Болот Шамшиев, кинорежиссёр: “АЙТМАТОВДОН ЭСТЕЛИККЕ КАЛГАН УНААМДЫ ӨРТТӨП ЖИБЕРИШТИ”

"Ак кеме”, Эрте келген турналар”, “Бөрү зындан” сыяктуу легендарлуу тасмаларды тартып, "Кыргыз кереметин" жараткандардын бири таланттуу режиссёр Болот Шамшиев уурулардан жапа тартты. Ал 8-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Иликтөөнүн натыйжасында режиссёрдун жоголгон унаасы Чүй облусунун Молдовановка айылынан күйүп кеткен абалда табылган. Режиссёр бул ишти уурулар эмес, өзүнө кара санаган адамдар кылды деген ойдо. Ага байланышканыбызда: "Короодо турган машинамды оңой эле ачышып, айдап барып өрттөп салышыптыр. Болгону дөңгөлөктөрүн эле алышыптыр, ал көп деле акча эмес да. Андыктан муну мени жактырбай жүргөндөрдүн колунан эле келди деп ойлоп жатам. Машинам көп жылдан бери мага кызмат кылып келген. Чыңгыз Айтматов анын документтерине жардам берген болчу. Мындайча айтканда, улуу адамдан мага эстелик катары калган. Шектенип жаткан адамдарым бар. Табылат деп ойлоп жатам",- деп билдирди.

Учурда унааны уурдап кетип, өрттөп жиберген адамдар изделүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Polumna
2018-11-20 22:34:38
Акмактар десе.
+5
Kgda
2018-11-24 10:14:32
Улуу кинорежисер Болот Шамшиев биз сизди сыйлайбыз, уурулар кармалып созсуз жазасын алсынчы.
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-11-24 23:48:18
Киного тартылбай капа болгондорго!
0
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан