ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн санда)

Муздак дубалдар. Адамдардын тагдыры сыяктуу кыйма-чийме чийилген дубалдарды карап турду. Элина биринчи жолу коркту. Аман каза болгондон бери башына миң түрлүү окуя келсе да, мынчалык корккон эмес эле. “Алия менен Адам кантет? Эмне болот? Бул тири шумдук нерсе бүтүшү мүмкүнбү?”

Элинаны эртең менен суракка алып киришти. Тергөөчү толмочунан келген, көздөрүнүн ичи кызарган неме болчу.

– Кана, сайра, торгоюм,- деди ал мыскыл жылмайып.

– Эмнени?

– Эмне болгонун айт.

– Суранам, мени угуңуз. Эки балам бар, менин сумкамдан чыкканы менен, мен мындай нерсени өмүрү көргөн эмесмин.

– Демек, сеники эмес.

– Жок.

– Мени кара, мени тике кара.

Элина тергөөчүнүн канталаган каректерин көрүп аргасыз көзүн ала качты.

– Чындыкты айткан адам эч качан көзүн ала качпайт!

Элина көзүнө тике карады.

– Менин бул нерсеге тиешем жок.

Таптаза мөлтүр каректердин нуру жалтанта түштүбү, эми тергөөчү көзүн тартып кетти. Адам баласы да ал деле, эмнегедир деси кайта түштү.

– Ачык сүйлөшөлү, баары бир моюнуңа аласың. Кыйнаппы же башка кылыппы, баары бир 2-3 жыл бул жерде каласың. Башка жолу жок. Кызым менен тең экенсиң, мен сени кыйнагым келбейт. Ооба деп баарын моюнуңа ал, баары бүтөт.

Элина башын жай чайкады. Тергөөчүнүн каны кызып, жини келип кетти. Элина отурган отургучту буту менен тээп жиберди. Элина жыгылып түштү.

Жүзү кумсарган Элинаны көргөндө Зиректин жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Өзүн элестетти. Дал ушул жашында балээ баскан бул жердин босогосун аттаган. Тобо, кыз эненин жолун кайталап калат деген чын белем? Көз алдына өзү башынан өткөргөн тозок тартыла калды. Жок, жок, өмүрүнүн баасына болсо да кызын өзү баскан жолду кайталатпайт. Бир аттап жетип кумсарып турган кызды бооруна кысты. Чачынан сылап, өөп, бооруна кысып ыйлап жиберди.

– Седеп эже...- деп шыбырады Элина. Үнү чыкпай калган экен.

– Эмне болду, кызым? Үнүң кантет?

– Сууктан... Балдар кандай? Алия, Адам кандай? Мени сураштыбы? Эмне дедиңиз?

– Сени иштеп жатат дедим. Башка эч нерсе оюма келбеди. Бакчага алып барып коюп келдим. Балдар менин жанымда. Билесиң, эки көзүмдүн карегиндей сактайм.

– Билем...- деп шыбырады Элина.

Арыкчырай, ак саргыл аял ал үчүн азыр периште эле. Кандайдыр бир ички туюм менен балдарын бул аялга тапшырса эч нерсе болбосун сезип жатты.

– Алия билип коёт. Ага чындыкты айтканыңыз оң. Адам али кичине. Адамга таттуу көп бербеңиз, аллергиясы бар. Алия түндө иттердин үнүнөн коркот. Чөнтөгүнө курут салып бакчадан жегенди жактырат. Хм, кээде түндө Адам төшөккө...- энтигип токтоду.

– Сиз булардын баарын билесиз. Бирок айтайын.

– Билем, кызым. Сен азыр буларды ойлобо.

– Жаныбек келди. “Моюнуңа эч алба” деди. Ансыз деле кимдин колунан келди билинип турат. Седеп эже, мен акыр-аягына чейин турам. Мени бир гана нерсе сындырышы мүмкүн. Ал – балдарым. Сизге аманат! Периштелер сизди мага бекер айдап келбесе керек.

– Коркпо, балдар эч нерсе болбойт. Бул жерде кооптуу болсо айылга алып кетем. Болгону сен карман. Мына, керектүү нерселердин баарын алып келдим. Жылуу кийим, тамак-аш...

Зирек кызын кучактай берди. Денеси дирилдеп турган экен.

– Сизден бир өтүнүчүм бар.

– Ии...

– Мен бир нерсе болсом...

– Антип айтпа.

– Менин апам бар. Аны издеп табыңыз. Анын айылын Жаныбек билет. Апама... Ага жолугуп болгон ишти айтыңыз. Мен бул жерден чыкканча социалдык коргоо кызматкерлери балдарымды балдар үйүнө өткөрүп салышы мүмкүн. Мен андан өмүрү эч нерсе сураган эмесмин. Бул жерден чыксам сурабайм дагы. Болгону...

– Макул.

– Сизге ишенбегенден эмес, жөн гана тааныш болгонубуз үчүн, сизден балдарды алып коюшу мүмкүн. Таарынбаңыз мага. Баса, илгерки сүрөт бар. Китептердин арасында турат. Аны алып алыңыз.

Зирек ыйлап жиберди. "Издеген адам менмин" деп айта албаганына ыйлады. Бул аял эмнеге мынчалык ыйлады? Эмнеге кучактаган сайын кучагы жылуу? Эзелтен издеген, таба албай кыйналган бир жылуулук бар сымал...



ххх

Нуриза эки-үч күндөн кийин Элина тууралуу укту. Кайдыгер гана ийинин куушурду. Анын да каалаганы бул эмес беле? Аманды анын колунан алып кеткен, башын айлантып бала төрөп берген аял. Жазасын алсын, бирөөнүн күйөөсүнө көз артпашы керек эле. Аман көз алдына тартылды.

– Нуриза, ажырашууга арыз бердим. Акырын эле ажырашып кетели. Муну трагедия кылыштын кереги жок.

– Келчи жыттап алайын, жытыңды сагындым.

Колун моюнуна аса берген аялынан жүзүн буруп кеткен Аман. Өзүнөн жийиркенип кеткендей туюлду. Тим эле көчөдөгү аял моюнуна асылып жаткандай жүзүн буруп кеткени аны аябай ыза кылган эле.

– Мен ажырашпайм.

– Менин балдарым бар. Экөөбүз эбак эле аялы-күйөөсү болбой калганбыз. Кежирленип эмне таптың?

– Сенсиз жашай албайм. Мына сен деп айыктым мен. Өзүмө келдим.

– Кеч, Нуриза, кеч.

– Антпечи, мен сенсиз жашай албайм.

– А мен аларсыз жашай албайм. Эмне керек десең баарын ал. Мына бүт нерсемди сага каттатып берем. Ысык-Көлдө килейген эс алуучу жайым бар, аны атаңа каттатып берейин. Асыл тукум жылкыларды жыйнап жүргөм. Ферманы да ал. Шаардагы үйдүн баарын өзүңө каттатып берем. Болгону чуу чыгарба.

– Ушунун баарын мага оңой эле бергени жатасыңбы?

– Берем. Анткени муну сенин атаңдын жардамы менен жасагам. Ыплас нерселерден, силердин оорулуу үй-бүлөңөрдөн кутулгум келет.

– Ал аял ушунун баарына татыктуубу?

– Мен кичинемден балдар үйүндө чоңойдум. Байлык дедим, бийлик дедим, бутума турам деп тырыштым. Бирок ал нерсенин баарына жеткенде алар мага таптакыр кунарсыз сезилди. Тескерисинче, менин бутума кишен болду. Өзүмдү кир сездирди. Адам баары бир өзүнө кайтышы керек экен. Ушул нерсенин баарына жетсем дагы, ичимде баягы эле балдар үйүндө чоңойгон Аман бар эле. Канаты сынган, көңүлү өксүк, жүрөгү жаралуу. Аны ошондой эле канаты сынык бир кыз келип оңдоду.

– Стоп! Мага кереги жок бул сөздөрүңдүн. Мага баарын каттатып бер, анан сүйлөшөбүз.

– Макул.

– Нуриза, кечир мени, мен болгону аны сүйдүм.

– Хм, сүйүүбү? А мен? А менин сүйүүм? Мен сен үчүн тозокто күйдүм, билесиңби? Ар бир сеанстан кийин денемдеги оорулардан улам төшөгүмө заара кылганга чейин барчумун. Жаным төрт бөлүнчү. Бирок мен чыдадым. Ким үчүн? Сен үчүн! Экөөбүздүн келечегибиз үчүн. Сен Нуризанын сүйүүсү эмне экенин, кандай экенин али билбейсиң! Азыр чыгып кет!

Амандын атындагы кыймылсыз мүлктүн баары ошол эле жума Нуризанын атына өткөн эле...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Cherik.777
2018-11-20 09:21:37
Азго...
0
Shaa-82
2018-11-20 10:32:46
ээ аран бир жума отсо азго.
0
nurhan2702
2018-11-20 17:48:42
Баарын Нуризага каттатып бербей ,балдары учун Элинага деле бир мулкун каттатып койсо болмок.
0
mishonia8077
2018-11-20 21:23:51
Менин оюмча Аман тирүү
0
originalkgz96
2018-11-24 08:31:06
Аман болсун
0
jashoonu-suiup-jashagyn
2018-11-26 22:04:46
koopton ele jazyp buturgulochu kiyinki jumaga chein unutup kalat ekenmin
0
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан