«МУКТАЖДЫККА ЖАРАША ТИРКЕМЕ ОЙЛОП ТАПСА БОЛОТ»

Тиркеме иштеп чыгуу – бул бизнестин заманбап түрү. Технологиянын өнүгүүсү менен IT-адистеринин жөндөмдүүлүгү жашообузду жеңилдетүүдө. 25 жаштагы бишкектик Эмир Мамашов веб-программист. Ал өзүнүн командасы менен биргеликте мобилдик телефондорго тиркеме ойлоп таап иштейт. Таанышуу, кызмат көрсөтүү, интернет дүкөн сыяктуу кызматтар Эмирге окшогон адистердин колунан жаралат.

“КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫНА ТААНЫШУУ КЫЗМАТЫ КЕРЕК ЭКЕН ДЕДИК”

– Мен биринчи жумушума киргенде мессенджер катары колдонулуп, пост жүктөө кызматтары бар тиркеменин үстүндө иштедим. Кийин ага такси чакыруу, тамак-аш жеткирүү кызматтары да кошулду. Ал долбоордо чогуу иштешкен менеджерибиз интернет аркылуу таанышуу сайттарына көп кирчү. Анан жетекчибиз кыргыз жаштары үчүн да ошондой таанышуу кызматынын кыргызча версиясы керек экенин айтып, сунуштады. Идея жагып, 1 жыл убакыт аралыгында колдонуучуларга оңой, ыңгайлуу функциялары бар тиркемени иштеп чыктык. Тиркемени колдонуучу жүктөп алып, катталып, өзүн кызыктырган башка колдонуучуга лайк басат. Эгер ал адам да жооп катары лайк басса, экөөнө жазышуу мүмкүнчүлүгү, башкача айтканда, чат ачылат. Бул тиркемени колдонуу азырынча бекер, бара-бара акча төлөнө турган кызматка айланат. Жаштар 30-40 сом коротуп сыналгыларга таанышуу жарыяларын берип жатышпайбы, демек, эл акча сарптап таанышууга даяр.

Мындан тышкары учурда интернет дүкөндүн жана маршруттук таксилер менен троллейбустардын жүрүп бара жаткан жерин онлайнда караганга боло турган долбоорлор иштеп жатат. Интернет дүкөндүн дизайнын белгилүү “Ebay.com”, “Aliexpress.com” интернет-дүкөндөрүнө окшоштуруп жасадык. Ал эми унаа көзөмөлдөгүч тиркеме ылайыктуу маршрут таап, анын ылдамдыгын эсептеп, качан келерин көрсөтөт.

“БИР ТИРКЕМЕНИ ИШТЕП ЧЫГУУ ПОЭМА ЖАЗУУГА ТЕТЕ”

– Эми иш жөнүндө айтып берейин. Мен тиркеменин элге көрүнбөгөн бөлүгүн, башкача айтканда, логикасын иштеп чыгам. Аны биз өз тилибизде бэк-энд деп атайбыз. Колдонуучулар жөнүндөгү маалымат базада сакталат, ошону көзөмөлдөө – менин жумушум. Ал эми элге көрүнгөн тарабы болгон фронт-эндди дизайнер карап, баскычтардын жайгашуусуна, тиркеменин кооздугуна жооп берет.

Тиркеме жасатууга буюртма берүү үчүн кайрылган адам менеджерге кандай тиркеме каалап жатканын өз тилинде айтып берет. Менеджер аны жазып, ал тургай сүрөт кылып тартып алат да, анан бизге өзүбүзгө түшүнүктүү болгон тилге “которуп” берет (күлүп). Тиркеме жасоодо анын алгоритмдеринин узундугу кээде 500 миңдей сап болуп кетет. Аны поэма жазуу менен салыштырып коём.

“ПРЕЗИДЕНТКЕ СУНУШ МЕНЕН КАЙРЫЛГАМ”

– Тиркемелерге суроо-талап көп. Жеке компаниялар эле эмес, мамлекеттик мекемелер да көп буюртма кылышат. Биздин мамлекет санарип системине өтө баштабадыбы. Бүгүнкү күнү көптөгөн кызматтарды смартфон аркылуу аткарыла турган кылып койсо болот. Мисалы, мамлекеттик төлөмдөрдү тиркеме аркылуу төлөө, жаш курак боюнча аймактык же республикалык статистиканы билүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү ачса болот. Айта берсе толтура. Мен студент кезимде ошол кездеги президентибиз Алмазбек Атамбаевдин атына кат жазгам. Президентке “өлкөбүздө өтө турган шайлоону компьютерлештирсек кантет?” деген сунуш киргизгем. Мисалы, биометрикалык маалыматтарды смартфонго жүктөп койсок, убаракерчилик азайып, шайлоо таза болмок деп ойлойм. Сунушума “азырынча мындай ишке мүмкүнчүлүгүбүз жок” деген жооп алгам.

“СТАРТАП ИДЕЯ ТАБУУ ОҢОЙ”

– Ар бир адам программалоонун тилин үйрөнүп, үйдө отуруп алып эле өзү каалаган тиркемени иштеп чыкса болот. Интернетте бул тууралуу сабактар көп. Бирок тиркеме сапаттуу жана профессионалдуу болсун десеңиз, команда топтогонуңуз жакшы.

Ал эми стартап идея табуу оңой эле. IT-адистери өзүнө жакпаган нерсени ыңгайлуу кылып жасап алса болот. Анын үстүнө биздин рынокко көп нерсе кире элек.

Мисалы, менде жакында эле бир идея пайда болду. Байкасам, жакшы эле акча табам, бирок каражатым айдын аягына чейин жетпей калганын байкап жүрөм. Ушундан улам капчыгымдагы акчаны көзөмөлдөө үчүн смартфонго тиркеме керек экен дедим. Эми тиркемедеги графика аркылуу акчамды эмнеге коротконумду, канча калганын жана аны менен канча убакыт жашай аларымды так билем. Тиркеме 2-3 айдан кийин жарыкка чыгат. Муну менен мен адам муктаждыгына жараша бир нерсе ойлоп таба берсе болорун айткым келди.

 

• Платформасы

Статистика боюнча, өлкөбүздөгү смартфон колдонуучуларынын арасында iOS’ко салыштырмалуу Android платформасынын колдонуучулары көбүрөөк. Ушундан улам тиркеме биринчи кезекте Android үчүн жасалып, жүктөлөт.

• Баасы
Бир тиркемени жасоо кызматы татаалдыгына жараша 500 АКШ долларынан өйдө турат.

• Убактысы
Эң жөнөкөй тиркемени иштеп чыгуу үчүн 3-4 ай убакыт кетет.



Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Istina1000
2018-11-06 15:57:59
Саламатсыздарбы, Супер инфо!! Бул жигит менен байланшканга жардам бере аласыздарбы? Менде да бир идея бар эле, жашоо шартыбызды женилдетууго. Алдын ала, Рахмат!
0
admin_media
2018-11-07 10:03:25
Istina1000, саламатсызбы! Байланыш номериңизди купуя аркылуу бизге жазып койсоңуз, биз тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз.
0
Nur777
2018-11-12 17:34:05
Акчаны экономдогон тиркемеси жакты.
0
№ 835, 2-8-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан