ЧАО, ЧЕМПИОНДОР! ГУДБАЙ, АНГЛИЯ!

Бул бет ЮАРда өтүп жаткан мундиалдын жарым чейрек оюндарына арналат. Түштүк Африкадан күн сайын менмин деген командалар биринин артынан экинчиси мекенин көздөй сапар алышууда. Тайпалык баскычтар Франция менен Италияга багынбаса, ал эми Англия менен Португалия 1/8 финалдын курмандыгы болду. Ошентип, чемпиондукка 8 гана талапкер калды.

КОРЕЙЛЕР – БИРИНЧИ КУРМАНДЫК
“ЮАР-2010дун” жарым чейрек финалын ачып берген оюнда фаворит аталган америкалыктар ишеничти актап, катага жол беришкен жок. Луис Сураестин 2 голу ага “Оюндун мыкты футболчусу” наамын жана командасына чейрек финалга жолдомо алып берди.

АМЕРИКАНЫН ЭМЕС, ГАНАНЫН ХЭППИ ЭНДИ!
Бул беттеште африкалык кыял америкалык кыялдан ашып түштү. “АКШ-Гана” таймашында Асамоа Гьяндын голу америкалыктарга эмес, ганалыктарга хэппи эндди тартуулады. Африка АКШны “Гоу Хом” дегендей эле болду. Учурда бүткүл Африка “Гана, алга!” деп, алардан үмүт этип турган кези.

НЕМИС МАШИНАСЫ ТЕБЕЛЕП КЕТКЕНДЕ
Бул оюн өткөн кылымдын 80-жылдарында айтылган “Футбол – 22 адам ойногон, көп эмгекти талап кылган оюн. Бирок аягында баары бир немистер жеңип чыгышат” деген накыл кептин учурда да канчалык актуалдуу экендигин көрсөттү. Бул кеп кимге таандык десеңиз, анда атактуу англиялык футболчу Гари Линекерге...
Ал эми оюнга токтолсок, бул күнү англиялыктар немис машинасынын тепсендисинде калышты. Ошентип, башынан эле чечкинсиз ойноп келаткан англиялыктарды немистер катуу жазалашты.

БААРЫН КАЛЫС МЕНЕН ТЕВЕЗ ЖАЙЛАДЫ
Аргентина менен Мексиканын айыгышкан атаандаштардан экени маалым. Башынан эле оюн тагдырын каталар чече тургандыгы билинген. Бирок катага беттеш калысы жол берет деп эч ким күткөн эмес. Оюнда аргентиналык Тевездин офсайддан киргизген голу эсепти ачып, бул ката мексикалыктардын шагын сындырды. Ошентип, Месси жана анын командасы жеңишти колдон чыгарышкан жок. Эми көпчүлүк Германия-Аргентина тирешүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатса, ажеп эмес.

КЫЗГЫЛТ САРЫЛАР ӨЗ РЕПЕРТУАРЫНДА
Кызгылт сарылар ашыкча тер төгүүсүз, чеберчилик менен кезектеги жеңишине жетишишти. Бирок айрымдар голландиялыктар купулга толорлук оюнду тартуулабай жатышат дешүүдө. Мелдеште натыйжа биринчи орунда турарын эске алсак, ал жагынан голландиялыктарга кеп жок.

ЧОҢ ОЮНДУН АЛДЫНАН МАШЫГУУ
Оюн күтүлгөн­дөй эле Дүйнөнүн 5 жолку чемпиондорунун үстөмдүгү астында өтүп, ири эсеп катталды. Ошен­тип, күйөрмандарды чейрек финалда “Голландия-Бразилия” супер бет­теши күтүп турат.

КОШ, АЗИЯ!
Бул тирешүү пенальтилер сериясы менен айырмаланды. Парагвай менен Япония 120 мүнөттүн ичинде өз ара жеңүүчүнү аныктай алышпады. Футболдук лотереяда япониялык Юити Команодон фортуна баш тартты. Күн чыгыш өлкөсүнүн жеңилиши менен мундиалда Азия континентинин бир да өкүлү калбады. Ийгилик жылмайган парагвайлыктар Дүйнөнүн мыкты 8 командасынын катарына кошула алышты.

ЕВРОПА ЧЕМПИОНУ ДҮЙНӨ КУБОГУ ҮЧҮН ЖҮРҮШҮН УЛАНТУУДА
Ошентип, чейрек финал деп аталган футболдук поезддин да толук курамы аныкталды. Ага Испания жетишип калды. Бул оюнда Пиренейде жайгашкан эки коңшу өлкө өз аймагында ким кыйын экенин да чечип алышты. Оюн күйөрмандарды да, адистерди да кубантты. Оюн тагдырын Вильянын голу чечип койду. Испания Дүйнө кубогу үчүн жигердүү жүрүшүн улантууда.

Диего Марадона: «ЕВРОПАДА ФУТБОЛ ӨЛҮП БАРАТАТ»
Аргентинанын башкы машыктыруучусу Диего Марадона: “Учурда футбол Түштүк Америкада дүркүрөп өнүгүүдө, ал эми Европада өлүп жоголуп баратат”,- деп жарыялады. Мындай тыянакты ал мундиалдын тайпалык баскычына анализ жүргүзгөн соң чыгарган. Дон Диего өз тайпаларынан кийинки баскычка Түштүк Американын бардык өкүлдөрүнүн (Аргентина, Бразилия, Мексика, Парагвай, Уругвай) чыкканын баса белгиледи. “А Европадан кимдер чыкты?- дейт Марадона, - англиялыктарбы? Алардын оюнун көрсөң, бооруң ооруйт”.
Ошондой эле футболдун тирүү легендасы “ЮАР-2010дун” идеалдуу финалы “Аргентина-Бразилия” беттеши болорун айтып өттү. Мындай финалды ал “Түштүк Америка футболунун триумфу” деп атап, “аны келечек муун сыймыктануу менен эстеп жүрөт” деп кошумчалады.

табл


ЮАР-2010

ТАЙПАЛЫК БАСКЫЧТЫН ТОЛУК ЖЫЙЫНТЫГЫ
Өткөн саныбызда “ЮАР-2010дун” алгачкы 4 тайпасынын натыйжаларын берген элек. Тайпалык раунддун калган оюндары да сенсациясыз болбой, мелдештен Франциянын артынан учурдагы Дүйнө чемпиону – Италия четтеп калды.

“Е” тайпасы

2-тур
Голландия-Япония – 1:0
Камерун-Дания – 1:2

3-тур
Дания-Япония – 1:3
Камерун-Голландия – 1:2

“F” тайпасы

2-тур
Словакия-Парагвай – 0:2
Италия-Жаңы Зеландия – 1:1

3-тур
Словакия-Италия – 3:2
Парагвай-Жаңы Зеландия – 0:0

“G” тайпасы

2-тур
Бразилия-Кот-д`Ивуар – 3:1
Португалия-Түндүк Корея – 7:0

3-тур
Португалия-Бразилия – 0:0
Түндүк Корея-Кот-д`Ивуар – 0:3

“H” тайпасы

2-тур
Чили-Швейцария – 1:0
Испания-Гондурас – 2:0

3-тур
Чили-Испания – 1:2
Швейцария-Гондурас – 0:0

Чейрек финалда беттешүүчү атаандаштар:

2-июль, 20:00
1-оюн: Голландия-Бразилия

3-июль, 00:30
2-оюн: Уругвай-Гана

3-июль, 20:00
3-оюн: Аргентина-Германия

4-июль, 00:30
4-оюн: Парагвай-Испания

Жарым финалда кимдер беттешет?

7-июль, 00:30
1-оюндун жеңүүчүсү – 2-оюндун жеңүүчүсү

8-июль, 00:30
3-оюндун жеңүүчүсү – 4-оюндун жеңүүчүсү

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
lira
2010-07-05 11:20:01
Ay Maradonna,Maradonna ...
Emi futboll Evropada onugup,Tushtuk Amerikada olup jogolup baratat!!!
0
chingiz
2010-07-05 18:29:42
to4no,,, Jaman *laja* bolurtur da... Germania TEBELEP ele saldy 4 : 0 menen... Emi Ispaniany da owondoi oyun kutot buirusa... GERMANIA ALGA!!!
0
Abul
2010-07-06 04:11:25
Germany : Argentina
4 : 0
Диего Марадона ijladogo dejmin
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан