БАЛДАРДА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ДЕГЕН ЧЕК БОЛБОШУ КЕРЕК

14-ноябрь – Эл аралык логопед күнү. Бирок бул күн Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун кызматкерлери үчүн кадимки иш күнү. Таң атпай балдарын жетелеген ата-энелер келет. Адистин жардамына муктаж кыздар-балдар сабак менен алек. «Башка мамлекеттик бала бакчалар, мектептер жайында эс алууга чыгышса, бизде окуу кайра күчөйт. Биз эртеден кечке чейин балдар менен алекпиз,- дейт борбордун жетекчиси Гүлнара Ногойбаева.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ КООМГО АРАЛАШТЫРУУ

Кыргызстанда Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун ачылганына быйыл 10 жыл болду. Борбордун жетекчиси Гүлнара Ногойбаева 1989-жылдардан тартып алгач чакан бөлмөдө балдарга жардам көрсөтүп келген. 2008-жылы расмий түрдө адистешкен борбор катары катталган. Андан бери кекеч, тыбыштарды туура айта албаган, туура жаза албаган балдардан тартып мүмкүнчүлүгү чектелген (начар уккан, Даун жана аутизм синдрому менен жабыркаган, ДЦП, акыл-эси кем) балдарды окутуп келишет. «Биздин максат – өзгөчө балдарды коомго аралаштыруу. Булардын мүмкүнчүлүгү чектелген деп чектеп бөлүп койбой, алар менен тыгыз иштешүү»,- дейт Гүлнара Жеңишбековна.

БИШКЕКТЕ ЛОГОПЕДИЯЛЫК БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ

Борбордун шаардан сырткары Ынтымак айылында жайгашканы да көп ата-энелер үчүн ыңгайсыздык жаратчу. Анткени борборго 7 облустан, жадакалса Казакстан, Орусиядан мекендештер кайрылып, жакшы жыйынтыкка жетип келишкен. Ошондуктан ата-энелердин суранычы менен 22-ноябрь күнү 12-кичи райондо логопедиялык бала бакча ачылмакчы. Анда заманбап ыкмалар колдонулуп, балдарга тыбыштарды туура айтууну жана сүйлөөнү үйрөтүшөт. Ошондой эле кошумча курстар да бар.
Учурда бул багытта балдарга жардам беребиз деген жеке менчик борборлор көп. Тилекке каршы, ар биринен эле жыйынтык боло бербейт. Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунда болсо сапатка, жыйынтыкка басым жасалып келет. Муну борбордо балдарын күтүп отурган бактылуу, көздөрүнөн үмүт жанып турган ата-энелер да тастыктап берди.

АТА-ЭНЕЛЕРДИН ПИКИРИ

– Биздин борборго келгенибизге аз эле болду. Кызыбыз 3 жашка чыгып калды, такыр эле сүйлөчү эмес. Сүйлөп калар деп жүрүп убакыт өтүп кетти. Азыр кызым акырындан айрым сөздөрдү айтып баштады. Бул деле чоң бакыт. Гүлнара Жеңишбековнанын командасына рахмат.

– Мен 5 жаштагы неберем менен келем. Небереме кохлеардык операция жасалган. Борбордогу мыкты сурдопедагогдун жардамы менен неберем көп тыбыштарды угуп, туура сүйлөп, китеп окуп калды. Гүлнара айымга ыраазычылыгымды билдирем.

ГҮЛНАРА НОГОЙБАЕВА ОРДЕНГЕ ТАТЫДЫ

Баса, октябрь айында Гүлнара Ногойбаевага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Билим берүүнүн отличниги» орденин тапшырды. Бул 30 жылдык талыкпаган эмгектин үзүрү. «Дастан Бекешев биздин көйгөйдү билген киши. Эмгегимди баалашканына кубандым»,- дейт Гүлнара айым.

Дареги: Бишкек ш., Алматы менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилиши
Т.: 0556 825961, 0557 900940
www.logoped.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан