Жашоону жөнөкөйлөткөн BALANCE

Техниканын заманы үстөмдүк кылып, анын арты менен адамзатынын жашоосун бир кыйла жеңилдеткен кызматтар жаралып, жаңыланып жаткан учур. Кечээ жакында эле кайсы бир кызмат акысын төлөө үчүн учу-кыйыры көрүнбөгөн кезек күтүүгө туура келчү. СТОП! Бүгүн андай эмес. Beeline уюлдук оператору өз абоненттерине Balance уюлдук капчык кызматын иштеп чыгуу менен алардын жашоосун бир кыйла жеңилдетти десек жаңылышпайбыз.

 

«BALANCE – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭҢ ПОПУЛЯРДУУ УЮЛДУК КАПЧЫК»
1 жыл мурун ишке кирген Balance уюлдук капчыгы кандай натыйжаларга жеткени, абоненттердин көңүлүн кантип таба алганы тууралуу Beeline компаниясынын санарип жана финансы кызматтарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Константин Махеня маалымат берди:
-Биз ар дайым абоненттерибизге жеңил, оңой, ыңгайлуу кызматтарды сунуштаганга аракет кылабыз. Мындай аракетибиздин дагы бир мисалы катары 2017-жылдын октябрь айында ишке кирген Balance уюлдук капчыгын айтсак болот. 1 жыл аралыгында биз эмнеге жетиштик? Бул аралыкта уюлдук капчык кызматын 350 миң адам колдонду. Биздин уюлдук капчык учурда абоненттердин суроо-талабына ээ Кыргыз өлкөсүндөгү эң популярдуу кызмат экенин бул көрсөткүч далилдейт.
Мындан сырткары App Store, Google Play интернет дүкөндөрүнүн тиркемелер рейтингинде ТОП-1де турабыз. Кыргыз өлкөсүндөгү уюлдук операторлордун ичинен биздин компания алгачкылардан болуп банктар менен биргеликте иш алып барып, банк карттарын чыгардык. Башкача айтканда, уюлдук капчыктан башка банктагы картаңызга каражат которуп же, тескерисинче, банктагы эсебиңизден уюлдук капчыкка акча которо аласыз. Ошондой эле картаңыздагы акчаны өлкөдөгү бардык банкоматтардан комиссиясыз накталай түрүндө колго алсаңыз болот.
Дагы бир баса белгилечү жагдай, Balance уюлдук капчыгы көптөгөн кызматтардын акысын комиссиясыз төлөөгө мүмкүнчүлүк берген өлкөдөгү жалгыз тиркеме. Жалпылап айтканда, биз өзүбүздүн кардарларга ар кандай керексиз тиркемелерди сунуштабастан, алардын ой-пикирин угуп, пайдалуу, жашоосун жеңилдетүүчү кызматтарды иштеп чыкканга аракет кылабыз. Биздин максат – абоненттердин каалоосун реалдуулукка айлантуу.

«БАРДЫГЫ ЖӨНӨКӨЙ»
Бул кызматтардын баарын колдонуу жөпжөнөкөй. Телефонуңузга Balance.kg тиркемесин көчүрүп, катталасыз да, телефонуңузга бирдик жүктөп, андагы эсеп менен сизге керектүү кызматтарды колдоно бересиз. Balance уюлдук капчыгы аркылуу ыңгайлуу кызматтарды гана колдонбостон, ар кандай бонустарга ээ болуп, акцияларга, кайрымдуулук иштерине катышса болот.
Учурда компания «Бардыгы жөнөкөй» деген логиндин астында иш алып барууда. Бул, аты айтып тургандай эле, абоненттер үчүн жөнөкөй, так, ачык-айкын, жеңил, түшүнүктүү, негизгиси карапайым калкка жеткиликтүү кызматтарды, тиркемелерди сунуштоо дегенди билдирет. Өзгөчөлүк катары дагы бир жолу баса белгилечү кызматтар – бул Balance уюлдук капчыгы жана Leti.kg авиабилеттерди онлайн сатып алуучу тиркемесин айтсак болот.

BEELINE САНАРИП ЖОЛУНДА...
Beeline компаниясы акыркы 2 жыл аралыгында өз багытын Telecom`дон Digital`га буруп келе жатат. Компаниянын каржылык жетекчиси Акмаль Малаев FINTECH 360 (каржы жаатындагы, каржы технологиясындагы жаратмандардын форуму) эл аралык жыйынында Beeline кантип Digital компанияга айланганына токтолду. Акмаль Малаев өз сөзүндө Кыргыз өлкөсүндөгү санариптик кызматтардын өнүгүшүнө, интернеттин таралышына себепчи болгон негизги багыттар тууралуу маалымат берди. Ал кыргызстандыктардын инновацияларга даяр экендигин жогору баалап, муну Кыргыз жергесиндеги сөз эркиндигине, кичи жана орто ишкердиктин өнүккөндүгүнө жана ачык экономикага байланыштырды. «Глобалдык санариптештирүү биздин жашообуздун көпчүлүк бөлүгүнө таасир этет. Анын ичинде телекоммуникациялык компаниялар дагы бар. Биз рынок сунуштаган салттуу кызматтарга көз салып турабыз. Мындан улам компаниянын трансформацияланышы, IT-индустрияга өтүшү колдонуучулардын суроо-талабынан улам жаралууда»,- дейт Малаев.
Ошондой эле Beeline`дын каржылык жетекчиси компаниянын учурдагы ишмердүүлүгү – жаңы кызматтарды, тиркемелерди иштеп чыгып, колдонуучуларга жеңилдиктерди түзүүгө багытталганын белгилеп, буларга токтолду:
«Республикадагы калктын, тагыраагы, калктын көпчүлүгүнүн банктык кызматтарды колдонууга шарты бар деп айтууга болбойт. Акчасын бир эсепке которуу менен сатып алууларды жүргүзө албаган калк көп отурукташкан аймактар, соода түйүндөр эмдигиче бар. Биз ушул шарттарды эске алып, бир нече тиркемелерди иштеп чыктык. Мисалы, Balance.kg уюлдук тиркемеси аркылуу бардык төлөмдөрдү жүргүзсө болот. Балансты толуктап, андагы эсеп менен коммуналдык кызматтарды, сатып алууларды ишке ашыра алат. Бул тиркеменин учурда Кыргыз өлкөсүндө популярдуулугу артып, колдонуучулар тарабынан эң көп жүктөлүүдө».
Акмаль Малаев компаниянын мындан аркы ишмердүүлүгүндө шеринг-экономика эрежеси менен инфраструктураны түзүү, өлкөдөгү санариптик экочөйрөнү өнүктүрүү бар экендигин кошумчалады.

ЖЕҢИЛДИКТЕР ЖАНА ДА ЖЕҢИЛДИКТЕР
Эгерде сиз дагы деле Balance уюлдук капчыгы кандай жеңилдиктерди сунуштаганын биле элек болсоңуз, төмөндөгү маалыматтарга көз салыңыз:

Коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн почта түйүндөрүнө барууга атайын убакыт коротпойсуз. Уюлдук капчык аркылуу каалаган учурда кызмат акысын оңой эле төлөп коёсуз.





ТВ, интернет,
түрдүү оюндар, сатып алууларды оңой жүргүзө аласыз.






Бирдик салуу
– өлкөнүн кайсы бурчунда болбо, уюлдук капчык аркылуу өзүңө гана эмес, жакындарыңа да бирдик салуу ыңгайлуу.





Насыя төлөө
– банкка барып убара болбой, телефонуңуздагы уюлдук капчык аркылуу төлөө, албетте, ыңгайлуу.



Салык төлөө
– мисалы, автоунаа салыгын төлөбөй жүрүп, мөөнөтү бүтөр акыркы күнү элдин баары шашыла жөнөшөт. Андагы кезек күтүү сааттап созулуп, бир топ ыңгайсыздык жаратат. Уюлдук капчык аркылуу бул ыңгайсыздыкты бир заматта жок кылса болот.


Тамак-аш жеткирүү кызматы
– буюртма берген тамак-ашыңызды жеткирип берүүдө кошумча акча төлөбөңүз. Balance уюлдук капчыгы жеткирип берүү кызмат акысын төлөп берет.


Киного арзан билет –
учурдун популярдуу кинолоруна 20 пайыз арзан билет алуу сонун эмеспи. Эгер билетти Balance уюлдук капчыгы аркылуу сатып алсаңыз, билет баасынын 20 пайызы кайрадан сиздин капчыкка келип түшөт. Ал үчүн Cinematica тиркемесине кирип, ал жактан каалаган кинону, сеансты тандайсыз да, Balance уюлдук капчыгы аркылуу төлөө деген баскычты басасыз. Болду, арзан билет колуңузда.

АЛДЫДА ЖАҢЫ ЖЫЛ ЖАНА ЖАҢЫ БЕЛЕКТЕР
Жаңы жыл майрамы күндөн-күнгө жакындап келе жатат. Бул майрамды утурлай Beeline компаниясы өз абоненттерин кубантууну улантат. Башкача айтканда, сиздерди жаңы акциялар, белектер жана жаңы мүмкүнчүлүктөр күтөт. Кандай белек дейсизби? Аны жакында биле аласыз...

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nazarnew
2018-11-27 16:19:18
Мен түшүнбөдүм баланс кж жакшыбы или элсомбу?
0
KENEWBEK88
2018-12-03 01:14:30
Конечно баланс кж жакшы! Чынын айтсам ушул балан кж дан мен жаакшы бир машнеге иштеп алдым, биринчи чыкканда которгон единицаңа упай ( бонус ) берет эле, аны мен 100 сомго 360 минут бир айга бекер сүйлөшөсүн деп 4 миң акчаны ага салып кайра өзүмө салсам эле 800 бонус берилет, ошентип жүрүп 5 ай иштедим, кийин токтоп калды
0
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан