НАСЫЯ АЛУУНУ ТУУРА ПЛАНДАҢЫЗ. ТИРИЧИЛИК ҮЧҮН НАСЫЯЛАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРЕБИЗ

Кредит алуу аркылуу өз финансылык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү максат кылган кардарлар учурда насыялардын керектүү түрүн тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Банктар берүүчү насыялардын түрлөрү көп болгондуктан, алар бир катар параметрлер менен бири-биринен айырмаланат. Мисалы, жеке жактарга же юридикалык жактарга берилүүчү кредит жана максаттуу кредит болушу мүмкүн. Кредиттин көптөгөн түрлөрүнүн ичинен бул ирет турмуш тиричилик үчүн сунушталуучу кредиттин өзгөчөлүктөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы маалымат берди.

ТИРИЧИЛИК ҮЧҮН КРЕДИТ

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө элдин муктаждыктарын канааттандыра алган көп түрдүү кредиттик продуктулар бар.

Тиричилик үчүн кредит деп – калктын муктаждыгы үчүн бериле турган насыяны айтабыз. Ага тиричилик үчүн кредитке берилүүчү ссуданын бардык түрлөрү, турмуш тиричилик буюмдарын сатып алууга алынган ссудалар кирет.

Тиричилик үчүн кредитти банк коммерциялык ишкердик үчүн эмес, өздүк муктаждыгы үчүн жумшоого мажбур адамдарга, башкача айтканда, үй-бүлөлүк, турмуштук же башка муктаждыктарын канааттандырууга сарпталуучу каражатты насыялык келишимдин негизинде бере алат. Ал насыянын төлөө мөөнөтүн, кайтарымдуулукту, ылдамдыкты сактоо шарттары менен берилет.

ТИРИЧИЛИК ҮЧҮН БЕРИЛҮҮЧҮ КРЕДИТКЕ БОЛГОН СУРОО-ТАЛАП

Тиричилик үчүн берилүүчү кредиттин көп колдонулгандыгынын жана эң көп талап кылынышынын башкы себеби – бул анын оңойлугунда. Тиричилик үчүн кредитти алууда анын шарты жана каттоодогу жеңилдиги эле эмес, керектүү товарларды сатылып жаткан жеринен, башкача айтканда, дүкөндөрдүн өзүнөн алууга боло турган мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан келечекте ала турган болжолдуу каражаттын негизинде ал насыяны кийин төлөй тургандай кирешеси бар экендигин тастыктай алган ар бир жаран ала алат. Бул кредиттин популярдуулугунун экинчи фактору болуп насыя алуу жолунун өтө ыңгайлуулугун атаса болот. Тиричилик кредитин алууда насыя алуучунун киреше каражаты тууралуу тийиштүү билдирме, өзүнүн ким экендигин тастыктоочу документ жана жакшы кредиттик тарыхы болушу шартталат.

ПАЙЫЗДЫК ЧЕНЕМДЕРДИН ӨЛЧӨМҮ

Банктар өздөрүнүн ички саясатына, процедураларына, өздөрүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жана сунушталган насыя продуктусуна ылайык, тиричилик кредиттин пайыздык ченемдерин өз алдынча аныкташат. Анда пайыздык ченемге тартылган каражаттардын баасы (анын ичинде аманаттардын төлөмдөрү), операциондук чыгашалар, кредиттик жана башка финансылык тобокелдерди жабууга кеткен чыгымдар, ошондой эле рыноктун өзгөрүүсүнө байланышкан тобокелдиктер каралат.

Тиричилик үчүн кредитти кадимки тартипте иштеп жаткан бардык коммерциялык банктар беришет. 1-октябрга карата тиричилик кредиттин көлөмү 12 миллиард 946 миллион 469 миң сом же банк системасынын кредиттик портфелинин 10,5 пайызын түзөт. Орточо пайыздык ченемдер улуттук валютада 25,9 пайыз, чет өлкөлүк валютада 15,82 пайызды түзөт.

КРЕДИТ АЛУУЧУ КАРДАРЛАРГА КАРАТА ЭРЕЖЕЛЕР

Тиричилик үчүн берилген насыялардын жардамы менен керектүү товарларды же ар кандай керектүү буюмду алуунун ыңгайлуулугу эч кандай күмөн жаратпайт. Бирок насыя алууда кээ бир адамдарды карыздын сазына батырып коюу коркунучу да бар. Андай карыз сазынан баары эле чыгып кете алышпайт. Иш жүзүндө көрүп жүргөндөй, бардык эле кардарлар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн үй-бүлөлүк бюджетиндеги кошумча чыгымдарды эске алуу менен реалдуу баалай беришпейт. Ушуга байланыштуу кардарлар негизги бир нече эрежени эстеп калуусу абзел.

Биринчи эреже: Ай сайын төлөнүүчү төлөмдүн оптималдуу ченемин аныктап алуу. Негизинен ал айлык кирешенин 30 пайызынан ашпашы керек. Эмнеге 30 пайыз деген суроо туулат. Анткени финансылык эксперттердин берген корутундуларынын негизинде бул пайыз насыяны кайра кайтарып берүүдө үй-бүлөлүк бюджетке көп оорчулук келтирбей төлөй турган оптималдуу ченем болуп саналат. Эң идеалдуу вариант болуп айлык кирешенин 15 пайызынан ашпаган ченемдеги төлөмдү төлөө саналат. Андан сырткары төлөмдөрдү пландоодо пайыздык ченемди гана эске албастан, ар кандай комиссиялык төлөмдөрдү, мисалы, банктык эсеп ачуу же иш жүргүзүү, камсыздандыруу, насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөө жана башка ушул сыяктуу жагдайларды да эске алуу абзел.

Экинчи эреже: Насыяны кайтарып берүүнүн оптималдуу мөөнөтүн туура эсептөө. Анткени алган насыянын мөөнөтү канчалык узак болсо, насыяга алынган товардын баасы ошончолук кымбат түшөт. Ар бир кошумча ай алынган товардын баасын пайыздык ченемге кымбаттатат.

Үчүнчү эреже: Эксперттер айлык кирешеден 3-5 пайыз өлчөмдө резервдик фонд түзүп коюуну сунушташат. Бул эгерде фарс-мажордук жагдай түзүлүп калса, мисалы, ооруп калуу, убактылуу ишсиз калуу жана башка ушул сыяктуу учурларга каралган «финансылык коопсуздук жаздыкчасы».

Туура пайдаланган учурда тиричилик насыясын алуу ыкчам, ыңгайлуу жана пайдалуу. Аталган насыяны алууда кардарлардан минималдык талаптарды сактоо менен, өтө жоопкерчиликтүүлүктү талап кылат. Анткени насыя бирөөнүн акчасы, "алгандын бермеги бар" дегенди унутпоо керек.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ady-88
2018-11-20 15:58:13
Эреже пережесин урганы барбы, эн негизгиси кредитти алыш керек тиричилик дагы малсал кылам деп туруп бир кундук тойго жумшап салып эки бармакты мурдуга тыгып россияга кетиш керек Ошо. Зато эл эмне дейт деген ойдон кутуласын мойнунда карызын болсо дагы, ошон учун биз кыргызбызда, керек болсо кредиттин процентин карап да койбойбузго чиркин.
+3
Snejana
2018-11-21 00:03:12
ady-88,туура айтасыз
0
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан