"КУМТӨРДҮН" 3-ЧЕЙРЕКТЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын 3-чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктады. КГК 2018-жылдын алгачкы 9 айында 306 миң 467 унция1 же 9 тонна 532,76 килограмм алтын өндүрүп, 5 миллиард 66 миллион сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

АЛТЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

"Кумтөрдө" алтын өндүрүүнүн көлөмү 2018-жылдын 3-чейрегинде 122 миң 445 унция же 3 тонна 81 килограммды түздү, ал эми 2017-жылдын ушул мезгилинде ал 138 миң 561 унция же 4 тонна 31 килограмм болгон.

2018-жылдын 3-чейрегинде 119 миң 521 унция же 3 тонна 72 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-жылдын 3-чейрегинде 142 миллион 800 миң долларды түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЗЫНАСЫНА ТӨЛӨМДӨР ЖАНА БАШКА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР

2018-жылдын 3-чейрегинде Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1 миллиард 500 миң сомдон ашты.

ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО ИШТЕРИ

Кумтөр кен талаасын бойлото мүмкүн болгон рудалык минералдашуу зонасынын уландысын издөөгө жалпы көлөмү 60 чакырым чалгындоочу бургулоонун 2 жылдык программасын иштеп чыгып, аны аткара баштады. Негизги бургулоо иштери карьердин борбордук, түштүк-батыш жана Сарытөр аймактарында жана түндүк-чыгыш тилкесинде жүрмөкчү. Программага жалпы 18 миллион доллар жумшалмакчы, анын 6 миллион 500 миң доллары 2018-жылы, 11 миллион 500 миң доллары 2019-жылы жумшалмакчы. 2018-жылы бургулоо кыртышка жакын бөлүктөрдү, анын ичинде борбордук карьердин түндүк-батышындагы «хоккей клюшкасы» деп аталган зонада жүрөт. Андан сырткары борбордук жана түштүк-батыш карьерлердин ортосунда бургулоо жүрөт. Жалпы 8318 метр көлөмдөгү 30 скважина бургуланган. Бургулоо иштери борбордук, түштүк-батыш жана түндүк-чыгыш карьерлеринде аткарылган. Бургуланган скважиналардын көбү (4507 метр жалпы узундуктагы 17 скважина) карьердин борбордук участогунун «хоккей клюшкасы» зонасында. Түштүк-батыш карьерде жалпы узундугу 2297,7 метр 7 скважина бургуланган. Түндүк-чыгыш аймагында жалпы узундугу 1512,4 метр алты скважина бургуланган. 2018-жылдын 4-чейрегинде бургулоо иштери негизинен борбордук карьердин түндүк-чыгыш кырында жүрүп, рудалык минералдашуунун кыртышка жакын бөлүктөрү сынамакка алынат. Андан сырткары, «хоккей клюшкасы» зонасынын түндүк-батыш уландысы жана түндүк-чыгыштагы флангалары сынамакка алынат.

“ПЛАНДУУ КӨРСӨТКҮЧТӨРДҮ АШЫРА АТКАРДЫК”

“Центерранын” президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп белгиледи: "Бардык өндүрүштүк бөлүктөр чейректи травматизмге учурабай аякташты жана биз максатыбызга: өндүрүштөгү кырсыктардын нөлдүк деңгээлине умтулуу менен “Work SafeHome Safe” коопсуздук программабыздын экинчи фазасын улантуудабыз.

Чейрек ичинде жана иштердин графигинен озуу менен Кумтөр алтындын жогорку курамы менен рудалар жаткан карьердин борбордук участогунун SB зонасына чыкты жана ал жактан сырьё казып алууга жана кайра иштетүүгө киришти. Мунун натыйжасында "Кумтөр" өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолору (унциясына USD) 4662 доллар өлчөмүндө122 миң унциядан ашуун алтын өндүрүп, пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткарды".

Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 30-сентябрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11 миллион 800 миң унция же 367 тонна 210 килограмм алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен иш алпарган Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» негизги 2 активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100 пайызга ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Канаданын Онтарио штатындагы Торонто шаарында негизделет.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу 77 401 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири акционери. 2018-жылдын 14-ноябрына карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 285 миллион доллардан ашты.


 

Кошумча маалымат: www.kumtor. kg же KGC.mediа@centerragold.com

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
CEO1
2018-11-23 15:34:30
Элдин байлыгын уурдап жатышат ачык эле. 5 тонна алтын ондурушкон болсо, отчеттордо 500кг алтын ондурулду деп корсотушот. Калганын биздин ууру бийлик менен Уентерранын башындагылар болуп алышат.

Эсинерде барбы, кай бир жылы канадалыктар jet самолету менен паланча кг алтын алып кетмей болуп жатканында кармалышкан. Кийин бул иштин бетин жаап унуттурушту.

Бакиев качканда Бакиевдин кайсы бир особнягында табылган алтын лабораториясычы?! Аны бийлик болушунча жашырып келет.
0
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан