ЦИРРОЗ – ГЕПАТИТТИН ӨТҮШҮП КЕТКЕНИНЕН КЕЛИП ЧЫГАТ

Акыркы кезде эң көп таралып бараткан жана боорду иштен чыгарып, аны алмаштырууга чейин жеткирген оор дарт – боордун циррозу. Аталган дартка чалдыккандардын көбөйүшүнүн себептери, айыктыруу жолдорун билүү үчүн адистерге кайрылдык.

«ЦИРРОЗДО БООРДУ БЕРЧ БАСЫП, ИШТЕН ЧЫГЫП КАЛАТ»

Асанбек Сыдыгалиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, Улуттук хирургиялык борбордун боор оорулары бөлүмүнүн жетекчиси:

– Биздин бөлүмгө боордун циррозу менен 1 жылда 300дөн көбүрөөк адам түшөт. Арасында студенттер да, эңкейген карылар да бар. Дарты өтүшүп, кан кусуп, ичине 10 литрге чейин суу толуп келгендер көп. Азыр андайлардан 10 адам жатат.

Боордун циррозу эмне болгон дарт? Боорго терс таасир этүүчү себептерден улам боордун клеткалары (гепатоциттер) сезгенип, акырындап өлүп, алардын ордуна керексиз тутумдаштыргыч ткандар өсүп жана аман калган ткандар активдүү бөлүнүп баштаган оору. Жөнөкөйлөтүп айтканда, боорду берч басып кетүү. Ушундан улам боордун иштөөсү бузулат, берчтин айынан кан тамырлардын жолу акырындап бүтөлө баштайт. Өттүн чыгуу жолу да бузулат. Кан менен барган азык-заттар боорго сиңбей, кан менен барган уулар боордон тазаланбай, канга кайрадан сиңип, организм ууланууга өтөт. Кан тамырлар бүтөлгөндүктөн боордогу вена кан тамырында жана ички органдарда басым көтөрүлөт. Көк боор чоңоёт.

Цирроз татаалдашып кеткенде уулардан жабыркаган мээде энцефалопатия оорусу (эс тутумдун, көңүл буруу жана ойлоо жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы, айрым сөздөрдү айта албай калуу) жаралат. Вена кан тамырында басым көтөрүлгөндүктөн ал вена чоңоёт. Боордогу вена менен кызыл өңгөчтөгү вена тутумдаш болгондуктан ага да күч келип жукарат. Адам катуураак тамак жеп койгондо вена жарылып, кан кусат. Кан тамырлардын жолу бүтөлгөндүктөн кан жай жылып же туруп кала баштап, кандын курамындагы сары суулар курсак көңдөйүнө толууга өтөт (асцит).

Дарты өтүшүп кеткендерди чет өлкөгө барып боорун алмаштырууну сунуштайбыз. Бирок ага көп каражат кетет (донор өздөрүнөн болгон учурда операциянын өзүнө эле 35 миң доллардай кетет). Каражаты жоктор көз жумуп кетүүдө. Андыктан адамдар ооруганда дароо врачка көрүнүп, дарыланып, оорусунун күчөп кетишинин алдын алса дейт элем.

ЦИРРОЗДУН КЕЛИП ЧЫГУУСУНУН СЕБЕПТЕРИ

  • Өнөкөткө айланган B, C, D гепатиттеринин вирустары (аталган гепатит түрлөрү кан жана жыныстык катнаш аркылуу жугат). Цирроз менен жабыркагандардын
    90 пайызынын оорусун ошолор жаратат;
  • Спирт ичимдиктерин көп ичүү;
  • Боорго зыян келтирүүчү тамак-аштарды көп жегендик (майлуу, куурулган, ышталган, туздалган, даам жана жыт күчөткүч заттар кошулган азыктар жана башка);
  • Дары-дармектерден, химиялык заттардан боордун ууланышы;
  • Өттүн ташы (өт жолун бууп калат), боордун өнөкөт оорулары;
  • Тукум куучулук.

    ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ
  • Боордун салаңдап оорушу, шалдыроо, ныксыроо;
  • Баштын оорушу, көңүл айлануу, кусуу, тамакка табиттин жоголушу;
  • Алакандын кызарышы;
  • Дененин ар жеринде кандын уюп калышы (канталап калат);
  • Мээнин иштешинин бузулушу (энцефалопатия);
  • Кызыл өңгөчтөн, мурундан, жатындан, тиштин бүйлөсүнөн жана ашказандан кан кетүү;
  • Ичтин көбүшү, теринин кычышуусу;
  • Курсак көңдөйгө суу толуу (асцит);
  • Беттин, буттун шишиши;

    ДИАГНОЗ
  • УЗИ
  • Компьютердик томография
  • Биохимиялык анализдер

    ДАРЫЛОО
  • Вирустарга каршы, организмден ууларды чыгаруучу дары-дармектер, витаминдер берилет.
  • Кан кусуп келгенде дароо операция жасалып, кан кетүү токтотулат (ачып жасалат же эндоскопиялык ыкма колдонулат). Андыктан кан кусуп калууга жете элек стадиясында эле эндоскопиялык ыкма менен операция жасатып, кан кетүүнүн алдын алуу сунушталат.
  • Ичтеги суу сордурулат. Сууну сордургандан кийин кайра эле толуп кала берет. Андыктан дозасы менен сордурулуп турат.
  • Диета. Күндө 5-6 ирет аз-аздан бөлүп тамактануу керек. Малдын этинин ордуна сүт азыктары, жашылча-жемиштер, акшактан жасалган тамактар сунушталат.
  • Дарылоого да, операцияга да мүмкүн болбогондоруна боорун алмаштыруу сунушталат.
  • Оору өтүшүп кетпеши үчүн жеңил ишке өтүү, ооруганда төшөк режимин сактоо да керек.

    ЦИРРОЗДУН АЛДЫН АЛУУ
  • Оорунун алдын алып 6 ай сайын УЗИден өтүү;
  • Өнөкөт гепатиттин белгилери билинер замат текшерилип, дарылануу;
  • Майлуу, ышталган, туздалган сыяктуу боорго күч келтирүүчү азыктарды азайтуу;
  • Ичимдикти көп ичүүдөн, баңгизатынан баш тартуу;
  • Дары-дармекти өз алдынча колдонбоо жана башка.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
barakcha
2018-11-20 10:30:19
Кудай сактасын!
+1
binur5
2018-11-20 17:26:59
Эч бир Адам оорубасын .
+6
Pandora
2018-11-21 14:01:54
кудай сактасын... Корком(((
+1
Dany
2018-11-22 02:29:51
Кантип даарыланат ошону да жазып койсонор
+1
Aitun
2018-11-22 02:34:46
Рахмат супер инфо. Мен суранып жаздым эле. Окуп атканда апам менен атамын коргон азабы коз алдымда турду. Бизде врачтар вообще курошбойт. Даже поддерживающий лечение да жазып бербейт уйдо карагыла олот деп койот. Атамда апамда боордун циррозунан кайтыш болду.
+3
Feiza1982
2018-11-23 22:32:29
Эптеп эле илең салаң болуп иштешет врачтар мойнунан байлагандай болушуп эч түшүнбөйм деги ....
+3
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан