ЭРГЕЖЭЭЛДЕР – ЖЕРДИН КИЧИНЕКЕЙ ЖАШООЧУЛАРЫ

Эркектердин бою 130 сантиметрден, ал эми аялдардын бою 120 сантиметрден төмөн болгондор гана эргежээлдер болуп эсептелинет. Статистика боюнча алып карасак, планетабыздын ар бир 15 миң жашоочусуна бир эргежээл туура келет. Эргежээлдик бойдун өсүү­сүнө таасирин тийгизүүчү гормондун жетишсиздигинен келип чыгат жана тукум куубайт. Тарых барактарына үңүлсөк, эргежээлдердин ичинен көптөгөн атактуулар да чыккан.

КҮЧТҮҮ ЖАНА КААРМАНДАР
Эргежээлдер күчтүүлүгү жана каармандыгы менен да айырмаланышат. Ушундан улам учурунда Швециянын королу Густав Адольф армиясында эргежээл-жоокерлерден турган полкту кармаган. Кээ бир тарыхчылардын жазып кеткенине карасак, байыркы гунндардын башчысы Атилла да эргежээл болгон. Монгол ханы Чыңгызхандын аскер башчысы Казал да эргежээл болуп, 200 миң жоокерди жетектеген. Акырында Татар ордосунун ханы болууга жетишкен.

БЕЛГИЛҮҮ ЭРГЕЖЭЭЛ ЖУБАЙЛАР

Бармактай генерал
Чарльз Шервуд Стрэттондун аты алгач 1840-жылдары АКШнын Коннектикут штатынан угулат. Ошол кезде анын бою 64 сантиметрди, салмагы 8 килограммды түзгөн. Нью-Йорктун циркинин королу Барнум Чарльз жөнүндө уккан соң аны менен иштешүүгө келишим түзүп, аны Нью-Йоркко алып барат. Чарльзды көргөнү циркке келгендердин саны бир аптада эле 30 миңге жетет. Ага элдер "Генерал Томко Палух" («манжадай генерал бала») аттуу кличка койгонго жетишишет. Барнум Чарльзды алып Англияга жөнөйт. Чарльздын шоусу ушунчалык элдин бүйүрүн кызыткандыктан, анын сүрөтү жана ысымы басма сөз беттеринен жайнай түшөт. Аны Англиянын королевасы Виктория өзү кабыл алат. Ошентип, Англияны багындырган экөө Францияга аттанышат. Ал жерден король Филипп өзү кабыл алып, акчага байытат. 1865-жылы Чарльз АКШга кайтып келип, өзүнөн да кичинекей Лавини Варренге үйлө­нөт. Тойго 2 миң адам чакырылат. АКШнын ошол кездеги президенти Авраам Линкольн Чарльзга кымбат белек жөнөтөт. Кийин да Линкольн эргежээл жубайларды Ак үйгө чакырып коноктоп турган. Ошентип, Чарльз цирк менен дүйнөнү кыдырып, көптөгөн король, падышалар менен жолугуп, алардын кабыл алуусунда болуу менен белектерге да туйтунат. 25 жашында Чарльз атактуу да, миллионер да болуп чыга келет. Ошондон дүйнөнү кыдыруусун токтотот. Чарльз 1883-жылы АКШда сарайдай чоң өзүнүн үйүндө дүйнөдөн кайтат.

Күйөөсү иллюзионист, аялы акробатчы
Россиянын Самара шаарында эргежээлдердин цирки бар. Анда күйөөсү иллюзинист, аялы акробатчы болуп иштеген үйбүлөнү кездештиресиң. Аты чет өлкө­лөргө чейин таанымал Валентин Каргин менен Зинаида Чудайкина цирк менен дүйнөнү кыдырып чыгышкан. Экөө баш кошкон 30 жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп келишет. Валентин пародиялуу фильмге тартылып, Лениндин ролун ойногон жагы бар.
Зинаиданын интервьюсуна көңүл бурсак, булар бай жашашат жана жашаган квартираларын өздөрүнө ыңгайлаштырып алышкан. Мисалы, ашкана эмеректеринин буттарын кыскарттырышкан. Булардагы чоң маселе – гастроль учурунда конок үйлөрүн­дөгү душка түшүү. Кранга бойлору жетпегендиктен, «кранды ачып берчи?!" деп бирөөлөрдөн жардам сураганга аргасыз болушат. Мурун союздун курамында болгон айрым өлкөлөрдөгү эски үлгүдө салынган үйлөр­дөгү лифттер булардын жеңил салмагынан улам өйдө көтө­рүлбөйт. Андыктан, өздөрү менен кошо оор нерсени, мисалы, кирпичти көтөрө кирүүгө аргасыз болушат.
Зинаида 29- өлчөм­дөгү бут кийим кийгендиктен, балдар дү­көнү­нөн алып деле кие берет. Бирок, бийик такалуу туфли керек болгондо заказ менен тиктириши керектелет. Валентин 34-өлчөмдөгү батинке киет.

ЭРГЕЖЭЭЛДЕРДИН ЭРГЕЖЭЭЛДЕРИ
Дүйнөдөгү эң кичине аял Нидерландыда жашап өткөн. 1895-жылы 19 жаштагы анын бою болгону 60 сантиметрди түзгөн.
Антсе да бою кичинелик жактан рекорд XIX кылымдын ортосунда төрөлгөн мексикалык Лючия Заратага тиешелүү. Анын бою болгону 51 сантиметр болгон. Эң кичине бойлуу эркек болуп 1812-жылы бою 57 сантиметрди түзгөн америкалык Кальпин Филипс эсептелет.

БАРДЫГЫ ЭРГЕЖЭЭЛДЕР ҮЧҮН

  • 2006-жылы Египеттин Каир шаарында Ахмад аль-Килани аттуу юрист атайын эргежээлдер үчүн кафе ачкан. Кафенин ичиндеги орундуктар, идиштер эргежээлдерге ылайыкташтырылып жасалган.
  • Даниядагы, АКШдагы жана бир катар чет өлкөлөрдөгү автобустарда жана үйлөрдө эргежээлдер үчүн атайын тепкичтер бар.
  • АКШда эргежээлдердин уюму бар. Анын мүчөсүнүн саны 1500дөн ашык. Уюм өзүнүн курамындагы эргежээлдердин укугун коргоодон тартып ишке орноштуруу маселесине чейин кийлигишет. Кезек-кезеги менен чоң майрам да уюштура коюшат.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан