«КЫРГЫЗ ЛОТО» МЕНЕН МИЛЛИОН УТ! 30 000 СОМДОН 5 УТУШ ЖАНА БАШКА АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫКТАР

“ЛОТЕРЕЯ ТАЗА ӨТҮШҮНӨ КЕПИЛДИК БАР”

– Саламатсызбы, Талант Сейтмуратович? “Кыргыз лото” мамлекеттик лотереялык компаниясынын мурдагы жеке компаниялардан эмне айырмасы бар?

– Саламатчылык. Эң биринчи айырмасы – бул мамлекет тарабынан көзөмөлдүн күчтүүлүгү. Мындай көзөмөл лотерея уюштуруудагы алдамчылыктарга жана ар кандай мыйзамсыз жолдорго бөгөт коёт. Экинчи айырмасы – түшкөн каражаттын бир бөлүгү спортту, маданиятты, илимди, искусствону өнүктүрүү максаттарына жумшалат жана таза кирешенин бир бөлүгү республикалык бюджетке түшөт.

– Ишкананы ким көзөмөлдөйт, лотереянын таза ойнолушуна, уткандар байгелерин алууга кепилдик барбы?

– Лотерея ишмердигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көзөмөлдөйт. Түшкөн каражаттын туура сарпталышына Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аудит жүргүзөт жана башка мамлекеттик органдар мыйзамдарда каралган компетенциясына ылайык текшерет. Ошол себептен биз уюштурган лотереялар ачык-айкын өтүшүнө кепилдик бар.

– Ал эми утушка ээ болгондор кандай салыктарды төлөшөт?

– Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык, 1000 сомдон жогорку көлөмдөгү байгеге ээ болгон жарандар мамлекетке киреше салыгын, башкача айтканда, байге баасынын 10 пайыз өлчөмүндөгү акчалай салыкты төлөшөт. Ал эми 1000 сомдон аз көлөмдөгү байге ээлери тарабынан эч кандай салык төлөнбөйт.

– Байге фонду кандай түптөлөт?

– Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына ылайык, байге фонду сатылган лотерея билеттери үчүн алынган акынын эсебинен же болбосо лотереяны уюштуруучунун өздүк каражаттарынын эсебинен түзүлөт.

– 18-ноябрда өтө турган үчүнчү тираж тууралуу айта кетсеңиз.

– “Ала-Тоо” лотереябыздын үчүнчү тираждык оюну 18-ноябрь күнү саат 20:00дө ЭлТР телеканалынан түз эфирден көрсөңүздөр болот. Үчүнчү тиражыбыздын баш байгеси 1 миллион сом, 30 миң сомдон 5 утуш жана башка көптөгөн акчалай сыйлыктар каралган.

“КЫРГЫЗ ЛОТО” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРГӨ БЕЛЕКТЕРИН ТАПШЫРДЫ

Баш байгеге коюлган 2 автоунаанын бирин утуп алган Бишкек шаарынын тургуну Чолпон Сыдыкбекова мурда лотерея ойногон эмес экен:

– Автоунаа утуп алам деп деле үмүттөнгөн эмесмин. Биринчи жолу лотерея ойноп жатам. Мурда такыр лотереялык билет сатып алып ойногон эмесмин. "Азия Молл" соода борборуна барып, кире беришиндеги кооздолгон автоунааны көрүп, билет сатып алууну чечкем. 6-октябрь күнү өткөрүлгөн оюнду балдарым менен түз эфирде көрүп отурсак, билетимдин номери утуштуу болуп, баш байге автоунаа деп чыкты. Алгач ишенген жокпуз, анан тактап сурасак чын экен. Дароо жолдошума телефон чалып сүйүнчүлөдүм. Абдан кубандык. Мына эми автоунаанын ак же кара өңдөрүнүн бирин тандасам деп турам. Ак унааны эле тандайм го. Сиздер да "Кыргыз лотосун" ойноп, утушка ээ болуңуздар!

Бир нече күн мурун 2 жигит “Ордо” көз ирмемдик лотереясын сатып алып, коргоо челинин астынан 50 миң сомдук акчалай байгени утуп алабыз деп ойлонбосо деле керек. Бирок аларга ийгилик жылмайды. Эми бул жигиттер уткан акчасын эмнеге коротобуз деп ойлонуп жатышат. Көз ирмемдик лотереянын жеңүүчүсү болгон Бишкек шаарынын тургуну Акмаль Дадаханов кантип досу экөө утушка ээ болгондорун айтып берди:

– Досум экөөбүз “Ош базарына” барганбыз. Базар аралап баратып лотерея билеттерин сатып жатканын көрүп калдык. Досума “жүрү, лотерея алып ойноп көрөлү” деп, жалпысы 4 билет сатып алдык. Акыркы билетти коргоо челин сүртсөк, 50 миң сом деп туруптур. Өзүбүз да ишенбей калдык. Элдер да айланабызга топтолуп карай башташты. Чын эле утушка ээ болуптурбуз. Эми досум экөөбүз ал акчаны тең экиге бөлүп алабыз. Сиздер да “Кыргыз лото” ойноңуздар!

Бүгүн акыркы IPHONE X смартфону өз ээсин тапты! Байгенин жеңүүчүсү Бишкек шаарынын тургуну Татьяна Рахматулина учурда шаардагы «Азия Молл» соода борборунун ичиндеги «BROADWAY» кинотеатрында иштейт:

– Жумуштан чыгып «Азия Моллдун» алдынан 3 лотерея билетин сатып алгам. Үчөөнүн ичинен бирөөсү байгелүү болуп чыкты. Бул менин биринчи утушум болду. Элдерге айтарым, ойногула, уткула!

"Жетиген" көз ирмемдик лотереясынын кезектеги жеңүүчүсү Таалайбек Кабылов 50 миң сом утуп алды. Бишкек шаарынын тургуну Таалайбек Кабылов учурда жеке компаниялардын биринде айдоочу болуп иштейт.




Ай сайын ойнотулуучу "Ала-Тоо" тираждык лотереясынын кезектеги жеңүүчүсү Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын тургуну Нурлан Журтунов 100 миң сом утуп алган. Лотерея билетин Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынан сатып алгандыгын айтып, кубанычы коюнуна батпай турат. Ал 18-ноябрда боло турган оюнга да билет сатып алып, баш байгеге коюлган 1 миллион сомду утуп алганга үмүтү бар экенин билдирди.

«Кыргыз лотодон» дагы бир 100 миң сомдук байге өз ээсине тапшырылды. Ноокат районунун тургуну Жапаралы Усенов “Ала-Тоо” тираждык лотереясынан алган 3 билетинин бирөөсүнөн акчалай утушка ээ болуп, «Кыргыз лотонун» жетекчисинин колунан акчалай сыйлыгын алып кетти.




САТУУ ТҮЙҮНДӨРҮ:

БИШКЕК ШААРЫ:

• «Берекет Гранд» соода борбору

• «Ош базары»

• «Дордой Моторс» базары

• «Кудайберген» базары

• Чүй пр./Фучик, «Народный» супермаркети

• «Азия Молл» соода борбору

• «Аламүдүн» базары

• «ЦУМ» соода борбору

• «Орто-Сай» базары

• «Бета-Сторес-2» соода борбору

• «Бета Сторес» соода борбору

• «Дордой плаза-2» соода борбору

• «Табылга» базары (батыш жагы)

• «Табылга» базары (чыгыш жагы )

• «Технопарк»

• «Фрунзе» гипермаркети

• «Вефа» соода борбору

• Орозбеков-Киев көч. кесилиши

ОШ ОБЛУСУ:

• Борбордук базар (Тимур Павлан)

• «Западная» базары

• А. Навои атындагы парк

• Р. Абдыкадыров атындагы филармония

• Алай району, «Гүлчө» базары

• Кара-Кулжа району, борбордук базар

• Кара-Суу району, «Кара-Суу» базары

• Ноокат району, «Ноокат» базары

• Өзгөн району, «Өзгөн» базары

• Өзгөн райондук кыргыз почтасы

• Чоң-Алай району, борбордук базар


ЧҮЙ ОБЛУСУ:

• Кара-Балта шаары, «Береке» базары

• Кара-Балта шаары, «Зелёный» базары

• Кант шаары, борбордук базар

• Сокулук айылы, борбордук базар

• Беловодск айылы

• Токмок шаары, борбордук базар

• Токмок шаары, автобекет

• Кант шаары, «Кант» базары

• Кемин айылы, «Береке» базары

ЖАЛАЛ- АБАД ОБЛУСУ:

• Жалал-Абад шаары «Айгүл» соода борбору

• Жалал-Абад шаары, «Фрунзе» гипермаркети

• Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү, 39

• Таш-Көмүр шаары, «Таш-Көмүр» базары

• Кара-Көл шаары, «Кара-Көл» базары

• Ала-Бука району, «Ала-Бука» базары

• Базар-Коргон району, «Базар-Коргон» базары

• Ноокен району, «Орозматов» базары

• Сузак району, Сузак айылы, «Жума» базары

• Токтогул району, борбордук базар

• Чаткал району, Каныш-Кыя айылы

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ:

• Каракол шаары, «Ак-Тилек» базары

• Балыкчы шаары, «Эски базар»

НАРЫН ОБЛУСУ:

• Нарын шаары, «Чолпон» базары

• Нарын шаары, Ленин көчөсү (драм театр)

• Ат-Башы району, «Ак-Жолтой»

• Кочкор району, Кочкор айылы, Орозбак-Шамен көчөлөрү

• Жумгал району, Чаек, «Все по 50» дүкөнү

• Ак-Талаа району, Баетов айылы, борбордук базар

ТАЛАС ОБЛУСУ:

• Талас шаары, борбордук базар

• Талас шаары, автобекет

• Бакай-Ата району, Манас көчөсү, «Батырбаш»

• Кара-Буура району, «Кара-Буура» базары

• Манас району, Кояшева көчөсү

• Талас району, «Көк-Ой» базары

БАТКЕН ОБЛУСУ:

• Баткен шаары, «Айдарали» базары

• Кызыл-Кыя шаары, «Айбек» соода борбору

• Сүлүктү шаарынын муниципалдык базары

• Кадамжай району, «Кадамжай» базары

• Исфана айылы, «Береке» базары

WWW.KYRGYZLOTO.KG

ФЕЙСБУК: KYRGYZLOTO.KG

ИНСТАГРАМ: KYRGYZLOTO.KG

YOUTUBE: КЫРГЫЗ ЛОТО

ТЕЛ.: 0312 623 925, 0708 977955

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Kgda
2018-11-13 10:06:16
Бир лоторея баасы канча турат
0
Snejana
2018-11-14 00:57:38
Эн аз Ысык-колдо сатылат экен. Болгону 2 жерде.
0
Snejana
2018-11-14 00:57:57
Бир миллион❤
0
Kroxa
2018-11-15 06:06:30
Кут болсун утсанар жакшы Элдик лотодой башында уттуруп аягында качып кетпесе болду..дагы бир депутаттын бизнеси деп тушуном билбейм ишенбейм уткан эмесмин утту дегендер акча учун рекламага чыга беришет экен уттум деп...
+1
№ 836, 9-15-ноябрга чейин, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан