган-туушкандарын таппай жатам.
Суроом: учурда жашап жаткан турак жайды кантип өзүмө каттатып алсам болот? Тил каттын канчалык күчү бар. Алтынбек, Бишкек шаары.

– Чындыгында эле өзгөчө жагдай экен. Сиз өзүңүз жашаган райондун сотуна доо арыз менен кайрылышыңыз керек. Сот Жарандык кодекстин 181-беренесинин 2-пунктунун негизинде “сатуу жана сатып алуу келишими түзүлгөн” деп чечим чыгарып бериши мүмкүн. Бирок ал үчүн бир катар далилдер керек.

  1. Сизге Нурбек жазып калтырып кеткен тил каттын түп нускасы (көчүрмөсү жарабайт);
  2. Нурбектин каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  3. Кайсы мөөнөттөн баштап бул турак жайда жашап жаткандыгыңыз тууралуу маалымдама.

Мына ушул документтерди даярдап алып сотко кайрылсаңыз, иш сиздин пайдаңызга чечилишине мыйзамдуу мүмкүнчүлүк бар.


«ОРУСИЯНЫН ЖАРАНЫ БОЛГОН КҮЙӨӨМ МЕНЕН КАНТИП АЖЫРАШАМ?»

– Менин жолдошум Орусиянын жараны, бирок учурда Кыргызстанда жашайт. Ортобузда эки балабыз бар. Орчундуу себептер менен мындан ары үй-бүлө болуп жашай албай калдык. Мен ажырашуу үчүн кайсы сотко кайрылып, кандайча ажырашып, балдарга алимент кестирип алсам болот? Гүлай, Каракол шаары.

– Бул жерде эч кандай деле маселе жок. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 370, 28-беренелеринин негизинде, чет мамлекеттик жарандын Кыргызстанда жашаган жери белгилүү болсо, ошол райондук сотко кайрылыш керек. Андан тышкары өзүңүз жашап турган райондук сот дагы ажырашуу маселесин чечүүгө укуктуу.

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Юристтин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Байланыш телефону: 32-33-26


Сиздердин су­роо­ңуздарга Жогор­ку Соттун судьясы (1990-1994-жж.),
Башкы прокурордун орун басары (1994-1999-жж.) болуп иштеген,
учурда “Статут” юридикалык компаниясынын президенти,
профессор НАЗАРКУЛ БОПОЕВ жооп берди.
Дареги: Турусбеков көч. 86. Байланыш тел: 0543 94-05-90

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Таллас
2010-07-10 21:35:48
Кайдигерлиги үчүн билбейм, бирок кайдыгерлиги үчүн тартылышы керек!!!
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан