ОК АЛДЫНДА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАГАНДАРГА ТААЗИМ!

Репортаж

Июль айынын алгачкы аптасынын жекшембисинде медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип келет. Мына ушул майрам ээлеринин эмгеги ар бир адамдын ден соолугу, өмүрү үчүн өтө зор.

Дээрлик үч айдан бери өлкөбүздө адам өмүрүн алып кеткен бир канча баш аламандыкты баштан өткөрдүк. Коогалаңга катышкандар, милиция кызматкерлери жана тез жардамын көрсөтүүгө аракеттенген медицина кызматкерлери жүрүштү. Жарадарга жардам берем деген врачтар өздөрү да жабыр тартуучу болуп калган учурлар кездешти. Алсак, Ош окуясында Балдар ооруканасынын хирургу Касым Жусупакматовдун дайыны ушул күнгө чейин белгисиз. Врачтарга карата канчалык сын-пикирлер айтылбасын, абалың оор болуп турганда ак халатчандан башка арга калбагандай сезилет. 7-апрелден бери күн-түндү билбей иштеген врач жана мээрман айымдарга жолугуп, алар менен жумушу жөнүндө баарлаштык.


САБЫРБЕК ЖУМАБЕКОВ,
Бишкектеги Травматология жана
ортопедия илим изилдөө борборунун директору:

– Акыркы окуяларда сиз жетектеген борбордун кандай артыкчылыктары жана кемчиликтери байкалды?
– Кыска аралыкта өлкөбүздө көп адамдардын өмүрүн алган эки чоң окуя болуп кетти. Адамдар массалык түрдө ооруканага түшкөндө, моралдык жактан ошончо оорулууну кабыл алуу оор. Бирок биздин борбордун кызматкерлери ушундай кырдаалдарга даяр болуу үчүн жылына 3-4 жолу машыгуу өткөрүп турушат. Бул тажрыйба врачтарга көп жардам берди.
– Азыр 7-апрелде жаракат алгандардын абалы кандай?
– Ошол күнү бизге бир күндүн ичинде 160 адам түштү. 8-апрелдин таңына чейин 80 операция жасалды. Бирок биз баарын оор абалдан куткардык. Бүгүн ооруканада 7-апрелде жарадар болуп түшкөндөрдүн эч кимиси жок. Сөөгү сынган 80дей оорукчан бир-эки жылдай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турушат.


ЧЫНЫБЕК ИЗАБЕКОВ,
травматолог:

– Ош окуясында жарадар болгондорго жардам берип келипсиз. Ал жакта жабыркагандардын абалы кандай экен?
– Бул жактан 11-июнь күнү кечинде жолго чыкканбыз. Ошко жеткенден кийин 12-13-июнь күндөрү өтө көп жаракат алгандар кайрылышты. Биз экинчи кабатта оорукчандарга операция жасап жатсак, аскерлер терезеден сыртка ок чыгарып жатышты. Кийин уксак, биз иштеп жаткан оорукананы басып алууга аракеттенишиптир.
– Ош шаарында барымтада ка- лган врачтардан кабарыңыз бардыр. Ошол учурда жумушту таштап, өз жаныңызды аман алып калуу оюңузга келдиби?
– Албетте, ар бир адам өз жанынан коркот. Бирок милдет деген бар. Андан башка айла жок. Жаракат алып келгендер кокустук деп жатышты. Түнкү саат 2-3төрдө да жаракат алгандар түштү. Ошондой адамдарды көргөндө “булар түн ортосунда көчөдө эмне кылып жүрүшөт?” деген ойлор келбей койбойт. Элге кайрылар элем, ар ким өзү үчүн жооп берет. Ошондуктан белгисиз адамдардын чакырыгына берилбегиле.
– Медицина кызматкерлеринин атынан нааразычылыгыңыз барбы?
– Ооба. Иш өз орду менен жүрө берет. Бирок 7-апрелден кийин милиция кызматкерлери митинг кылган соң эмнегедир коомчулук алардын эмгегин кадырлай баштады. Ал эми бир дагы ЖМК биз жөнүндө, эмгегибизди толук баалаган материал чыгарган жок. Дарыгерлерди көп жамандашат, акыркы окуяларды эске алып, медицина кызматкерлеринин эмгегин баалап коюшса, жакшы болмок.


АЙЧҮРӨК ДОЛОНБАЕВА,
жараат таңуучу мээрман айым:

– Учурда ооруканада Оштон келген оорукчандар жатышыптыр. Алардын абалы кандай?
– Оштон 27 бейтап келди. Биз өз ара акыркы окуялардан улам “аскердик майданда иштейбиз” деп тамашалай баштадык. Анткени үч айдан бери октон жабыркагандарды карап жатабыз.
– Медицина кызматкерлеринин айлык акысы аз экени бел­ги­лүү. Өп-чап жашоодон тажаган чыгарсыз...
– Мен жогорку категориялуу мээрман айыммын. 18 жылдык тажрыйбам менен 5 миң сом алам, анын ичинен колума тийгени 4 300 сом. Орусияга кетем деп арыз жазган учурлар болду. Ушул жагынан жаңыдан куралып жаткан өкмөт биздин айлык акыбызга көңүл бурса экен дейбиз. Ошондо соода кылып жүргөн бир топ тажрыйбалуу кесиптештерибиз ишине кайтып келишет беле...


“ӨЗҮ БАСЫП, СҮЙЛӨП КЕЛДИ ЭЛЕ, ЭМИ ЭС-УЧУН БИЛБЕЙ ЖАТАТ”

Гезитибиздин №392-санында “Чымындай жан чыркырайт же дарыгерлердин кайдыгерлиги” деген макала жарыяланган. Анда 41 жаштагы Майрам Момунова дарыгерлердин шалаакылыгынан алты айдан бери эс-учуна келе албай жаткандыгын баяндаганбыз. Материал жарык көргөндөн бир жарым ай өткөн соң эженин абалын билүү үчүн жолдошу Өмүрзакка кайрылдык.
– “Супер-Инфо” гезити биз тууралуу макала жарыялагандан кийин ызы-чуу түшө бизди караган врачтар көбөйгөн. Тилекке каршы, дале эч кандай жылыш жок. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиевага кирип чыктым. Алар ооз толтура убада беришкени менен, бүгүнкү абалыбыз өтө оор. Он күндөй Мирлан деген ортопед карап жүрүп, кийин ал окуусуна кетип калды. Азыр келинчегимдин жараатын таңган адам жок. Врач менен мээрман айымдарга “таңып бергиле, басымын текшергиле, карагыла” дей берип жаман көрүнүп да бүттүм. Врач болбосом да, акыркы күндөрү өзүм эле жараатын жаңылап таңа баштадым. Кокусунан инфекция кирип кетсе, эмне болот деп корком.
Ал эми качып кеткен анестезиологдон кабар жок. Жакында келинчегимди врачтар “үйүңө алып чыгып кет” дешти, бирок кантип алып чыгам? Ал ооруканага өзү басып келген, эми болсо, эс-учун билбей жатат.
"Бир карын майды бир кумалак чиритет" дейт. Айрым врачтардын шалаакылыгынан улам минтип бардык медицина кызматкерлери коомчулукка жаман көрүнүп калат.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Талант
2010-07-07 16:42:49
Тишиң ооруйбу ичиң ооруйбу биринчи эле эсиңе келгени ак халатчандар ылайым эле ар дайым бар болушсун
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан