Бермет Байкелова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АМЕРИКАДА ЧИРКӨӨДӨ ХОРДО ЫРДАЙМ”

Кыргыз маданиятына чоң салым кошкон, белгилүү ырчы Бермет Байкелова 26 жыл Улуттук филармонияда эмгектенген. Ырчы айым атактуу Атай Огонбаев, Жумамүдүн Шералиев сыяктуу залкарлардын ырларын аткаруу менен кыргыз жүрөгүн багынткан десек жаңылышпайбыз. 26 жыл өмүрүн берген филармониядагы ишин таштап, 52 жашында Америка Кошмо Штаттарына 2012-жылы кетип калган эле. Эмне себептен кетти, азыркы жашоосу кандай деген суроолор менен эжени кепке тарттык.


– Саламатсызбы, Бермет эже? Иштериңиз, ден соолугуңуз жакшыбы? Кыргыздын кыйын кыздарынын бирисиз, филармонияда 26 жыл иштеп, бир заматта жумушуңузду таштап Америкага кетип калдыңыз. Бул жоругуңузду түшүнө албай калгандар да болду го.

– Ооба, 2012-жылы Америкага Бегайым аттуу курбумдун чакыруусу менен келгем. Азыр Нью-Йорк штатында жашайм. Биротоло калып калуу оюмда да жок эле. Бирок келген күндүн эртеси океанга түшүп жатып эмнегедир биротоло калууну чечтим. Жолдошум Давлет каза болуп калганына 3 жыл болгон. Эки кызым бой жетип, жогорку окуу жайында окушчу. Мага эки кызымды таштоо абдан кыйын болду. Менин мындай чечимиме араң макул болушту. Албетте, ыйлап-сыктап 5 жыл эки жакта жашадык, азыр эки кызым, эки неберем жанымда. Жаратканга ыраазымын.

– Филармониядагы жумушуңузду таштоо оор болдубу?

– Албетте, оор болду. 26 жыл иштеген жерим экинчи үйүмдөй эле болуп калган. Мен жөн жерден кетип калганым жок. Бир күнү ишке келсем, филармониянын көркөм жетекчиси Келдибек Тургунбаев чакырды. Барсам менин атымдан өз каалоом менен концерттик алпаруучулугумду таштоого суранып жазылган даяр арызга “кол коюп бериңиз” дейт. Таң калып “эмнеге бул ишти кылып жатасыңар?” десем жооп айта албай араң “дикцияңыз начар болуп жатат” десе болобу. 20 жыл бою эч алмаштыргыс, дикциясы абдан жакшы алпаруучу болуп жүрүп эле бир күнү ушундай чечимге туш келдим. Менсиз ал кезде бир дагы өкмөттүк концерт өтчү эмес. Кол коюп чыгып кеттим. Кызыгы, жарым жыл өтпөй кайра өздөрү суранып ордума коюшту. Ошондой эле солисттер группасында инспектор да болуп иштечүмүн. Жетекчилик кайсы бир ырчыга өчөшүп кетиргиси келсе эле “рапорт жазып бер, баланча ырчыны иштен кетиребиз” деп менден суранып башташчу. Эл артисти Саламат Садыкова жумушка кечигип келсе "асмандан түшүрүп, жер менен бастырам" деп жетекчи рапорт жазууну суранганда каршылык көрсөткөнүм эсимде. Саламат да дал мага окшоп эч нерседен тайманбай жетекчиликтин туура эмес иштерин бетине айтчу. Дагы бир ырчы жигитибизге тим эле асылышып көпкө суранышты. Ал жигит каза болуп калгандыгына байланыштуу атын атагым келбеди. Ошентип андай ишке барбасымды билишкенде менден кайра ушундай жол менен өч алууну башташыптыр. Анан мыйзамсыз эле аттестация уюштура калышып, мени атүгүл ырдаганга да татыксыз кыла башташты. Аттестациядан өткөрүүчүлөрдүн ар бирине 3000 сомдон (ооз басырык) берилиптир. Комиссиянын курамындагы аттуу-баштуу эл артисттер кантип 3000 сом үчүн адамдын тагдырына балта чабууга макул болушту экен? Кийин ошол комиссияны жетектеген эл артисти менен бир ооруканада чогуу дарыланып калдык. Аттестация мени мокотуу, сындыруу үчүн бир ай мурун сүйлөшүлгөнүн айтып берип кечирим сурады. Ал көп өтпөй эле каза болуп калды. Антсе да айтып алып кичине өз күнөөсүнөн арылгандай болду бейм. Кандай бут тосушпасын, мени сындыра алышпады. Кийин мен аларды жетекчи түгүл киши деп да санабай калгам.

– Америкага кетүүгө ушул окуялар да себеп болуптур да.

– Балким. Америкага кетерде 6 айга акы төлөнбөгөн эмгек өргүү алганга уруксат сурап филармониянын ошол кездеги жетекчиси Замирбек Үсөнбаевге кирсем “сен эми ушул бойдон ал жакта калып калба. Бизге абдан керексиң, сен кайтып келишиң керек” десе болобу. Ишенсеңер, ушунча эки жүздүү адамдын бетин карагандан уялдым. “Эгерде калууга жылчык болсо эле аракет кылам. Сиз менен ушул жерде ден соолугумду кетирип, чындык издеп алышканча, жакса сөзсүз калам. Кудай сизге атаңыздан калган үч ырды кут кылсын, ошону менен ушул күнгө келдиңиз” деп артымды карабай чыгып кеттим. Унчуга албай, көзүн кызартып, ызасына тумчугуп кала берди. Деги эле бизде кайсы гана тармакты карабайлы, дээрлик жетекчилер кол алдында көзүн караган адамдардын иштешин каалашат. Туурасын, ачыгын айттың, болду душманга айланасың. Мен эч качан теңсиздикти карап унчукпай коё албайм. Менин ошол кыялым аларга жакчу эмес. Ал эми Америкада өз ишиңдин көзүн жакшы билген адис болсоң, сени айга-күнгө теңеп бардыгына жолуңду ачып, жардам беришет экен. Мыйзам бул жакта 100 пайыз иштейт. Адамдардын жашоосу үчүн керектүү шарттар өтө дыкаттык менен иштелип чыккан. Кимдир бирөө турмушунда кор болсо, ага өзү гана күнөөлүү. Кыргызстандагыдай жетекчилерге кор болуп, алардын курмандыгы болуу деген маселе жок.

– Америкага барганы дароо жумуш таап, иштеп кетпесеңиз керек.

– Эки күндөн кийин курбум бала баккыч кылып жумушка орноштуруп салды. Армян улутундагы эки айлык эгиз кыздарды бактым. Алардын ата-энеси Америкага кичинекей кезинде келишиптир. “Иштей албайсың го” деп курбуларым күмөн санап жүрүштү. Америкага 52 жашымда бардым. Чындап келсе өз кыздарымды кандай чоңойтконумду унуткан кезим эле. Бирок кыйналган жокмун. Бул жактагылардын балдары да башкача. Бизге окшоп кечке көтөрүп уктатуу же алдына алуу деген жок. Тамагын берип, алдын кургактап жаткызып коймой. Кыздардын уктап эле жаткан кездери болчу, мен да алар менен кошо уктап жатып, кантип көнүшүп кеткенимди билбей калдым. Аларды 1 жыл 2 ай бактым. Кетерде таштап кете албай аябай кыйналдым. Ушунча көнөт экенсиң, унута албай эстеген сайын жүрөгүм ооруп кыйналчумун. Өзүм неберелүү болгондон кийин анан унуттум.

– Бала багуучудан кийин кайсы кесиптерде иштедиңиз?

– Андан кийин Манхеттенде италиялык ишкердин ресторанында жана чиркөөдө хордо ырдап иштедим. Кийин тамак-аш дүкөнүндө колбаса саткан бөлүмүндө эмгектендим. Ээси ишке аларда “мекениңде кесибиң ким эле?” деп сурап жатпайбы. “Ырчы, музыка мугалими болчумун” десем, алгысы келбей жатып “мейли, эми иштеп көр, анан билинет” деп койду. Колбаса, сырларды машина менен кескенди көргөзүштү, шар эле үйрөнүп кеттим. Кожоюн “камерадан колбаса, сыр кескениңизди карап турдум, ырчы эмес эле, өмүр бою ушул иште иштегендей ой калтырдыңыз” деп таң калды. Азыр үйдө неберелеримди карайм, вокалдан сабак берем. Кээ бирөөнүн үйүнө барам, айрымдары үйгө келишет. Анан чиркөөдө хордо ырдайм.

– Ал жак менен биздин өлкөдөгү маянаны салыштыруу мүмкүнбү?

– Албетте, мүмкүн эмес. Бул жакта эки күндүк алганым, Кыргызстанда бир ай ырчы жана алпаруучу болуп бир жарым ставка менен алган маянама тең келет.

– Тилден кыйналган жоксузбу?

– Америкада 20-30 жыл жашап англис тилин үйрөнбөгөндөр көп. Көбүнчө 50 жаштан өтүп калгандар окушпайт деле экен. Мен 52 жашымда келдим, колледжде 2 жыл англис тилин үйрөнүп окудум. Америкада жашап англисче билбегеним мен үчүн уят деп эсептедим. Кээ бир тааныштарым, “ой, кыйын, окуй албайсың, биз да окуп, анан таштап салганбыз” деп көп айтышты. Ооба, абдан кыйналдым. Азыр окусам, азыр жок. Жарым жылча мээме бири кирсе, бири чыгып кетип жүрдү. Анан акырындап баары ордуна келди. Элдин сөзүнө кирип таштап салбаганыма абдан сүйүнөм.

– Маектешкениңизге рахмат, мекениңизден, тууган-уруктан алыстасыз, жакшы жүрүңүз. Ишиңизге ийгилик.

"Ушул жайда мекениме барып неберелеримди АКШга алып келдим".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Nanei
2018-11-27 09:23:13
Азамаааааттттт!!!
+10
taalay25
2018-11-27 10:33:48
Чиркоодо хордо ырдаймын дейт не баптист болуп кетипби?
-11
ady-88
2018-11-27 12:17:05
taalay25,чиркоодо ырдаса эле баптист болуп кетеби, мумкун чиркоодо бир келишим тузуп анан ырдап жаткандыр албетте Бекер эмес.
+15
taalay25
2018-11-27 19:02:32
ady-88,чиркоодо жалан диний ырлар ырдалышын билбейсинби? Ал жерге азан айтканы кирбегендир?
+2
Zaina
2018-11-29 05:34:47
taalay25,оперный ырларды ырдашат
-4
Kymbatym
2018-11-28 20:47:58
taalay25,христиандар баптист эмес баптист деп кудайга ишенбегендерди айтат чиркө христиандардын сыйынуучу үйү
+1
Fresh_hit
2018-11-27 14:44:53
Бермет эжеке эң сонун аялсыз. Сизди филармонияда 3-кабаттан көргөм. Ырас эле кылыпсыз. Филармионияга башкалары камалып олтура берсин. Мына сиз Американы багынтыпсыз. Эже бар болуңуз!
+5
Akylai_aktan
2018-11-27 21:51:07
Эже аябай күчтүү аял экенсиз.Кыргыздар ушинтип бири -бирибизди артка тартканыбыз өкүнүчтүү.Замир агайдын жоругу -ХХХХ
+2
Aibyikem
2018-11-28 01:15:08
Уну таптаза операга дал келген чыныгы талант болчу. Мекенден алыстап кеткени окунучтуу.
+3
Nurgazy80
2018-11-28 19:18:37
Замирбек Үсөнбаев начар адамбы ошондо? Төкмө акын ушундай адамбы деп ойлобогом.
+4
s.sweet
2018-11-30 09:49:22
Замирбек Усонбаев аман эле болунуз
-1
orxidey
2018-12-03 14:16:35
Азаматсыз аябай чечкиндуу аялсызго мына мен 2 жылдан бери Италияга кеталбай журом.
+1
PeRa
2018-12-03 19:30:23
Ошончо алганы менен квартира ,тамак-аш кымбат да, ошолорду эсептебей эле мактана бересинерби. Бироонун жеринде султан болгуча...
0
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан