Валерий Меладзе: «ЧЫККЫНЧЫЛЫКТЫ КЕЧИРБЕЙМ»

Караоке клубдарда бул атактуу ырчынын «Актриса», «Сэра», «Красиво» деген сыяктуу ырлары сөзсүз түрдө бир нече жолу аткарылат. Бул ырчынын ар бир ыры тез эле хитке айланып, угармандын жүрөгүнөн орун табат. Ырлардын аталышынан улам эле ким тууралуу кеп болуп жатканын билдиңиз окшойт...

Толук аты-жөнү – Валериан Шотаевич Меладзе
Туулган жери – Грузия, Батуми шаары
Улуту – Грузин
Туулган жылы – 1965-жыл, 23-июнь
Үй-бүлөлүк абалы – Ажырашкан, 3 кыз, 1 уулдун атасы

МЕЛАДЗЕ – ТҮЛКҮ
Паспорту боюнча бул атактуу ырчы Валерий эмес – Валериан. Ата-энеси атактуу космонавт Валерий Быковскийдей белгилүү адам болсун деп атын Валерий коюшкан. Күбөлүк алуу үчүн ЗАГСка барганда, каттоочу айым «Валерий деген ысымдын толук варианты – Валериан, ошентип эле жазып коёюн» деп өзгөртүп койгон экен. Меладзе – грузиндердин фамилиясы. «Мела» деген сөз «түлкү» дегенди түшүндүрөт. Түлкү – куулук-шумдукка жакын жаныбар. Бирок бул жаныбардын мындай сапатынын ырчыга тиешеси жок.

ТЕНТЕКТИГИ ЧЕКТЕ ЖОК
Башкалардан айырмаланып, Валерий бала кезинде ырчы болом деп такыр кыялданган эмес. Ата-энеси музыка сүйүүчүлөрдөн болгондуктан, Валерийди жана агасы Константинди музыкалык мектепке беришкен. Ал кичинесинен космонавт болууну самап, авиациялык ийримге барып жүрчү. Ошол эле учурда спорттун сууда сүзүү жана грузин күрөшү түрлөрүн да мыкты өздөштүргөн. Учурунда күрөш боюнча өз шаарынын чемпиону да болгон.
Чемпион өзү тууралуу: «Мендей тентек, зөөкүр, шок жигитти бүгүнкүгө чейин кезиктире элекмин»,- деп айтат.
Бир жолу мунай иштелип чыгуучу мекемеге балдар менен жашыруун кирип, эски трактордун темир-тезектерин уурдап сатууну көздөшөт. Күчтүү күзөттөн коркпой мекемеге кирген балдар кармалып, милицияга сурак беришкен. Валерийди ата-энеси ортого киши салып, абактан алып калышканы айтылып жүрөт. Ошентип, мектепти аяктаганча шоктугу улана берген.

АСКЕРГЕ БАРБАЙ, ОКУУГА ТАПШЫРЫП...
Мектепти бүтүрүп, шартка байланыштуу жогорку окуу жайга тапшыра алган эмес. Телефон оңдоочу болуп иштеп, жумуштан кийин кошумча китеп окуп, окууга тапшырууга өзүн даярдайт. Инженер болом деп сынакка камынып жүргөн кезде аскерге чакырык келет. 24-июнь күнү аскерге жөнөмөк. 23-июнда 18 жашын жана аскерге узатуу кечесин кызуу майрамдайт. Таң эрте аскер комиссариатынан чакыруу толуп калгандыгы жана анын кийинки чакырыкка калары тууралуу кабар келет. Бул кабарды укканда Батумидеги ЖОЖго тапшыруу мөөнөтү да бүтүп калган эле. Ошентип, Украинада окуган агасы Константиндин жанына барып кеме куруу институтуна тапшырып, өтүп кетет.

ПУГАЧЁВА ПОПУЛЯРДУУ КЫЛГАНБЫ?
Бөтөн шаарда бири-бирине жөлөк-таяк болгон бир туугандар бүгүнкү ийгиликке акырындап жетишкен.
Күндөрдүн биринде экөө «Апрель» аттуу музыкалык ансамблдин мүчөлөрү менен таанышып калышат. Ал ансамблге клавишада ойноочу адам керек эле. Валерийге ошондо музыкалык мектепте окуганынын пайдасы тийип, башында клавишада ойноп, кийинчерээк бэк-вокалчы болуп калат.
Шоу-бизнеске аралашып, жол-жобосун түшүнүп калган ага-ини өздөрүнчө иштей башташат. Бири ыр жазып, экинчиси аткарып дегендей... 1994-жылы Меладзенин «Не тревожь мне душу, скрипка» («Скрипка, жан дүйнөмдүн тынчын алба») аттуу алгачкы ыры хитке айланат. Ошол ыры менен Валерий «Жылдын ачылышы» наамына ээ болуп, көптөгөн көрүнүктүү адамдардын көзүнө илине баштайт. Алардын бири Алла Пугачёва эле. Примадонна аны өзүнүн жаңы жылдык кечесине чакырат. Меладзенин чоң шоу-бизнеске аралашып калуусуна дал ушул кече себепкер болгон. Ал жерден Пугачёва аркылуу аттуу-баштуу ырчылар менен таанышып калат да, мындан аркы ишине жол ачылат. «Сэра», «Актриса», «Девушка из высшего общества» аттуу ырлары биринин артынан бири жаралып, популярдуу ырларга айлана берет.

БАКТЫЛУУ БҮЛӨ ЭЛЕ...
Миңдеген кыз-келиндердин көзүн күйдүргөн Валерий Меладзенин жүрөгүнүн ээси көп болгон. Себеби ал бир көрүп сүйүп калуудан коркпогон, кумарлуу адам. Бул тууралуу ырчы: «Чыгармачыл адамдын мындай сапатка ээ болуусу кадимки көрүнүш. Анткени бизге эргүү келсин үчүн сүйүп турушубуз керек»,- дейт. Бирок 18 жыл бою бирге өмүр сүргөн жубайы Ирина буга кантип чыдап жашады экен? Ирина: «Валерий үйдө идеалдуу күйөө. Үч кыздын камкор, сүйүктүү атасы. Босогону аттап киргенде ал биз үчүн популярдуу ырчы эмес, сүйүктүү кожоюн. Мен ашканада тамак жасап жатканда кыздар анын моюнуна минип, кыткылыктап күлүп ойногон чак – жашоодогу эң бактылуу мүнөттөрдүн бири»,- деп айтат.
Бул бактылуу бүлө жакында эле ызы-чуу менен ажырашты. Үй-бүлөсүн ыйык туткан Меладзе 8 жыл бою аялынын көзүнө чөп салып жүргөн экен. Калың эл арасында таралган «ВИА Гра» тобунун ырчысы Альбина Жанабаева менен мамилеси бар» деген кепти Валерий дайым жокко чыгарып келчү. Жакында эле бул кептин чын экендиги билинди. Азыр Альбина менен жакын мамиледе, жадакалса ортосунда 8 жаштагы Константин аттуу уулу бар экенин жашырышпайт. Уулунун ысымы ырчынын агасынын атынан коюлган.

“АЛА ЖИПТИ АТТАГАН АЙЫМДЫ КЕЧИРБЕЙМ”
Кайсы бир интервьюлардын биринде Меладзеге берилген «эгер жубайыңыз ала жипти аттаса, эмне кыласыз?» деген суроого: «Мен аябай кекчил адаммын. Чыккынчылык кылса кечирбей, ажырашкандан кийин болсо да өч алмакмын»,- деп жооп берген экен. Жубайы Ирина дайым акылдуулугу менен өзгөчөлөнгөн. Бирок ким билет, мүмкүн, жолдошунун бул жоругун такыр кечире албай өч алам деп жүрбөсө эле болду.
Учурда ал жубайы менен мыйзамдуу түрдө ажырашты. 23-июнь күнү Валерий 45 жашын белгилеп, Альбинанын колун сураганы тууралуу маалымат бар. Бирок бул кабардын чын-бышыгы азырынча так эмес.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан