Эшенкул Барпиев, тамада: «ӨЗҮН ЖЫЛДЫЗ СЕЗГЕНДЕР ДА БАР»

Блиц-маек

Көз ачып жумгуча күз келип, тойдун баары мына ошондо башталат. Тойду жогорку деңгээлде өткөргөндөр – тамадалар эмеспи. Бүгүн биз аты чыккан айтылуу тамадалардын бири Эшенкул Барпиев менен той, тамада, ырчылар жана башкалар тууралуу кызуу маек курдук.

– Эшенкул мырза, жазында тамадалар чогулуп, борбор ачабыз деп жаттыңыз эле...
– Ооба, тамадалар чогулуп, анда көп маселе козголгон. Учурда кыбыраган кыр ашат болуп, акырындап чечип баштадык. Бүгүнкү күндө 32 адамдан топтолгон "Тамадалар борборун" ачтык.
– “Кыргызстанда 300гө жакын тамада бар” деп айткан элеңиз. Эмнеге тизмеңиздерде 32 эле?
– 300гө жакын дегеним туура. Биз борборду ачып жатканда бир нече тамадага байланышып, катталып коюусун сурандык. Каалоосу барлар келди, бул тизме толук эмес. Бирок таң калганым, ушул тамадалар арасында да өзүн кыйын, башкача айтканда, жылдыз сезгендер бар экен, тобо. Мисалы, Чыңгыз деген балага борбордогу балдар улуу башын кичүү кылып, телефон чалып чакырган экен. "Убактым жок, тизмеңерге кошпой эле койгула" деген сыяктуу сөздөрүн айтып, баш тартыптыр. Бир күнү тааныштарымдын тоюна барып калсам, Чыңгыз тамада экен. Негедир кекечтенип сүйлөй албай кыйналды. Антракт болгондо басып барып “Чыкебай, жакшы келе жаткан таскагың бар эле, эмне болуп жатасың?” десем, “сизди көрүп апкаарып кеттим” дейт. Апкаарыса, анда бул жактагы улуу тамадалардын сөзүн уксун, тажрыйба топтосун. Алыста жылдыз болуп отурбай. Анын деңгээлин көрдүм. Өзү түшүнгөн анекдотторду айтып, өзү күлүп жыргай берет экен. Улуулук, нарк-насил деген кана? Мындай жылдыздар чекесинен чыгат. Баланын дээринде бар. Бирок бул өнөрдү алып кетем десе, үйрөнө турганы толтура.
– Үйрөнөт дейсиз. Тамадаларга сабак өтөсүздөрбү?
– Тамадалардын маданияттуулугун жогорулатып сабак берүү негизги планда бар. Өлкөбүздөгү абал акырындап тынчтансын. Кампа кызылга толгондо той-тополоң башталат. Сезонду бүтүрүп алган соң сабак берүүнү баштайбыз деген ниетибиз бар.
– Тамадалардын ставкасы бирдейби?
– Жок, ар кимдики ар башка. Бирок орто эсеп менен 300-600 долларга чейин музыканттары коштогондо.
– Кыргызстандагы ставкасы жогору тамаданы атай аласызбы?
– Баланча мынча акча алат деп так айта албайм. Бирок бир жолу Турат Касымбековдун ставкасы 1000 евро деп окуп калдым. Доллар да эмес, евро... Бул киши менен чай ичип, бильярд ойноп жүрөм. Мындай болушу мүмкүн эмес. Ал орус тилинде алып барат. Мүмкүн, өзүн ушундай жол менен жарнамалайм дегендир. Биздин кыргыз бул сумманы көтөрө албайт. Анан тойго барган ырчылар да өздөрүнүн ставкасын асмандатып айтышат. Жаңы чыккан ырчылар “мен, 500 долларга ырдайм” деп коюп, 100 долларга эле келип беришет. Эл артисти 200-500 долларга барат. Билишимче, Гүлнур Сатылганова 500 долларга ырдайт. Анан көчөттөй ырчылар оозун көптүрүп сүйлөгөндөрүнө таң калам. Мен Бактыгүл сыяктуу жаңы чыккан ырчыларга чатак чыгаргым келип жүрөт. Анткени 100 пайыз фонограмма менен ырдап, 3 ырына 500 доллар алам дегени уят да. Чыгармачыл адам өзүнүн баасын билген, бирок ийкем болушу керек. Барып оозун кыбыратып койгонго ошончо сумма сураганы уят эле.
– Борбордун кызматы тууралуу айтып өтсөңүз.
– Негизги максатыбыз – той бергендердин түйшүгүн азайтып, шарт түзүп берүү. Мисалы, буга чейин той өткөрөм деген адам тамада, ырчы, кафе-ресторан, лимузин деги койчу баарын таап уюштурганча бир топ убакыт өтчү. Бул жерде эки саат сүйлөшүп, каалаган тамадасын, ырчысын, видео-фото-слайд, жадакалса, атайын түзүлгөн каталогдон карап, өткөрө турган жайын тандап алат. Бардык ишти бизге тапшырып, бейкапар жүрө берсе болот.
– Жаңы баштаган ишиңиздер ийгиликтүү болсун!

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Адам
2010-07-05 19:41:03
Эн мыкты! Бизде ушул сыяктуу "бирикмелер" болуш керек! Келечек учун!
0
jbol
2010-07-07 00:55:04
Каяктан чыкты бул Эшенкул? Муну коргонумо 1-2 жыл эле болду... анан ушул дагы стажы менен тамадабы... даже берген интервьюсунда, жакшы суйлобоптур...
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан