БИРЮЗА ТЫНЧТЫККА, АЛМАЗ БИЙЛИККЕ ЖЕТКИРЕТ!

Асыл таштар бийликтин символу катары каралып, кырсыктардан сактоочу тумар жана оорулардан айыктыруучу каражат катары да колдонулат.

ТАШТАРДЫН КАСИЕТИ
Агат – адамга күч берип, тынчтандырат. Узак жашоого өбөлгө боло алат.
Аквамарин – тайманбастыкты өнүктүрүп, жубайлардын ортосундагы ынтымакты ширетет. Өңүнүн карарып же түссүз тартып кетиши менен ээсине алдыдагы жамандыктан, коркунучтан кабар берет.
Алмаз – байыртан ээсине күч-кайрат, согушта жеңилбестик тартуулайт делет. Жаман ойлор жана жаман иштерден алыстатып, жакшы иштерге жол ачат. Коомдо жогорку даражага жеткире турган касиети бар.
Александрит – нерв системасын чыңдап, нерв ооруларынан кутулууга көмөктөшөт.
Аметист – ичкиликтен жана баңгиликтен коргойт, эс-тутумду сактайт, жаман ойлорду кубалайт. Жаздык алдына коюп жүрсө, жакшы түштөрдү тартуулайт.
Берилл – ой, акыл-эс менен сыйкырдуу байланыштагы таш. Андыктан илимий изил­дөөлөрдө, философия менен алектенүүдө колдонулат. Ээсин керектүү адамдар менен тааныштырып, табыштырат.
Бирюза – чыр-чатакты басып, адамдарды элдештирип, күчтүүлөрдүн ачуусун таратат. Молчулукту жана гүлдөп өнүгүп-өсүүнү тартуулайт.
Тоо хрусталы – туруктуулукту күчөтөт. Эгер моюнга тагып жүрсө, эмчектеги сүттү көбөйтөт.
Изумруд – жоокерлерге эр жүрөктүүлүк, жеңүүчүлөргө кең пейилдик тартуулайт. Сүйүүнү суук көздөрдөн, бузукулуктан сактайт.
Турмалин – жаштыкты жана күчтү сактоого көмөктөшөт.
Циркон – адамды ашыкча шектене берүүдөн арылтып, өзүнө ишенүүчүлүктү жаратат.
Коралл – жаман көздөрдөн жана жин-шай­тандардан коргойт. Мындан теспе жасалат.
Малахит – коркунучтан сактап, жаман ойлорду кубалайт. Астма жана кызыл жүгүрүк оорусун басаңдатат, жүрөктүн иштешин жакшыртат.
Рубин (лаал) – жакшы адамдын колуна түшсө, жеңиштерди, сүйүүнү жана бакытты тартуулайт. Алдыдагы коркунучтан кабар берет. Ээси жаман адам болуп чыкса, анда касиетинин анчалык таасири тийбейт.
Сапфир – жан дүйнөнүн байышын камсыздайт. Сүкүт тартуу кезинде адамдын ички дүйнөсүн тазалайт. Ишенимди чыңдап, ашыкча кумардан арылтып, акыл-ойду өстүрөт.
Янтарь – күчкө күч кошуп, ички туюмду өстүрүп, ден соолукту чыңдайт. Бакыт жана сүйүү апкелет.

“УРГААЧЫ” ТАШТАР ДЕГЕНДИ УККАНСЫЗБЫ?
“Жылуу” өңдөгү (кызыл, кызгылт сары, сары, күлгүн ж.б.) тунук жана жарым тунук таштар “эркек” таштар деп аталат.
Ал эми “муздак” өңдөгү (көк, жашыл, көгүш, сыя ж.б.) тунук эмес таштар “ургаачы” таштар деген аталышка ээ.
Бир эле убакта 2, 4, 8, 13 таштуу асем буюмдарды тагынып жүрүүгө болбойт. Алар бактысыздык алып келет.
Ал эми 1, 3, 5, 7, 9 таштуу асем буюмдар ийгилик тартуулайт.
Белекке берилген жана мураска калган гана асем буюмдардагы таштардын касиети жогору болот. Ал эми өзүң сатып алган таштын касиети күчүнө 7 жылдан кийин гана кирет.

КАЙСЫ ТАШ КАНДАЙ ООРУДАН АЙЫГУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ?
Рубин, коралл, топаз, мышык көз, селенит шалды, уйкусуздукту, артритти, бел жана тамак ооруну, анемияны айыктырууда колдонулат.
Өнөкөт оорулардан айыгууга сапфир, алмаз, топаз, изумруд, сердолик, коралл, бермет, рубин, циркон көмөктөшөт.
Рубин, сапфир, мышык көздүн муун ооруларында, астмада, жүрөк ооруларында, отитте жардамы чоң. Инсульттан кийин калыпка келүүгө салым кошот.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nura
2010-07-06 08:45:05
Рубинди ушундай болот деп энем айткан эле.
0
lider-kg
2010-07-06 16:47:26
Кудайга ишениш керек, таштарга эмес!
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан